Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

АКШ президенти Түркияга опурулду


Сириянын Хасакех провинциясынын жанындагы Рас-эль-Айн шаарчасында АКШнын аскер техникасын тегеректеп турган сириялык күрддөр.
Сириянын Хасакех провинциясынын жанындагы Рас-эль-Айн шаарчасында АКШнын аскер техникасын тегеректеп турган сириялык күрддөр.

АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Түркия Сириядагы күрд кошуундарына каршы операциясынын учурунда аша чаба турган болсо, түрк экономикасын кыйрата турганын эскертти.

Ал арада Түркиянын Коргоо министрлиги Сириянын түндүк-чыгышында жүргүзө турган аскердик операцияга даярдык толук бүткөнүн кабарлады. Анкара бул аскердик жортуул Евфрат дарыясынын чыгышына 2 миллион качкынды жайгаштыруучу коопсуздук аймагын түзүш үчүн жасалып жатканына ишендирүүгө аракет кылууда.

Америкалык 50дөй аскер Сириянын түндүгүндөгү, Түркия менен чектеш аймактагы мурда жайгашкан жеринен башка жакка которулду. Вашингтон «америкалык аскерлер Сириядан толук чыгарылып кетет» деген маалыматты төгүндөдү.

Анкара дал ушул америкалык аскерлер чыгарылган аймакта күрд кошуундарына каршы аскердик операциясын баштаганы жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Түркияга эгер түрк аскерлеринин операциясы жүргөн аймакта чектен чыккан, аша чапкан иштер жасала турган болсо, Анкара үчүн анын кесепети чоң боло турганын эскертти:

«Мен буга чейин ишенимдүү айтып келгендей эле азыр да кайталайм: эгер Түркия кайсы бир жоруктарга бара турган болсо, мен өзүмдүн улуу жана теңдешсиз көсөмдүгүмө карабай чектен ашканы үчүн (мен буга чейин да жасагандай) Түркиянын экономикасын тыптыйпыл ойрон кыла алам», деп жазды ал «Твиттерге».

Ошондой эле АКШнын президенти басма сөз жыйынында Сирия темасына мындайча токтолду:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Мен эч бир тарапта эмесмин. Биздин Сирияда жүргөнүбүзгө көп жыл болду. Биз кыска сокку уруп чыгып кетебиз деген божомол болгон. Биздин ал жердеги кичинекей аймакта 50дөй жоокерибиз бар. Мен ушул адамдар жарадар болушун, мерт болушун же дагы бир балээ болушун каалабайм. Мен президент Эрдоганга: «Биздин адамдарга тийбегиле, болбосо силерге чоң кесепети тийет» деп эскерттим. Түркияга абдан басым кылышууда. Алар өздөрүнүн эзелки душманы Күрд жумушчу партиясы менен көп жылдардан бери согушуп келе жатат. Бирок мен Түркияга биздин көз карашыбыз боюнча ал адамгерчиликсиз бир нерсе кыла турган болсо, буга жооп катары түп-тамырынан бери экономикасын кыйратып алышы мүмкүн экенин эскертем.

Сириянын Түркия менен чектеш аймагынан АКШ аскерлеринин кетиши ал аймактагы «Ислам мамлекети» террордук тобун жок кылууда негизги таяныч болгон күрд кошуундары түрк аскердик күчтөрү менен бетме-бет калышына алып келет. Ошондуктан Трамптын аймактан жоокерлерин чыгарышы жана Түркиянын аскердик операциясын жүргүзгөнгө макул болушу Американын өзүндө да сынга кабылды.

«Америка добушунун» жазганына караганда, адатта Трампты колдоп келген республикачыл сенатор Линдси Грэм да президенттин Сирия тууралуу чечимин сындады. Ал муну «бышып келе жаткан катастрофа» деп атап, кийин бул кадамы менен «АКШ ислам радикализмине каршы күрөштө өнөктөш табышы кыйын болуп калышы мүмкүн» экенин кошумчалаган.

