Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:29

Сирияга кеткен кызын күткөн ата


Сирия.
Сирия.

Сузактын тургуну 25 жаштагы кызын жана эки небересин Сириядан алып келүүгө жардамдашууну өтүнүп, бийликке кайрылды. Ал бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик админстрациясындагы жыйын учурунда билдирди.

Мындан сырткары уулу Сириядагы согушта каза болгон ата-энелер да коомчулукка кайрылып, жаштарга көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин белгилешти. Кыргызстан коңшу мамлекеттерден айырмаланып, азырынча Сирия менен Иракта качкындар лагерлеринде отурган өз жарандарын алып келе элек.

Төрт баланын атасы, Сузактын тургуну Зияйдин Чырмашев Сириядагы кызы менен неберелерин кайтарууга жардам сурап, мамлекет менен коомчулукка кайрылды. Чырмашев учурунда 19 жаштагы кызы башка адамдын азгырыгы менен Сирияга кеткенин айтып, аны кечирүүнү коомчулуктан суранды.

Зияйдин Чырмашев.
Зияйдин Чырмашев.

«2014-жылы шартка байланыштуу Орусияга иштеп келүү максатында кеткем. Тун кызым Мамурахан ошол жылдары Жалал-Абад шаарындагы медициналык коллеждин 2-курсунун студенти эле. Мартта окуу жайынан телефон чалышып, «Мамурахан окууга келбей жатат» деп билдиришти. Сузактагы үйгө чалсам, анын дайынын таппай жатышыптыр. Укук коргоо органдарындагы тааныштарым аркылуу кызым 20-мартта Ош-Стамбул багыты боюнча учак менен өлкөдөн чыгып кеткенин билдик. Ошентип арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин гана кызым менен социалдык тармактар аркылуу байланышып, ал Сириянын Ракка шаарында жашап жатканын айтты. Ага жигити Авазбек акча которуп, Түркияга чакыртып алганын айтты», - деди ал.

Сузак районунда өткөн жыйын.
Сузак районунда өткөн жыйын.

Кызын алты жылдан бери күткөн ата аны кайтара албай убара болуп жүрөт. Акыркы жолу кызы бир ай мурда атасынан жардам сурап чыгыптыр.

«Акыркы жолу Мамурахан менен 26-январда байланыштык, - деп сөзүн улантты ал. - Эки кызы менен ал Сириянын аймагынан чыгып, Түркияга жакын жердеги качкындар лагеринде турганын билдирди. Кызым балдарынын тамак-ашына акча керек болуп жатканын айтты. Ал жөнөткөн эсепке бир аз акча котордум. Неберелеримди алып кызым Кыргызстанга кайтууга даяр болгону менен ал жактан чыга албай жатышат. Мамлекет аларды кайтарууга чара көрсө деп суранат элем».

Диний экстремизмдин алдын алуу багытында Сузакта уюштурулган жыйында балдары Сирияга кетип калган башка ата-энелер да сөз алып, коомчулукту диний экстремизге каршы күрөшүүгө чакырышты. Жыйынга Сузак районунун акими баштаган жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана 300дөй жергиликтүү тургун катышты.

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров исламдын жихад түшүнүгүн айрым экстремисттик топтор туура эмес колдонуп, бүтүндөй дүйнөгө жаманатты кылып жатканын белгиледи:

Абдулазиз Закиров.
Абдулазиз Закиров.

«Бүгүнкү күндө «жихад» терминин террористтик көз караштагы уюмдар бурмалап, коомчулукка жана дүйнөгө терс көрсөтүп койду. Пайгамбарыбыз «Жихад - бул ар бир адамдын өзүнүн напсиси менен күрөшү» деп айтты. Инсан өзүн жашоодо жакшы жагына оңдош керек. Адеп-ахлакка, жүрүм-турумга, мамилеге жана ыймандуулукка карай күрөш да чоң жихад. Исламдын эң чоң принциби башчыга моюн сунуудан башталат. Ошондуктан жихаддын максаты чындыкка жардам берүү, зордук-зомбулукту жоюу, тынчтыкты орнотуу болуп эсептелет. Эгер биз жакшы жашоону максат кылсак, анда биринчи кезекте тынчтыкты сакташыбыз керек».

Облустук милициянын маалыматына ылайык, быйыл январь айында эле аймакта диний экстремизге байланыштуу тогуз факт катталган. Өндүрүштөн токтотулган бир иштен башкасы боюнча сотко чейинки тергөө уланып жатат. Облус аймагынан ушул кезге чейин Сирияга 116 адам кетсе, алардын жүзгө жакыны Сузак районунан. Былтыр бир адам сүйлөшүү жолу менен алынып келген жана анын иши сотто каралууда. Жалпысынан 12 адам Кыргызстанга кайтып келген.

Сузак районунун акими Эрмек Омошев экстремизм менен күрөштө элден жардам сурады:

Эрмек Омошев.
Эрмек Омошев.

«Силер эл арасында жүрөсүңөр, диний экстремизм, терроризм боюнча кандай гана сөздөр болбосун биринчи кезекте бизге жана укук коргоо органдарына билдиришиңер керек. Бул балдарыбыздын жана үй-бүлөбүздүн тынчтыгы үчүн зарыл. Андай адамдарга толугу менен бөгөт коюшубуз керек. Мечиттерде жума намазда ар бир адамдын жүрөгүнө мээрим толтурушуңар керек. Бул залдан чыккан соң айтылган сөздөр ушул жерде калбай, башка тааныштарга жана туугандарга да жеткиргиле».

Буга чейин кыргыз өкмөтү кыргызстандыктарды жана алардын балдарын алып келиш үчүн эл аралык уюмдар жана Сириянын бийлиги менен кызматташуу уланып жатканын билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, Сирия менен Ирактагы террордук топторго ар кандай жолдор менен кошулуп калган кыргызстандыктардын саны 800гө жетет. Алардын көбү диний ишенимден, айрымдары акчага азгырылып экстремисттик топторго кошулуп калганы айтылып жүрөт. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар. Айрымдары балдары менен кетсе, кээ бирлери ошол жакта төрөгөн.

Экстремизмдин тору, энелердин шору
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:36 0:00

Алардын арасында 200гө жакыны ошол жакта каза болгон. Учурда Ирактагы жана Сириядагы качкындар лагерлеринде отурган миңдеген кишилердин арасында кыргызстандык аялдар жана балдар бар. Былтыр Казакстан менен Өзбекстан Сирия менен Ирактагы жарандарын кайтара баштаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG