Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Эрдоган Европаны качкындар менен коркутту


Режеп Тайып Эрдоган АК партиянын Анкарадагы жыйынында. 5-сентябрь, 2019-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган АК партиянын Анкарадагы жыйынында. 5-сентябрь, 2019-жыл.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган сириялык качкындардын маселеси боюнча Батыш өлкөлөрүнө кайрылды. Ал эгерде Түркиянын Сирия менен чек арасына жакын жерде коопсуз аймак түзүлбөсө, Европага бараткан мигранттарды токтотпой турганын эскертти.

Президент Эрдоган 5-сентябрда Анкарада башкаруучу партиянын жыйынында сүйлөп жатып, сириялык качкындардын агымын тескеш үчүн эл аралык коомчулуктун дагы көбүрөөк жардамы керек экенин билдирди.

Анын айтымында, Түркияда 3 миллион 600 миңден ашуун сириялык качкын баш калкалап жатат. Мындан тышкары түрк шаарларында Ирак менен Ооганстандагы согуштан качкан түмөндөгөн мигранттар да бар.

Расмий Анкара сегиз жылдан бери согуш токтобой жаткан Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жерде «коопсуз аймак» түзүп, ал жакка 1 миллион качкынды жайгаштырууну көздөп келет.

Эрдоган Батыш өлкөлөрү Анкаранын мындай пландарын ишке ашырууга көмөктөшүүсү зарыл керек экенин белгилеп, антпесе Түркия Европага жетүүнү көздөгөн мигранттарды токтотпой турганын эскертти:

«Биз бул түйшүктү качанкыга чейин өзүбүз жалгыз көтөрөбүз? Кечирип койгула, биз муну чексиз уланта албайбыз. Эгер коопсуз аймак түзүлбөсө, Батыш убада берген жардамынан баш тартса, анда биз Европага карай эшигибизди ачканга мажбур болобуз. Түйшүк кандай экенин башкалар да сезсин».

Бирок түрк президенти өз өлкөсү качкындарга жардам берүүдөн баш тартпай турганын белгиледи.

Түркиянын Эрзурум аймагындагы качкындар. 24-апрель, 2017-жыл.
Түркиянын Эрзурум аймагындагы качкындар. 24-апрель, 2017-жыл.

Сирияда 2011-жылы жарандык согуш башталгандан бери, жүз миңдеген качкындар Түркиянын чегине жетип, андан ары Грекия өңдүү Европа өлкөлөрүнө кирүүгө аракет кылып келишет. Мындай мигранттардын агымы өзгөчө 2015-жылы күчөп, Европа Биримдигинде чоң талкууга жем таштаган. Немис канцлери Ангела Меркелдин 1 миллионго чукул мигрантты кабыл алуу боюнча чечими Германиянын өзүндө ача пикирлерди жаратып, качкындарга каршы маанайдын күч алышына түрткү берген.

Натыйжада Европа Биримдиги 2016-жылы качкындардын толкунун токтотуу тууралуу Түркия менен келишим түзгөн. Ага ылайык, Анкара Грекияга өтүүнү көздөгөн мигранттардын агымын чектеп, Брюссел Түркияга кеминде 6 миллиард долларлык жардам көрсөтмөй болгон. Түрк президенти Европаны «убадасын толук аткарбай жатат» деп айыптады.

«Биз Батыштагы айрым өлкөлөр сыяктуу 50, 100 же 200 качкынды гана кабыл алып койгон жокпуз. Тескерисинче кылдык. Азыркы мезгилге чейин 40 миллиард доллар сарптадык. [Евробиримдиктен] 3 миллиард евродой гана каражат келгени айтылып жатат. Булар убадасын аткарышкан жок», - деди Эрдоган.

Грекиянын Диавата шаарынын чекесиндеги мигранттар менен полиция кагылышкан учур. 6-июнь, 2019-жыл.
Грекиянын Диавата шаарынын чекесиндеги мигранттар менен полиция кагылышкан учур. 6-июнь, 2019-жыл.

Анткен менен Европа Биримдиги Түркиянын мындай дооматын негизсиз деп эсептейт. Мисалы, быйыл июль айында Еврокомиссия Түркиядагы качкындарга жана аларга көмөк көрсөткөн уюмдарга 1,41 миллиард евролук кошумча жардам бөлгөн. Муну менен Түркияга убада берилген 6 миллиард доллардын 5,6 миллиарды берилип бүткөнү кабарланган.

«Европа Биримдиги каражаттын жаңы траншын бөлүп берүү менен качкындардын дүйнөдөгү эң ири тобуна баш калка берген Түркияга колдоо көрсөтүү боюнча милдеттенмесин аткарууну улантып жатат», - деп билдирген Евробиримдиктин коңшулар менен мамилени тескеген комиссары Йоханнес Хан.

Грекия сыяктуу айрым Европа өлкөлөрү тескерисинче Түркиядан өз милдеттерин толук аткарууну талап кылып жатат. Маселен, өткөн аптада грек тышкы иштер министри Никос Дендиас Түркиянын Афиныдагы элчисин чакыртып, андан соңку мезгилде мигранттардын агымы күчөй түшкөнү боюнча жагдайды талкуулап, түшүндүрмө талап кылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG