Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 11-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:49

Аялды азгырган диний экстремизмдин амалы


Жамал Фронтбек кызы жана Канатбек Мурзахалилов.

Муфтиятка аялдар бөлүмүн ачуунун зарылдыгы жана Жакыңкы Чыгыштагы качкындар лагеринен кыргызстандык аялдарды алып келүүнүн күңгөй-тескейин талдайбыз.

Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов менен «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: - Жамал айым, жакында Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уставында сиз көп жылдан бери айтып жүргөн аялдар менен иштөө багытында кандайдыр бир уюштуруу иштери каралдыбы?

Жамал Фронтбек кызы: - Менин билишимче атайын бир иштер уставда жазылган жок. Муфтиятта жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмү бар. Бирок уставда аялдар менен иштөө боюнча концептуалдуу, системалуу иш алып баруу жазылган жок.

Канатбек Мурзахалилов: - Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Жамал Фронтбек кызы: - Биринчиден, муфтият аялдар менен тыгыз иштешкиси келбейт. Көп учурда «Мутакалим» коому аялдар менен иштейт, «ал бизге жетиштүү» дешет. Бирок биздин оюбузча, уставды Юстиция министрлигинде каттоодон мурда гендердик экспертизадан өткөрүп койсо болмок. Анткени коомчулуктун түшүнүгүндө муфтият эркектерге тиешелүү эле уюм болуп калды. Эгерде эркектерге тиешелүү болсо, анда муфтият «мусулман эркектерге тиешелүү» деп айтышы керек. Бул жерде аялдарга иштөөгө мүмкүнчүлүк жок деп айтсам болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарында муфтияттын жетекчилеринин интервьюларында «биз менен «Мутакалим» коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы келишимдин негизинде иштеп, аялардын укугун коргоп жатат» деп айтылып жүрбөйбү?

Жамал Фронтбек кызы: - Мурунку муфтий Рахматулла Эгембердиевдин учурунда аялдар бөлүмү ачылган. Ошол бөлүмдү мен жетектегем. Бул сыяктуу бөлүмдү биз ар бир облустук казыяттарда ачып, жетекчилигине аялдарды дайындап, алар жакшы иштей башташкан. Максат ажы Токтомушев келгенден кийин муфтияттын уставын, түзүмүн реформалоо алкагында аялдар бөлүмү жабылган. Анан жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмү болуп кайра түзүлгөн. Мен келишимдин негизинде аялдар менен иштегенге өттүм. Азыр иштер онлайн режимде эле болуп жатат.

Экинчиден, бул иштерди жүргүзүүгө муфтияттын бюджетинен акча бөлүү, атайын программалык жактан аялдар менен такай иштөө маселеси каралган эмес. Биз былтыр да, андан мурун да «аялдар менен иштерди алып баралы, ар бир облуста аялдарды топтойлу, алар менен иш жүргүзөлү» деп сунуш кылдык. Муфтият тараптан каржыланган бир да иш жок. Мен Кыргызстан мусулмандарынын курултайында да «аялдар менен иш жүргөн жок. Муфтияттан да, «Ыйман» фондунан да бир сом бөлүнгөн жок» деп айткан болчумун.

Андан кийин «Ыйман» фонду аялдар менен иштеп, тренингдерди өтө баштады. Бирок муфтияттан каражат бөлүнүп, аялдар менен иштешпей жатышат. Аялдар үчүн борборлор демөөрчүлөр табылганда гана курулат.

Канатбек Мурзахалилов: - Диний көз караштан алганда аялдардын кандай түйшүгүнө токтолсок болот?

Коомчулуктун түшүнүгүндө муфтият эркектерге тийешелүү эле уюм болуп калды...

Жамал Фронтбек кызы: - Диний багытта аялдарга тиешелүү маселелер өтө көп. Мисалы, муфтияттын түзүмүндө фатва бөлүмү бар, ошол бөлүмгө айымдар кайрылгандан уялышат, аларга келип өз көйгөйүн ачык айта алышпайт. Биз дайыма «ошол фатва бөлүмүнө бирден-экиден илимдүү аялдар иштесе, аялдар аларга барып өз иш-чарасын, көйгөйүн кеңири айтып беришсе» деп айтабыз. Анткени «мен күйөөм менен ажырашып жатам же талак берди» десе көпчүлүк учурда эркек эркекти колдоп коёт экен. «Эми чыдап кой, аял деген ушундай болуш керек, аял деген чыдаш керек, ошондо жакшы болосуң, күйөөңдүн көйнөгүнүн жакасын агарт» деп аялдарды кайра эле ынандырып коюп жатышат. Аял имамга барып бир нерсени: «Кандай кылайын?» деп сурай берсе, күйөөсү: «Эмне эле ошол жакка бара бересиң?» деп кызганышы мүмкүн. Ошондуктан муфтиятта аялдарга орун бөлүп берилсе жакшы болмок.

Канатбек Мурзахалилов: - Көп жылдан бери жалпы билим берүүчү мекемелерде – мектептерде, жогорку окуу жайларында жоолук, хижаб маселелери боюнча кеп козгоп, аялдардын укуктарын коргоп жүрөсүз. Бүгүнкү күндө коомчулукта бул маселе көп козголбой калды. Сиздер жүргүзгөн иштер өз жемишин бердиби же дагы эле хижабга байланышкан жагдайлар актуалдуулугун жогото элекпи?

Фатва бөлүмүнө айымдар кайрылгандан уялышат, көйгөйүн ачык айта алышпайт.

Жамал Фронтбек кызы: - Кыргызстанда азыр бул маселени көйгөй деп эсептебесек да болот. 20 жылдан бери биз жоолук маселесин көтөрүп келе жатабыз. Мектептерде жоолук салынууга каршы болгон бир нече министр Баш мыйзамга баш ийбегендиктен алардын жумуштан кетишине да себепкер болуп калдык. Акыркы үч-төрт жылдан бери биздин уюмга Кыргызстан боюнча «мектепке жоолукчан киргизбей жатат» деп көп болсо онго жакын эле арыз түшөт. Бул адам факторуна байланышкан маселе болуп калды. Мектеп директоруна же окуу бөлүмүнүн башчысына жоолук жакпаса киргизбейт. Биз муну жөнөкөй жумушчу тартипте эле чечип, Билим берүү жана илим министрлигине арыз жиберип, маселени жөнгө салып келе жатабыз.

Канатбек Мурзахалилов: - Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, 2005-жылы экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасоодо аялдардын үлүшү бир пайызды түзгөн болсо, учурда бул көрсөткүч 25 пайызга чейин көбөйгөн. Экстремисттик багыттагы уюмдардын аныкталган жигердүү мүчөлөрүнүн сегиз пайызга жакыны аялдар экени айтылып жүрөт. Ал эми Сирия менен Ирактагы «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарына кыргыз жарандарынын 25 пайызга жакынын аялдар түзөт. Сиздин оюңузча бул сандык көрсөткүчтүн өсүшү эмне менен байланышкан?

Жамал Фронтбек кызы: - Учурда аялдарга байланышкан түрдүү изилдөөлөр жүрүп жатат. Ошол изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 25-30 жылдан бери мусулман аялдарга байланыштуу мамлекеттик деңгээлде, муфтият же «Ыйман» фондунун деңгээлинде болобу, бир да иш-чара өткөн эмес. Мисалы, аялдардын билим деңгээлин көтөрүү, дараметин жогорулатуу, аларды аттестациядан өткөрүү ж.б. Көпчүлүк учурда диний билим алган аялдарга ар ким үйлөрүндө, хужра тартибинде эле сабактарды берип жүрө берген. Эч кандай көзөмөл болбогондуктан экстремисттик уюмдар аялдарды өз катарына тартып, иштеткенге аракет кылышкан. Ал эми мечиттерде көзөмөл болгон. Мечиттерди «Кандай хутба окулуп жатат, кандай иштер жүргүзүлүп жатат?» деп карап турушкан. Аялдардын диний турмушу негизинен үйдүн ичинде болгондуктан эмне кылып жатышканын, кандай сабактар өтүлгөнүн эч ким көзөмөлдөгөн эмес.

Видео: 2013-жылы муфтияттын аялдар комитети Бишкекте кыз-келиндердин веложүрүшүн уюштурган.

2014-жылдан баштап дин жаатындагы концепциянын негизинде көп иш – чаралар болду. Биздин «Мутакалим» уюму Дин комиссиясы, муфтият, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен биргелешип, коомчулук менен жолугушуп, аялдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Концепциянын алкагында аялдарга өзүнчө борборлор курула баштады. Азыр Кыргызстанда аялдарга тиешелүү ондон ашуун борбор бар. Аялдар ошол борборлорго барып сабак алганга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды.

Имамдар менен да көп иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин алар мечиттерде аялдарга сабак өткөнгө саат бөлүп бере башташты. Мисалы, жума намаздагы баяндарды аялдар укпайт. Ошондуктан азыркы дүйнөлөшүү шартында аялдар «Вотсаптан», «Телеграмдан», «Инстаграмдан» маалыматтарды алышып, көпчүлүк учурда «аялдар үйдөн чыкпасын, коомдук иштерге аралашпасын» дегенди угуп, анан да «жабык окуулардын» көбөйүшү аялдардын экстремисттик уюмдарга кирип кетишинин себептеринин бири болуп калды.

Канатбек Мурзахалилов: - «Жабык окуулар» дегенди кененирээк түшүндүрүп бере аласызбы?

Жамал Фронтбек кызы: - «Жабык окуулар» дегенде, мисалы, эркектер жума намазга барып, мечитте отуруп сабак алса болот. Ал эми көпчүлүк мечиттерге аялдарды киргизбей, алар үйлөрүндө эч кимдин көзөмөлү жок «башкача» бир сабактарды ала башташты. Интернет кеңири жайылгандыктан «интернет-имамдар» да күчтүү иштеп, «Вотсапта», «Телеграмда» топторду түзүшүп, өздөрүнүн убадалары менен эрежелерин жиберишип, динди жамынып алып аялдарды азгырышты.

Канатбек Мурзахалилов: - Аялдардын экстремисттик, радикалдуу, террористтик уюмдардын торуна түшүп калышына биринчи кезекте социалдык түйүндөр себеп болду деп эсептейбизби? Мындан башка да факторлор барбы?

Жамал Фронтбек кызы: - Албетте. Негизи биз алты-жети себепти айтабыз. Биринчиден, кыздардын дүйнөбий болобу, диний болобу билим албагандыгы. Союз таркагандан баштап эле «кыздарды мектепке жибербейбиз» деген пикирлер тарады. Анан мыйзам кабыл алдык. Мурда милдеттүү түрдө 11-классты бүтө турган болсо, азыр 9-класстан кийин эле мектепке барбай койсо болот. Анан медреселерге кирип окуй башташты, көпчүлүгү окубай да калышты. Үйдө бош отурган кыздарды күйөөгө бере башташты. Бактылуу жашап кетсе жакшы, бирок көпүлүгү ажырашып кайра үйүнө келип жатышат. Бул да социалдык көйгөйгө алып келип жатат. Биринчиси билимсиздик болсо, экинчиси сынчыл ой жүгүртүүсү такыр жок, салыштыруучу ой жүгүртүүсү да жок болуп калды. Анткени алар же дүйнөбий билим алган жок, же диний билим алган жок. Нан таап жегенге мүмкүнчүлүгү жок.

Анан жумушсуздук, ички-тышкы миграция болуп жатат. Турмушка чыккандан кийинки ажырашуу, жетпеген оокат... Ошонун натыйжасында кыздар көп учурда экстремисттик уюмдарга азгырылып калууда.

Дагы бир чоң мүшкүл – экономикалык басмырлоо. Эгемендиктин баштапкы жылдарында жер менчикке берилип, бөлүнгөндө да баары эркектерге же үйдүн башчысына жазылып калган. Аял кишилерге, кыздарга жер жок. Алардын эч нерсеси жок болуп калды. Кыздар турмушка чыкканда сеп беребиз, төшөк беребиз, буюм беребиз. Бирок, акчалай же «бул сенин бизнесиң» деп эч нерсе бербейбиз. Ага түшүнүгүбүз жете элек болчу.

Ажырашып кеткенден кийин кыз сынык бир столун, эски төшөгүн алып төркүнүнө келет. Анан каякка жашайт? Ал жерде да кысылып, ата-энесинин көзү өткөндөн кийин батпай калат. Ушундай жашоодон улам Сирияга кеткенге аракет кылып, «бул жашоодон көрө ошол жакта «жихадчы» эле болуп кетейин» деген аялдар бар.

Сирияда тартылган сүрөт.
Сирияда тартылган сүрөт.

Акыркы 30 жылдан бери эле шариятка байланыштуу баяндарда «эркектерди уккула, үйдө отургула, күйөөңөрдүн сөзүнөн чыкпагыла, эмне десе ошону кылгыла, күйөөңөрдүн айтканын кылбасаңар бейишке кирбейсиңер» - деп аялдарды тузакка түшүрүп койдук. Бул да кыздардын сынчыл ой-жүгүртүүсүнүн төмөндөшүнө алып келип, экстремисттик уюмдардын катарына кошулушуна өбөлгө түздү.

Канатбек Мурзахалилов: - Учурда Сирия менен Ирактын аймагындагы качкындар лагерлеринде күн көрүп жаткан аялдар менен алардын балдарын кошуна мамлекеттер өз өлкөсүнө алып чыгып кетишти. Сиз бул маселеде кандай көз караштасыз? Аларды кыргыз өкмөтү өлкөгө алып келгенден кийин тиешелүү реабилитациялык борборлорду түзүү, коомго интеграциялоо, психологиялык, диний жардам берүү маселелерин кантип чечиши керек?

Жамал Фронтбек кызы: - Туура, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өздөрүнүн жарандарын – энелерди, балдарды алып келишти. Бирок Америка, Европа, өнүккөн мамлекеттер алып келген жок. Ошондуктан Кыргызстан салыштырып карашыбыз керек. Биринчиден, Казакстандай, Өзбекстандай, Тажикстандай бизде каржылык мүмкүнчүлүк жок. Андан кийин аларда өлкөдөгү «биринчи адам» эмне десе, баары ошону кылышат. Кыргыз эли анте албайт. «Кыл» десе кылбайт. Кыргызстан элине түшүндүрүү иштерин көп кылыш керек.

Эгерде алып келе турган болсок, биринчиден биз коомчулук менен иштешибиз зарыл. Коомчулук да алар биздин жарандар экендигин түшүнүшү керек.

Биз аймактарды кыдырып, эл менен сүйлөшкөнбүздө: «Алар ошол жакка кетип жатканда бизден сурадыбы? Ой-пикирибиз аларды кызыктырган жок. Эч нерсе дебей эле кетип калышты. Алардын запкысын биз тартып жатабыз. Алар кеткенден кийин милиция келип бизди текшерди. Аябай көйгөйлөр көп болду» деп айтышат. Калк арасында ушундай пикирлер да туура.

Туура, биз гумандуу мамлекетпиз. Аялдарды, алардын балдарын алып келебиз. Статистиканы карап көрсөк деле, балдар алты жаштан эле жоочу болуп, киши өлтүргөндү үйрөнөт экен. Анан биз аларды кантип реабилитация кылабыз? Жакында эле мен казакстандык, өзбекстандык, тажикстандык эксперттер менен жолуктум. Алар менен ушул маселелерди талкууладык. Мисалы, Казакстан аларды эки ай өзүнчө бөлүп кармады. Кармагандан кийин репатрианттар менен 30 психолог иштеди, анан диний жактан иштешти. «Мен туура эмес кылыптырмын» десе, аларды атайын органдары изилдешти. Көп тиешеси жок болсо, демек коомчулукка кошобуз деп жатышат. Аял киши никабын чечсе эле, «бул радикал болбой калды» деп эксперттер айтып жатат. Бул күлкүлүү. Ал жашоо үчүн никабын чечиши мүмкүн. Анткени ал өзүнүн өмүрүн сактап калыш керек.

Өзбекстандын тажрыйбасын алып көрсөк, ал жакта органдары күчтүү иштейт. Аялдарды Сирияда жүргөн мезгилде эле талдашыптыр. «Ал амирдин аялы болгонбу, баш кесер болгонбу же чын эле жабыр тартканбы?» деп. Ошонун баарын изилдегенден кийин мамлекетине алып келип, балдарды башка үй-бүлөлөргө, туугандарына берип жатышат. Бул «экинчи ата - эне» деген түшүнүк. Анткени, атасы ал жакта каза болгон, энеси келген же түрмөдө, же келе элек. Мамлекет Сириядан келген аялдарга батир, насыя берип, бизнес кылып, үй-бүлөсүн баксын деп шарт түзүүдө.

Кыргызстанда бул багытта бир да эксперт жок. Согуштан кайткандар менен иштегенге психотерапевт да жок. Анткени биздин тарыхыбызда мындай нерсе болгон эмес. Алар менен кантип иштеш керек? Алар алты жылдан бери башка чөйрөдө жүрүшөт. Биздин чөйрөнү унутуп да калышты.

Бул процессти бир-эки айда ишке ашырганга болбойт. Эл аралык донорлорго кайрылып, үч же беш жылдык программа менен атайын реабилитациялык борбор куруу зарыл. Балдар менен психотерапевт иштеши керек. Психологдун күчү жетпейт деп жатышат. Андан тышкары күчтүү теологдор зарыл. Алар кайсы жерден адашты - баарын бөлүп, талдап түшүндүрүшсүн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG