Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Путин менен Эрдоган: балмуздак жана Сирия


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. Москва. 27-апрель, 2019-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. Москва. 27-апрель, 2019-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган 27-августта Москвада жолугушту. Эки лидер Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаалды жана эки өлкөнүн ортосундагы алаканы талкуулашты.

Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган 27-августта Жуковский шаарында башталган «МАКС-2019» авиасалонунун ачылышына катышышты. Иш-чаранын башталышын утурлай эки президент көчөдөн балмуздак сатып жешти. Тактап айтканда аны орус лидери түркиялык кызматташына алып берди.

Орусиянын аэрокосмос тармагынын жетишкендиктери көрсөтүлгөн, эки жылда бир өтчү бул авиасалондун ачылышында сүйлөп жатып Путин «Орусиянын авиация өндүрүшүнүн жетишкендиги жана Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү түрк өнөктөштөрдү кызыктырат» деген ишеничте экенин айтты. Ал «бул эки тарапка тең пайдалуу кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат» деп кошумчалады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да Путиндин сөздөрүнө кошулуп, «Орусия менен кызматташтыгыбыз авиация өндүрүшүндө жана аэрокосмикалык тармактагы жаңы иштелмелерге дем берет» деген пикирин билдирди.

Путин менен Эрдоган «Сухой Су-57» аскер учагынын жанында. 27-август, 2019-жыл.
Путин менен Эрдоган «Сухой Су-57» аскер учагынын жанында. 27-август, 2019-жыл.

Кийинчерээк Эрдоган менен Путин Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясындагы кырдаалды талкуулашты. Биргелешип өткөргөн басма сөз жыйынында Путин Түркиянын президенти экөө козголоңчулардын акыркы таянычы деп эсептелген Идлиб провинциясындагы «террорчуларды» жок кылыш үчүн кошумча чара көрүүнү макулдашканын билдирди.

«Түркиянын президенти менен Идлибдеги террорчулардын уюктарын жок кылыш үчүн чогуу чара көрүүнү белгиледик», - деген Путин Эрдоган экөө тең Сирия бирдиктүү мамлекет бойдон калыш керек деген пикирде экенин кошумчалады.

Эки президенттин жолугушуусу 16-сентябрда Анкарада өтө турган самитти утурлай болду. Ага Путин, Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роухани катышары боолголонууда.

Сириядагы козголоңчулардын акыркы таянычы деп эсептелген Идлиб шаарына Орусиянын колдоосун алган өкмөттүк күчтөр апрелде бастырып киргенде жүздөгөн адамдар, көбүнчө карапайым тургундар курман болушкан. Түмөндөгөн адамдар Түркияга кире качкан.

Анкара өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан улам гуманитардык кризис күчөп, Түркиянын коопсуздугу үчүн коркунуч жаралганын билдирди.

«Идлибдеги кырдаал оорлошуп кеткендиктен, биздин аскерлерге коркунуч жаралууда, - деди Эрдоган. - Биз мунун уланышын каалабайбыз. Бардык тийиштүү чаралар керек учурда кабыл алынат».

Сириядагы жарандык согуш башталган 2011-жылдын март айынан бери Түркия жалпысынан сириялык 3,6 млн. качкынды кабыл алган. Идлиб провинциясы негизинен «Аль-Каиданын» Сириядагы мурдагы бөлүмү болгон «Хаят Тахрир аш-Шамом» тобунун карамагында болчу.

Орусия менен Иран тогуз жылга аяк баскан согушта Сириянын президенти Башар Асадга чечкиндүү колдоо көрсөтсө, Түркия ар кайсы козголоңчу топторду колдоп келген.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин менен Эрдоган 27-августта Москва менен Анкаранын алакасын да талкуулашканын билдирди.

Түркия НАТОдогу өнөктөшү Вашингтондун каршылыгына карабай Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG