Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Быйыл Анталияда иштечү мигранттар азаябы?


Анталиядагы мейманканалардын бири.
Анталиядагы мейманканалардын бири.

Ушул тапта Түркиянын мейманканалары 2020-жылдын туристтик сезонуна даярдык көрө баштады. Бирок түрк иш берүүчүлөрү мигранттардын айлык акысын жөнгө салган жаңы мыйзамга байланыштуу чет өлкөлүктөрдү ишке алуудан баш тартышууда.

Жаңы жылдан тартып Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлиги өлкөгө эмгек визасы менен иштегени келген чет өлкөлүктөрдүн айлык акысын жана Социалдык фондго төгө турган төлөмдөрдү жогорулаткан мыйзам кабыл алды. Бул мыйзамга ылайык 2020-жылы үй кызматында иштеген мигранттардын минималдык айлык акысы 400 долларга жакын, ал эми мейманканаларда эмгектенген чет өлкөлүктөрдүкү болжол менен 570 доллар болушу керек. Мындай айлык акыны расмий эмгек визасын алган мигранттар гана талап кыла алышат.

Чет өлкөлүктөрдүн айлык акысын көбөйтүүгө милдеттендирген жаңы мыйзам жыл сайын миңдеген мигранттарды жумуш менен камсыз кылган Анталиядагы мейманканалардын жетекчилерин ойлонтпой койгон жок. Анткени апрель айында башталчу туристтик сезонго январдан баштап жумушчуларды кабыл ала башташат.

Анталия шаарындагы «Лина консалтинг» агенттигинин жетекчиси Халук Атлы быйыл иш берүүчүлөр чет өлкөлүк мигранттардан баш тартат деп болжоп турат.

- Бул мыйзамдын залакасы абдан тиет, - деди ал. - Айлык акысын гана көтөрүп тим болбостон, иш берүүчү ар бир мигрант үчүн ай сайын түрк Соцфондуна төлөмдөрүн кымбат бериши милдеттүү болуп калды. Көп мейманканалар чет өлкөлүк мигранттарды алуудан баш тартып жатышат. Былтыр 100 мигрант иштеткендер быйыл 50, ал эми 50 кишини иштеткендер такыр эле албайбыз деп жатышат. Ушундай маселелер көп.

Жаңы жылды утурлай Бишкектен Анталияга иштегени кетмек болгондор агенттиктерге кайрыла башташат. 80ге жакын агенттик Түркиядагы мейманканалардан келген талаптарга ылайык жумушчуларды жөнөтөт. Бишкек шаарындагы Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктер ассоциациясынын жетекчиси Шерболот Обозов Түркияда иштегиси келгендерге талап катуу болуп жатканын баса белгиледи:

- Жылдагыдай эле Түркиядагы мейманканаларга кете тургандарды декабрдан баштап ала башташат. Бул жылы мейманканадан келген тизмелер кечигүүдө. Бирок агенттикке келип «ишке барабыз» дегендер көп. Анткени Түркия - биздин жарандар үчүн иштөөгө оптималдуу өлкө. Айлык акысы, жумуш шарттары мигранттарды канааттандырат. Мисалы, акыркы жылдары араб өлкөлөрүнөн талаптар бар, бирок ал жактагы мейманканалар чет өлкөлүктөрдөн англис, немис тилдерин жакшы билүүнү талап кылышат.

Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин статистикасына ылайык, өлкөгө 2019-жылы 43 миллионго жакын чет элдик турист келген. Анын 15 миллионго жакыны Анталия аймагындагы мейманканаларда эс алган. Жыл сайын бул аймактагы мейманканаларга түмөндөгөн мигранттар келип иштешет. Негизинен Кыргызстандан, Украинадан, Өзбекстандан жана Ооганстандан келген мигранттар эмгектенишет.

Анталиядагы «Туризм ишмерлери» бирикмесинин жетекчиси Мустафа Йахйаоглу мигранттардын айлык акысын жогорулаткан мыйзам кабыл алынса деле алардын иш шарттары өзгөрбөй турганын айтты:

- Биздин бирикмеге түрк жарандарын гана кабыл алганыбыз үчүн Анталияда иштеген айрым мигранттардын укуктарын коргой албайбыз. Анткени иш берүүчү аз акчага көп иштетип, жаман жерге жаткырып, аз тамак берип, өзү көп киреше тапкысы келет. Мигранттар андайга кайыл болуп иштеп жүрө беришет. Мейманканада иштеген мигранттардын айлыгы көтөрүлсө деле 10 саат тикесинен тик тургузуп иштете беришет. Эч кандай өзгөрүү болбойт деп ойлойм.

Ал эми жалпы Түркияда расмий 30 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын 6 миңге жакыны гана расмий эмгек визасы менен иштейт. Бирок расмий эмес туристтик виза менен иштеген кыргызстандык мигранттар миңдеп саналат. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет. Жайында Түркияда иштеген кыргызстандыктар мындан бир топ көбөйөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG