Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Эрдоган Батышты сириялык качкындар менен коркутту


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эгер Сирия менен чек арасына жакын жерде коопсуз аймак түзүлбөсө, Батыш Анкарага берген убадасынан тайса сириялык качкындар үчүн чек арасын ачып саларын эскертти. Ал бул тууралуу Анкарада башкаруучу партиянын жыйынында сүйлөп жатып айтты:

- Бизде азыр 4 миллион качкын баш калкалап жатат. Биз бул түйшүктү качанкыга чейин өзүбүз жалгыз көтөрөбүз? Кечирип койгула, биз муну чексиз уланта албайбыз. Эгер коопсуз аймак түзүлбөсө, Батыш убада берген жардамынан баш тартса, анда бизге эшигибизди ачканга туура келет. Түйшүк кандай экенин башкалар да сезсин.

Эрдоган Түркия качкындарга жалпысынан 40 миллиард доллар коротконун белгеледи.

Түркия 2016-жылы Европа Биримдиги менен качкындардын калайман толкунун токтотуу тууралуу макулдашкан. Брюссел Анкарага буга байланыштуу миллиарддаган долларлык жардам көрсөтөрүн убада кылган.

XS
SM
MD
LG