Сирия демократиялык күчтөрүнүн жоокери.
Сирия демократиялык күчтөрүнүн жоокери.

Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл да ушундай эле сын айтты. Ал Түркия менен Сириянын чек арасынан аскерлерди «шашылыш» чыгаруу Иранга, Орусияга жана президент Башар Асаддын өкмөтүнө гана пайдалуу болорун, ошондой эле «Ислам мамлекети» тобунун баш көтөрүшүнө алып келерин эскертти.

Күрддөр азыр Сириянын түндүк-чыгышы менен түндүгүн же Евфрат дарыясынын чыгышын көзөмөлдөп турушат. Түркия бул аймакта күрддөргө каршы операциясын баштай турганын бир нече айдан бери билдирип жүргөн.

Анкара аймакта бийлик жүргүзүп жаткан Сирия демократиялык күчтөрүнүн негизги канаты болгон Элдик коргонуу кошуунун (YPG) өлкө ичиндеги күрд жикчилдери, анын ичинде Күрд жумушчу партиясы менен байланышы бар террористтик уюм деп эсептейт.​

Сирия демократиялык күчтөрү - президент Башар Асадга каршы турган куралдуу оппозиция уюму. Алар да Вашингтондун аймактан аскерлерин чыгарган чечимин сындашууда.

- Түркия тараптан болуп жаткан коркунуч - жаңы нерсе эмес. Алар көп жыл бою ошентип келатышат. Биз, Сирия демократиялык күчтөрү муну түшүнүп турабыз жана Сирия жергесине коюла турган кандай гана чабуул болбосун чечкиндүү жооп берүүгө толук даярбыз, - деди куралдуу оппозициянын өкүлү Кено Габриел.

Ошол эле учурда Сириянын аймагында Түркиянын аскердик жортуулун колдогон куралдуу топтор да бар.

Сириядагы Түркияны колдогон топтор.
Сириядагы Түркияны колдогон топтор.

Президент Режеп Тайып Эрдоган операциянын максатын Сирия менен чек аралаш аймактарды «күрд кошуундарынан тазалоо» жана ал жакта 2 миллион сириялык качкын баткыдай «коопсуздук аймагын» түзүү зарылдыгы түшүндүрүп жатат. Түркия сириялык 3,6 миллион качкынды кабыл алган. Ошондуктан өз операциясынын алкагында Анкара коопсуздук зонасын Сириянын чек арасына ичкери карай кирген 30 чакырымга чейин кеңейтүүнү максат кылууда.

Отставкадагы америкалык генерал-майор Малколм Фрост «Fox News» телеканалындагы маегинде Сирия менен Түркиянын чек арасындагы жагдайга мындайча токтолду:

- Азыркы учурда Кошмо Штаттардын Сириянын түндүгүндө миңдей жоокери бар. Алар Түркия менен чогуу жерде жана асманда кайгуул иштерин жүргүзөт. Ошондой эле буфердик зонадагы коопсуздукту камсыз кылышат. Бирок Түркиянын көз карашынан алганда алардын түштүк жагында боштук бар, коопсуздук камсыздалган эмес. Ал жакта сириялык күчтөр, күрд күчтөрү бар. Ал эми Түркия күрддөрдү террористтер деп эсептейт. Түштүк жагында орусиялык күчтөр да бар. Ошондуктан Эрдоган «биргелешкен кайгуул иштери алдыга жылган жок, аймак жакшы көзөмөлдөнбөйт жана Түркияга зарыл болгон коопсуздук камсыздалбай турат» деп айтып жатат.

Трамп 6-октябрда Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүп, түрк күчтөрүнүн Сириянын чек арасына жакын аймакта өткөнү жаткан аскердик жортуулун талкуулаган.​

АКШ администрациясы Кошмо Штаттар Түркиянын аскердик операциясына катышпай жана колдобой турганын билдирүүдө.

Сирияда азыркы тапта жалпысынан миңге жакын америкалык жоокер бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG