Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

Идлиб: буфердик аймактын бүдөмүк келечеги


Идлиб провинциясында Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн күтүлгөн чабуулуна каршы демонстрациялардын бири. 14-сентябрь, 2018-жыл.

Сириянын Идлиб провинциясында демилитаризациялык буфердик аймак түзүш үчүн Түркия менен Орусиянын макулдашуусунда каралган мөөнөт аяктады.

Идлибде президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдү жайкын тургундардан ажыратуу максатында ушундай чара көрүлгөн эле. Анкара менен Москванын макулдашуусу Сириянын бул аймагында пландалган аскердик операциянын, ошону менен катар ири кан төгүүнүн алдын алганы жарыяланган. Бирок азыр согушкерлердин айрым топтору буфердик зонаны бошотуу шартын аткарбаганы, Идлибге аскердик чабуул коюу коркунучу дагы эле бар экени кабарланууда.

Түркия менен Орусиянын макулдашуусуна ылайык, Сириянын Идлиб провинциясында демилитаризациялык буфердик аймак куралдуу оппозиция менен өкмөттүк күчтөр кесилишкен тилкеден 15-20 чакырым ичкери карай быйыл 15-октябрга карата түзүлүшү керек эле.

Демилитаризациялык аймакка көзөмөлдү Түркиянын аскер бөлүктөрү, Орусиянын аскердик полициясынын мобилдүү топтору биргелешип жүргүзмөк.

Идлиб провинциясынын чыгышындагы көзөмөл бекеттеринин бири. 25-сентябрь, 2018-жыл.
Идлиб провинциясынын чыгышындагы көзөмөл бекеттеринин бири. 25-сентябрь, 2018-жыл.

Буга чейин Түркия оппозициячыл топтордун оор куралдары, макулдашууда каралгандай, 10-октябрга карата буфердик аймактан чыгарылганын жарыялаган. Орусия тарап да 10-октябрга карата 100дөй оор курал, миңдей согушкер буфердик аймактан чыгарылганын ырастаган. Бирок козголоңчул топтордун баары эле өз согушкерлерин ал аймактан алып кетпеген сыяктанат. Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем 15-октябрда Дамасктагы басма сөз жыйынында буларды билдирди:

- Идлибдеги азыркы кырдаал боюнча, эгер “ал-Нусра фронту” макулдашууну кабыл алуудан баш тартса, биз унчукпай коё албайбыз. Биз али күтүшүбүз керек, бирок ошол эле учурда биздин куралдуу күчтөрүбүз Идлибдин айланасында даяр турат.

Сириянын тышкы иштер министри “ал-Нусра фронту” дегенде мурда “ал-Каидага” байланышы бар деп саналган, азыр “Тахрир ал-Шам” деп аталган топту айтып жатат. Бул топ 14-октябрдагы билдирүүсүндө ок атуунун токтотулушун жактады, бирок өкмөткө каршы күрөшүн, ыңкылапты ишке ашырууну улантууга убада берди.

“Тахрир ал-Шам” жана башка исламчыл топтор буфердик аймактын үчтөн экисин жана Идлибдин калган бөлүгүнүн жарымынан көбүн ээлеп турушчу.

Идлибде Асаддын режимине каршы козголоңчулардын "Улуттук боштондук фронт" деген да бирикмеси бар. Түркияга ыктаган бул топ мурда буфердик зонанын түзүлүшүн колдогон.

Анткен менен согушкерлер орус-түрк макулдашуусунун шарттарын көп жагынан аткарбаганын Сириядагы согушка башынан бери көз салып келаткан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы да билдирүүдө.

“Биз бүткүл демилитаризациялык зонадан жихадчы согушкерлердин кимдир-бирөө чыкканын документтештирген жокпуз”, - деди бул уюмдун башчысы Рами Абдел Рахман 15-октябрда.

Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин Сочидеги жолугушууда. 17-сентябрь, 2018-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин Сочидеги жолугушууда. 17-сентябрь, 2018-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 17-сентябрда Сочиде болгон сүйлөшүүлөрүндө жетишилген макулдашуунун натыйжасында Сириянын Орусия жана Иран колдогон күчтөрүнүн Идлибге чабуулу токтотулганы жарыяланган. Ага чейин Идлибге аскердик сокку уруу “гуманитардык кыйроо”, ири кан төгүү менен аяктай турганын БУУ, Батыш мамлекеттери, Түркия эскертип келген.

Эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү Идлибге аскердик чабуул коюунун кесепети оор болорун азыр да айтып жатышат. Мисалы, CARE эл аралык гуманитардык уюмунун өкүлү Жолли Бассоул “Associated Press” агенттигине Ливандын борбору Бейруттан буларды айтты:

- Идлибде Сириянын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңири масштабдагы операциясынын кайра болушу бизди кооптондурат. Анткени бул 100 миңдеген адамдар жер которушу мүмкүн дегенди билдирет. Биздин кооптонгонубуз - эгер аскердик операция башталса жайкын тургундар, анын ичинде кайрымдуулук уюмунун кызматкерлери корголбой калат. Биз муну буга чейин аскердик чабуулдар болгон башка аймактардан көргөнбүз. Идлибдеги калктын азыркы масштабын, алардын муктаждыктарын эске алганда жайкын тургундардын кандайдыр бир жер которушу өтө оор абалга алып келет.

Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркияга чектеш Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы.

Идлиб провинциясындагы качкындар лагерлеринин бири. 11-сентябрь, 2018-жыл.
Идлиб провинциясындагы качкындар лагерлеринин бири. 11-сентябрь, 2018-жыл.

Жалпысынан Идлиб провинциясында, БУУнун эсебинде, үч миллиондой киши жашайт, алардын 1,5 миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келген.

Бириккен Улуттар Уюму буга дейре эгер Идлибге чабуул коюла баштаса, 900 миңге жакын киши качууга аргасыз болорун болжолдогон.

Сирияда 7,5 жылга созулган жарандык согушта 400 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, миллиондогон адамдар жер которууга мажбур болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG