Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Түркия качкындарды Европага коё берди


Түркиянын Эдирне аймагынан Грекияны көздөй келаткан качкындар тобу. 1-март, 2020-жыл.
Түркиянын Эдирне аймагынан Грекияны көздөй келаткан качкындар тобу. 1-март, 2020-жыл.

Сириялык качкындардын Европага бет алган толкуну кайра жанданды. Миңдеген адам Түркия аркылуу өтүп, Грекия менен Болгариянын чек арасына тирелди. Евробиримдик аларды ичкери киргизбөөгө аракеттенүүдө.

Түркия менен Грекиянын чек арасы аркылуу Евробиримдикке кирип барууну эңсеген жүздөгөн качкындын алды тикенек зым, жаш агызчу газ менен тосулду. Жөө-жалаңдап чек арага жете келгендер колуна тийген таш-кесек менен жооп беришти.

«Көп сандаган полиция жана офицерлер бул жерге келишиптир. Алар өтмөктү ачып коёр бекен үмүтүбүз өчүп баратат. Биз Бириккен Улуттар Уюмун маселеге киришип, бизге жардам берүүгө чакырабыз. Анткени бул жердеги кырдаал мышык ыйлагыдай», - деп сириялык Ахмад Абдулла аттуу 24 жаштагы жигит журналистке жооп берип жатып.

Мохаммед Али Билал аттуу жашыраак жигит анын сөзүн мындайча ырастады:

«Биз баары бир кайтпайбыз. Биз ары өтөбүз деп көшөрө беребиз. Анткени тиякта мындан ары жашай албайбыз. Иштеп акча таба албайбыз, мектепке бара албайбыз. Эч нерсе кыла албайбыз. Жашоонун маңызы кетти».

Грекиянын аймагына Түркиядан деңиз аркылуу келгендер да бар.
Грекиянын аймагына Түркиядан деңиз аркылуу келгендер да бар.

«Reuters» агенттиги тарткан видеодон качкындардын көбү жаштар экенин баамдоого болот. Арасында кичине балдар да бар.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 1-марттын таңына карай 76 миңден ашуун адам Грекия жана Болгария тараптагы чек арадан өткөнүн «Твиттерге» жазды.

Анча киши чек арасына келгенин София да, Афины да бышыктай элек. 1-мартта Болгариянын бийлиги бир да адам ичкери киргизилбегенин билдирсе, коргоо министри Красимир Каракачанов «кырдаал тынч» деди.

Бирок Евробиримдиктин тышкы чек араларын караган «Фронтекс» агенттиги Грекияга кошумча аскер жана жабдуу жөнөттү.

«Түркия менен бардык чек аралардагы айгай деңгээлин жогору көтөрдүк», - деп билдирди жекшембиде «Фронтекстин» басма сөз катчысы «France-Presse» агенттигине.

Евробиримдик өлкөлөрүнүн тийиштүү министрлери 2-мартта чукул жыйын өткөрүшү күтүлүүдө.

Идлиб.
Идлиб.

2016-жылы Брюссел менен Анкара качкындар маселесинде мунасага келген. Ага ылайык, Түркия миллиондогон сириялыктарды өз аймагында убактылуу баш калкалатып, Батышка өткөрбөй турмак. Бул үчүн Евробиримдиктен каржылык жардам алмак болгон. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган ишембиде бул убада аткарылбаганын айтты:

«Европа Биримдиги сөзүнө турушу керек. Биз мынча качкынды багып, кам көрө албайбыз. Эгер силер калыс, чынчыл болсоңор, анда силер да бөлүшкүлө. Болбосо биз бул эшиктерди ачабыз».

Негизи эле Түркия сириялыктар үчүн Евробиримдик тараптагы дарбазаларын ачарын өткөн бейшембиден бери ачык билдирип келет.

Акыркы жумаларда Сирияда кырдаал курчуп, атышуу күчөдү. Натыйжада Түркияны көздөй качкандар көбөйүүдө.

Сирия президент Башар Асаддын өкмөтү куралдуу оппозициянын акыркы таянычы болгон Идлиб провинциясына сокку уруп жатат. Асадга Орусиянын аскерлери көмөк көрсөтүүдө. Ал эми Түркия оппозицияны жактайт.

Түркия өз аймагына чектеш Идлибди террорчу топтордон тазалоону негиз кылып аскерин киргизген.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

«Кечээ урматтуу Путинге да айттым. Ал жерде сиздин эмне ишиңиз бар? Эгер сиз ал жакта база түзгүңүз келсе, түзө бериңиз. Бирок биздин жолдон качыңыз да бизди режим менен өзүбүзчө калтырыңыз. Биз режимге эмне кылыш керек болсо ошонун баарын жасайбыз», - деди Эрдоган ишембиде.

Андан бир күн өтпөй түрк бийлиги Сирия армиясынын эки аскер учагын атып түшүрүп, 100 танкын, абадан коргонуу системасын жок кылганын билдирди. Бул акыркы жумаларда салгылашта Асаддын соккусунан мерт болгон 33 түрк жоокери үчүн жооп болгону белгиленди.

Чыңалуу качан жазылып, атышуу качан токтору али белгисиз.

Ушул аптада түрк жана орус президенттери жолугуп, Сириядагы кырдаалды талкуулары күтүлүп жатканын Кремлге таянып «Интерфакс» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG