Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Кыргызстан-Түркия: карантиндеги трагедия


Стамбулдагы карантин абалы.
Стамбулдагы карантин абалы.

Кыргызстанда туулуп-өскөн жана коронавирустан дарыланып чыккандан кийин өз өмүрүн кыйган Касым Алиевдин сөөгү Түркияда 19-апрелде жерге берилди. Ал 10 жылдан ашык Түркиянын Билежик аймагында туруктуу жашап жүргөн.

Кыргызстанда туулуп-өскөн, Түркиянын Билежик аймагына караштуу Карагач айылында жашап жүргөн 66 жаштагы Касым Алиевге 10-апрелде коронавирус деген диагноз коюлуп, Билежик мамлекеттик ооруканасына жаткырылган. Жети күн дарыланган соң Касым Алиев үй карантинине жөнөтүлгөн. Ал 17-апрель түнү өзү жашаган үйүндө муунуп каза болгон. Карагач айылынын башчысы Мехмет Шимшек буларды айтып берди:

«Бул үй-бүлө 12 жыл мурун Кыргызстандан биздин Карагач айылына көчүп келип, отурукташып калган. Айылда үйү, мал чарбасы бар. Касым Алиевдин артында эки уулу калды. Алар Түркиянын жарандары. Бирок өзү түрк жарандыгына документтерин тапшырып күтүп жатканын билем. Айылыбызда Алиевдердин үй-бүлөсү коронавируска байланыштуу толугу менен карантинге алынган. Мен ыраматылык Касым ооруканадан чыккан күнү барып сүйлөшкөм. Жакшы эле болчу. Көрсө коронавирустан улам оор депрессияда экен. Ооруканадан чыккан түнү короого барып муунуп калыптыр. 19-апрелде жаназасына көп киши деле келе алган жок».

Каза болгон Касым Алиевдин уулдары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анткени Түркияда коронавирус диагнозу коюлган бейтаптардын жакындарына маалымат таратууга тыюу салынган. Ал эми Стамбулдагы башкы консулдук Касым Алиевдин Кыргызстанда туулуп-өскөнүн жана бир жыл мурун түрк жарандыгына документ тапшырганын тастыктады. Ошондой эле консулдук Түркияда коронавирус илдетине чалдыккан кыргызстандык жарандар катталбаганын маалымдады.

19-апрелде Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны эки миң кишиге жетти. Ал эми коронавирус жуккандар 86 миң кишиге жетип, статистика боюнча Түркия Иран менен Кытайдан ашты. Коронавирустан айыгып чыккандардын саны 12 миң адамга жетти.

Түркиялык психолог Хажы Текин дал ушул COVID-19 вирусунан айыгып чыккан түркиялык бейтаптар менен тыгыз байланышта иш алып барат. Ал ооруканадан чыккан бейтаптар физиологиялык саламаттыгына караганда психологиялык жактан оор травма аларын баса белгиледи:

«Коронавирустан айыгып чыккан ар бир бейтап стресс абалында болот. Алар бул илдет денесине жабышып чыкпай калгандай сезишет, башка жакындарына жугузуп алуудан коркушат. Менин оюмча каза болгон Касым Алиев да ушундай депрессияга кирген. Үй-бүлөсүнө жугузуп алгандан корккон. Коронавирус тууралуу социалдык медиада, массалык маалымат каражаттарына чыккан ар түрдүү маалыматтар элдин психологиясын толук бузду деп айта алам. Көбүбүз коркок же агрессивдүү болуп баратабыз. Мындай абал уланса коомго чоң залакасы тиет деп ойлойм».

Түркияда COVID-19 илдетин жугузуп алгандар алгач 11-мартта катталган. Андан бери өлкөдө мектептер, коомдук жайлар жана айрым ишканалар толугу менен жабылган.

27-мартта Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында бардык эл аралык каттамдарын токтоткон. Аймак аралык автобус каттамдары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.

Ал эми 2019-жылы Түркияда 40 миңден ашык месхет түрк жарандыгын алган. Дагы 20 миңден ашыгы жарандык күтүп жатканы белгилүү. Месхет түрктөрү өз мекендерине 1990-жылдан баштап Кыргызстандан, Грузиядан, Орусиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан көчүп келе башташкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG