Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Жокко кейибеген адам бактылуу


Иллюстрация
Иллюстрация

Америкалык окумуштуу адамдын бакыт формуласын тапканын жарыялады. Йель университетинин профессору Лори Сантос бактылуу болууну каалагандарды тынымсыз аракет кылууга чакырды.

Ар бир адам "канткенде бактылуу болом“ деп түйшөлсө керек. Эгер профессор Лори Сантос бул суроону укса, "адегенде аракет кылыш керек” деген жөнөкөй жооп узатмак.

Окумуштуунун айтымында, бактылуу жашоо да спортчулар менен музыканттар күндө машыккандай тынымсыз аракетти талап кылат:

- Айрым учурда акылыбыздын биздин пайдабызга иштебегени өкүнүчтүү. Биздин мээбиз кээде, өзгөчө бизди бактылуу кыла турган нерселерди аныктоого келгенде, иштебей калат. Айрым учурда "маянасы көп жумушка же кыялыбыздагы үйгө жетсек эле бактылуу болобуз" деп ойлоп, абдан көп аракет кылабыз. Бул жаңылыштык. Анткени бул нерселер биз күткөндөй бакыт алып келбейт. Биз өзүбүзгө көңүл бөлбөгөндүктөн туура эмес нерселерди кыялданып алабыз. Акылыбыздын адаштырганы ошол. Ошондуктан бизге илим керек. Кээ бир маанилүү суроолорго жоопту илимден гана таба алабыз, - дейт Сантос.

Лори Сантос бактылуу болуш үчүн айрым аракеттерди күнүмдүк адатка айлантууну сунуш кылат. Мисалы, жашоого каниет кылып, уктаар алдында бир күндө болгон жакшы ирмемдерди эринбей жазуу.

Бактылуу эне-бала.
Бактылуу эне-бала.

Профессордун студенттеринин бири Санчос Ноя окутуучунун кеңеши ага жардам бергенин айтты:

- Мен азыр ойлорумду ырааттап, эмоцияны көзөмөлдөгөнгө аракет кылам. Мурдагыдай "эртең мени эмне күтүп турат, кайда иштейм, кайда барам" деп ойлонбойм. Ушул мүнөт, ушул саат, ушул күн жана мени курчап турган адамдар тууралуу гана ойлонуп калдым.

Профессор Сантос жашоону сүйүш үчүн суткасына сегиз сааттан кем эмес укташ керек эсептейт. Профессордун айтымында, уйку депрессияны жоо куугандай качырып, көңүлдү көтөрүүгө жардам берет.

Бактылуу болуунун дагы бир ыкмасы - күн сайын он мүнөттөй сүкүт тартуу же башкача айтканда медитация кылуу. Сантос студент кезинде күн сайын медитация кылып, андан ыракат алганын белгилеген.

Азыр ал студенттерге медитация тууралуу илимий иштер менен таанышууну сунуштап келет. Профессор адам өзүн бактылуу сезиши үчүн достору менен жакындарынан убакыт аябашы керек деп эсептейт.

- Иликтөөгө ылайык, сиздин ички жан-дүйнөңүздү бакытка бөлөй турган бир нече эрежелер бар. Алардын бири - дос, тууган, жакын адамдарга убакыт бөлүү. Окумуштуулар айрым бактылуу адамдарды карап, убакытты эмнеге коротооруна кызыгышкан. Көрсө алар дос-курбуларына, үй-бүлө мүчөлөрүнө көп убакыт сарптайт экен. Алар керек болсо жөн гана бейтааныш адамдар менен да көп сүйлөшөрү маалым болду. Маселен, кофе жасап жаткан адам менен деле сүйлөшүп кетиши мүмкүн. Иликтөөлөр көрсөткөндөй башка адамдар менен көп убакыт өткөрүү, алар менен сүйлөшүү бакытка бөлөйт.

Сантос Интернеттеги социалдык тармактарга убакытты аз бөлүп, башкалар менен көп баарлашууга чакырат.
Сантос Интернеттеги социалдык тармактарга убакытты аз бөлүп, башкалар менен көп баарлашууга чакырат.

​Сантос жашоону Интернет менен чектебей, адамдар менен көзмө-көз баарлашууга чакырат.

Лори Сантостун “Психология жана бактылуу жашоо” деген сабагы -бүгүнкү күндө Йель университетинин тарыхындагы эң популярдуу курстардын бири.

Жумасына эки жолу боло турган бул сабакка катышкан студенттердин саны 1200гө жеткен. 316 жылдык тарыхы бар Йель университети үчүн мындай жыйынтык мурда-кийин болгон эмес. Профессордун дарсына кызыккандар көп болгондуктан ал "Coursera.org" сайтында колдонуучулар үчүн бекер жайгаштырылган.

P/S Бириккен Улуттар Уюмунун “бактылуулук индекси” боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө 2017-жылы Кыргызстан 2016-жылга салыштырганда 14 позицияга артка кеткен, башкача айтканда 155 мамлекеттин ичинен 98-орунга түшкөн.

"Азаттыктын" архиви: Сиз бактылуусузбу? 21-март, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG