Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Сирия: 150 миң киши өлкөдөн чыгып кетти


Жиср-аш Шугур, Идлиб провинциясы.
Жиср-аш Шугур, Идлиб провинциясы.

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында акыркы аптада эле 150 миңден ашуун киши куралдуу кагылыштан коргонуш үчүн өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму маалымдады.

Акыркы күндөрү Сириянын өкмөттүк куралдуу күчтөрү оппозициялык топтордун турумуна чабуул кое баштаган. Бул бомбалоо менен коштолуп, ага президент Башар Асаддын жана Орусиянын учагы катышканы айтылууда.

Укук коргоочулар ондогон киши өлгөнүн кабарлап жатышат. Ошол эле кезде Асаддын куралдуу каршылаштары Сирия өкмөтү көзөмөлдөп турган аймактарга ок атууда.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Идлибдеги кырдаалдын кайра курчушуна тынчсыздануусун билдирди. БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш тараптарды жарашууга чакырды.

XS
SM
MD
LG