Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Изилдөө: түркмөнгө караганда кыргыз бактылуу


Секелектер Чикагодогу кыргыз коомунун борборунда.
Секелектер Чикагодогу кыргыз коомунун борборунда.

20-мартта Эл аралык бактылуулук күнү белгиленди. Аны утурлай Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жыл сайын бактылуу мамлекеттердин тизмесин жарыялайт. Быйылкы тизменин башына экинчи жыл катары менен Финляндия чыкты. 156 өлкөнүн ичинен Кыргызстан мурдагы ордунан жогорулап, 86-сапта турат.

Экинчи жыл катары менен жашыл токойлуу жарым аралда жайгашкан Финляндия дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды. БУУ жарыялаган бактылуу өлкөлөрдүн сап башынан бир топ жылдардан бери Скандинавия мамлекеттери түшпөй келишет. Дания менен Норвегия быйыл экинчи, үчүнчү орундарды ээлешсе, алгачкы ондукта Швейцария, Канада жана Жаңы Зеландия да бар.

Бактылуулуктун деңгээлин аныктоодо алты фактор эске алынган. Алар: ички дүң өндүрүмдүн жан башына бөлүнүшү, жашоонун узактыгы, кайрымдуулук же берешендик, социалдык колдоо, эркиндик жана маанилүү чечимдерди кабыл алуудагы коррупциянын деңгээли. Финляндияда жашаган америкалык окутуучу Брианна Овенс чыныгы америкалык кыял дал ушул жакта табылат деп эсептейт.

"Бул жакта (Финляндияда) баары - университет, коомдук транспорт, айтор бардыгы адамдар үчүн мыкты ыңгайлашкан. Финляндияда кар абдан көп жаайт, бирок ал деле эч кимге таасир этпегендей. Медициналык тейлөө баары үчүн акысыз, мектептери дүйнөдө мыкты деп саналат, билим алуунун баасы өтө төмөн, коомдук транспорт абдан ыңгайлуу".

Дүйнөдөгү бактылуулук индекси. 20-март, 2019-жыл.
Дүйнөдөгү бактылуулук индекси. 20-март, 2019-жыл.

«Дүйнөлүк бактылуулук баяндамасы» деп аталган документти даярдоодо быйыл иликтөөчүлөр "соңку он жылдагы технологиянын өнүгүшү, жаңжалдар жана өкмөттөрдүн саясаты бактылуулуктун деңгээлине кандай таасир тийгизди?" деген суроого жооп табууга аракет жасашты.

Ал эми мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттердин ичинен Өзбекстан бактылуулук жагынан баарынан алдыга чыгып, тизмеде 41-орунду ээледи. Казакстан 60-сапка илинсе, Тажикстан 74, Түркмөнстан 87-орунда. Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга караганда жогорулаган. Тактап айтканда, 2018-жылы 90-орунда болсо, быйыл 86-орунду ээледи.

Йель университетинин профессору Лори Сантос адам бактылуу болушу үчүн спортчудай эле күн сайын машыгып турушу керек деп эсептейт.

- Бизди бирөө бактылуу кылат деген жаңылыш ой бар. Биз өз жашообузда бир нерсени өзгөртүү менен бакытка жете алабыз деп ойлойбуз.

Лори Сантос жакшы кызмат, жогору маяна, кыялдагыдай үй деле бактылуулукка көп таасир этпей турганын айтат:

- Биз өзүбүздү өзгөртүүгө көп аракет бөлгөнүбүз бул жаңылыштык, анын ордуна бизге бакыт тартуулай турган көнүгүүлөргө көп эмгек сарптообуз зарыл.

Иллюстрациялык сүрөт. 17-декабрь, 2018-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. 17-декабрь, 2018-жыл.

​Лори Сантос бактылуу болуш үчүн айрым аракеттерди күнүмдүк адатка айлантууну сунуш кылат. Мисалы, жашоого каниет кылып, уктаар алдында бир күндө болгон жакшы ирмемдерди эринбей жазып туруу, суткасына сегиз сааттан кем эмес уктоо, күн сайын он мүнөттөй медитация жасоо.

Ошондой эле профессор адам өзүн бактылуу сезиш үчүн достору менен жакындарынан убакыт аябашы керек жана соцтармактарда көп убакыт өткөрбөшү абзел деп эсептейт.

Сантостун “Психология жана бактылуу өмүр” деген сабагы Йель университетиндеги эң популярдуу курстардын бири.

Бактылуу мамлекеттердин тизмесин Улуттар Уюму 2012-жылдан бери жарыялап келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG