Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Путин менен Эрдоган Трамптын чечимин талкуулайт


Кошмо Штаттардын аскердик техникасы. 30-декабрь, 2018-жыл.
Кошмо Штаттардын аскердик техникасы. 30-декабрь, 2018-жыл.

Орусия менен Түркиянын президенттери жакын арада кездешип АКШнын Сириядагы аскерлерин чыгаруу боюнча чечимин талкуулашмакчы.

Түркиянын «Анадолу» маалымат агенттиги жекшемби күнү кабарлагандай, Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу ушул айга пландалып жатат. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки лидер «жакын арада» сүйлөшүү өткөрүүгө ниеттенип жатышканын ырастап, бирок анын так күнү аныктала элек экенин кошумчалады.

Акыркы жолу Путин менен Эрдоган былтыр 1-декабарда «Чоң жыйырманын» Аргентинадагы саммитинде кездешкен. Ал эми өткөн айдын соңунда эки өлкөнүн тышкы иштер жана коргоо министрлери Сириядагы абалды талкуулашты.

Сирияда жарандык согуш башталганына мартта 8 жыл болот. Орусия жана Иран куралдуу тирешүүдө президент Башар Асадды колдошсо, АКШ менен Түркия өкмөткө каршы күрөшкөн козголоңчулардын таламын талашып келатышат.

Дүйшөмбү күнү АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон 8-январда Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар жана Чалгын кызматынын жетекчиси Хакан Фидан менен жолугушканда Вашингтондун Сирия боюнча пландарын сөз кылышаарын билдирди.

Мунун алдында, 6-январда, Болтон Израилдеги сапарынын алкагында Кошмо Штаттар Түркиядан «күрттөрдүн коопсуздугу камсыздалат» деген кепилдик алгандан кийин Сириядагы аскерлерин чыгарып бүтөрүн айткан.

Күрт кошуундары - АКШнын Сириядагы исламчыл экстремисттерге каршы күрөштө өнөктөштөрү. Болтон америкалык аскерлерди чыгаруу жараяны «Ислам мамлекети» террордук уюмунун Сириядагы калган-каткан жоочуларын жок кылууга байланыштуу болоорун баса белгиледи:

Жон Болтон.
Жон Болтон.

- Биз президент Трамптын Сириядан чегинүү тууралуу чечимин талкуулаганы жатабыз. Бирок аскерлерди ««Ислам мамлекети» экстремисттик уюму талкаланды, кайрадан баш көтөрүп коркунуч жаратпайт, Израил жана чөлкөмдөгү башка дос мамлекеттердин коопсуздугу камсыздалат, террорчуларга каршы биз менен кошо күрөшкөндөргө кам көрүлөт» деген шартта чыгарабыз.

Сириядагы операцияга катышкан контингентти алып кетүүнүн так жадыбалы жок экенин айткан кеңешчи Түркиянын ал өлкөдөгү кандай болбосун аскердик аракеттери Вашингтон менен макулдашылып турушу керек деген оюн билдирди.

Былтыр 20-декабарда АКШ президенти Дональд Трамп «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы күрөштө Кошмо Штаттар жеңишке жеткенин, Сириядагы 2 миң аскер дароо чыгарыларын күтүлбөгөн жерден «Твиттерге» жазган.

Президенттин ички оппоненттери, Вашингтондун өнөктөштөрү «контингентти чыгаруу жеңишти Москва менен Тегеранга өткөрүп берүүгө тете, күрт кошуундарынын тагдыры болсо толугу менен Анкаранын колуна өтөт» деп сындашкан. Түркия АКШ колдогон күрт кошуундарын өз өлкөсүндө тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынын канаты деп билет жана аларга каршы күрөшөөрүн айтып келет.

Өз кезегинде Израил «америкалык жоокерлерди чыгаруу Ирандын Сириядагы таасирин күчөтүүгө өбөлгө түзөт» деп тынчсызданып жатканын билдирүүдө.

Муну менен катар Трамптын чечимине нааразылыгын билдирип АКШнын коргоо министри Жим Мэттис, анын аркасынан Пентагондогу бир топ жетекчилер жакында кызматтан кетишти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG