Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

"Бактылуулук индекси": Кыргызстан 90-орунда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финляндия - дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө. Мындай жыйынтык 14-мартта жарыяланган Бириккен Улуттар Уюмунун “Дүйнөлүк бактылуулук индекси” боюнча баяндамада айтылат. Дүйнөнүн бактылуу адамдар жашаган өлкөлөрүнүн сап башында Норвегия менен Дания да турат. Ал эми бул индексте 156 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 90-орунга илинген.

Улуттар Уюму 20-мартта белгиленчү Бүткүл дүйнөлүк бакыт күнүн утурлай “Бактылуулук индексин” жарыялады. Бул жолу да жылдагыдай эле дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар жашаган мамлекеттер катары Скандинавия өлкөлөрү таанылды. Болгону бул аймактагы өлкөлөрдүн орундары гана алмашты.

Маселен, бактылуулук жаатында былтыркы лидер Норвегия быйыл экинчи орунга түшүп, ал эми тизменин башына 2017-жылы бешинчи орунда турган Финляндия чыкты. Фин баш калаасы Хелсинкинин тургундары мындай жыйынтыкты кубануу менен кабыл алышты.

- Биздин саясат жана биздин экономика мыкты. Финдляндияда калктын бактылуу жашашына өбөлгө болгон мыкты шарттар түзүлгөн деп ойлойм, - дейт София Холм.

Эне-бала. Иллюстрациялык сүрөт.
Эне-бала. Иллюстрациялык сүрөт.

Мурдагы жылдардан айырмаланып, жаңы рейтингде тизмеге кирген 156 мамлекеттин ичинен 117 өлкөдөгү мигранттардын бактылуулук индекси да аныкталган. Баяндамадагы жети бөлүмдүн бешөөндө мигранттардын жашоо-турмушу талданат. Анда жалаң эле тышкы эмес, ички миграцияга да көңүл бурулган. Бул жагынан алганда Финляндияда жергиликтүүлөр да, келгиндер да өзүн бактылуу сезишери аныкталган.

Авторлордун жазганына ишенсек, мигранттардын бактылуулугу каржы маселесинен эле көз каранды эмес. Алардын бактылуулугуна бийлик көрсөткөн социалдык камкордук абдан таасир этээри аныкталган.

​Дүйнөнүн бактылуу адамдары жашаган алдыңкы он орунга Дания, Исландия, Швейцария, Канада, Жаңы Зеландия, Швеция жана Австралия кирди.

Кошмо Штаттар төрт позицияга төмөн түшүп, 18-орунга илинди. Иликтөөгө катышкан Колумбия университетинин профессору Жефри Сакс мунун себебин социалдык кризиске жана коомдук саламаттыктын начарлашына байланыштырат.

- АКШда социалдык турмуш жана саламаттык сактоо жаатында кризис байкалат. Социалдык кризис дегеним - бул теңсиздиктин күчөшү жана бийликке болгон ишенимдин азайышы. Ал эми коомдун саламаттыгын алсак, баңгизат эпидемиясы, ашыкча салмак жана депрессия чоң кризиске алып келүүдө.

“Дүйнөлүк бактылуулук индексин" Улуттар Уюму 2012-жылдан бери жарыялап келет. Аны түзүүдө негизги критерий катары өлкөдөгү социалдык шарттар, мамлекеттин камкордугу, өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн деңгээли, орточо өмүр узактыгы, эркиндик, жарандардын кирешеси, коррупция сыяктуу жагдайлар эске алынган.

"Бактылуулук индексинде" Кыргызстан 90-орунда.
"Бактылуулук индексинде" Кыргызстан 90-орунда.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандын көрсөткүчү көңүл жылытпайт. Тактап айтсак, Өзбекстан 44-орунда, Түркмөнстан алтымышынчы, Тажикстан сексенинчи, ал эми Кыргызстан токсонунчу орунга жайгашкан. Бирок былтыркыга салыштырмалуу сегиз орунга жогорулаган.

Быйыл эң чоң секирикти Африкадагы Того мамлекети жасады. 2015-жылы тизменин аягында болгон бул өлкө эки жыл ичинде 17 тепкичке көтөрүлө алган. Ал эми быйыл эң бактысыз мамлекет деп Венесуэла табылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG