Линктер

дүйшөмбү, 21-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:33

Сириядагы качкындардын абалы оор


Сириядагы качкындар лагериндеги аял баласы менен.

Бириккен Улуттар Уюму 11-сентябрда Сириядагы согуштун кесепети тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда качкындар лагерлеринде «аялдар менен балдар адам чыдагыс оор шарттарда» жашап жатканы айтылат.

«Аль-Хол» лагеринде 600дөй тажикстандык аялдар жана балдар бар

Тажикстандын бийлиги ушул тапта Сириядагы качкындар лагерлеринде кеминде 575 аял жана жаш балдар бар экенин маалымдады. Алар ИМ тобуна кошулуп кеткен тажикстандык жарандардын аялдары жана балдары экени айтылды.

«Озоди» радиосунун тажик өкмөтүндөгү ишенимдүү булагы маалымдагандай, тажикстандыктардын көпчүлүгү Хасакия провинциясындагы «Аль-Хол» лагеринде жайгашкан.

«Алардын ичинен 90го жакыны - аялдар, 200дөн ашууну секелек кыздар жана 240 эркек бала бар, - деп билдирди өкмөт кызматкери. - Балдар 1 жаштан 17 жашка чейин. 134 наристе акыркы эки жылда төрөлгөн. Балдардын көпчүлүгү томолой жетимдер. Бул да так маалымат эмес, аныгында тажикстандык жарандар мындан да көп болушу мүмкүн».

«Аль-Хол» лагериндеги качкын кыз. Сирия. Март, 2019-жыл.
«Аль-Хол» лагериндеги качкын кыз. Сирия. Март, 2019-жыл.

Өкмөт өкүлүнүн айтымында, лагерге тажикстандык аялдар менен балдар ИМ тобунун башка мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрү менен кошо, Багус аймагы бошотулган соң жеткирилген.

Тажикстандын бийлиги быйыл жазында Ирактан аталары өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгон 84 баланы алып келген. Бул балдардын энелери болсо Ирак сотунун чечими менен узак мөөнөткө түрмөгө камалган.

«Качкындар адам чыдагыс оор шарттарда жашап жатышат»

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 11-сентябрда Сириядагы согуштун кесепети тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда качкындар лагерлеринде «аялдар менен балдар адам чыдагыс оор шарттарда» жашап жатканы айтылат. Ошондой эле балдардын көбү 12 жашка чыга элек жана 3,5 миңден ашууну туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.

БУУнун 21 барактан турган баяндамасында кеп болгондо, айрыкча «Аль-Хол» лагерине байланыштуу өзгөчө тынчсыздандырат. Бул жакта жүздөгөн адамдар, айрыкча балдар тамак-ашка, медициналык жардамга жетпей кырылып жатканы белгиленген.

Сирияга азгырылып кеткен кыргызстандыктар жана алардын жакындары да акыркы эки жылдан бери кыргыз өкмөтүнө кайрылып, качкындар лагерлеринен мекенге кайтарууну өтүнүшкөн. Азырынча Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктардын так саны тууралуу маалымат жок. Аптанын башында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сирия менен Ирактан кыргызстандык жарандарды алып келүү аракети көрүлүп жатканын маалымдаган. Анын сөзү боюнча, министрлик жакында Багдадга барып 70тей кыргызстандык баланы алып келет. Мындан тышкары, министр Сириядагы кыргыз жарандарын да алып келүү боюнча Сириянын бийлиги менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан.

Сириядагы качкын келин уулу менен.
Сириядагы качкын келин уулу менен.

«Бизди алып кеткилечи...»

Былтыр Казакстандын бийлиги Сириядан 200гө жакын аялдарды жана балдарды алып келген. Кийинчерээк Өзбекстан да Сириядан аялдар менен жаш балдарды алып келген. Өзүн «Сириядагы качкындар лагерлеринин биринде турабыз» деп билдирген кыргызстандык келин коңшулаш өлкөлөрдүн жарандары мекенине кайтарылып жатканын белгилеп, кыргыз өкмөтү да кыргызстандык качкындарды кайтарса деген тилегин «WatsApp» аркылуу «Азаттыкка» билдирген эле:

Бизди кечирип, мекенибизге алып кетүүңүздөрдү өтүнөбүз.


«Биз күрттөрдүн лагеринде турабыз. Бул жакта жашоо оор. Жалаң аялдар жаш балдарыбыз менен кыйналып жатабыз. Бул жашоодо жаңылбаган адам болбосо керек, бизди да кечирип, Казакстан сыяктуу мекенибизге алып кетүүңүздөрдү өтүнөбүз».

Тилекке каршы кийинчерээк бул келин менен байланыш үзүлүп, анын жана балдарынын кийинки тагдыры белгисиз.

«Азаттыктын» тажик кызматына да жакында эле Сириядагы «Аль-Хол» лагеринен тажикстандык келин кайрылып, балдары менен адам чыдагыс оор абалда калганын билдирген. Көп өтпөй бул келин менен да байланыш таптакыр үзүлгөн.

Кыргыз өкмөтү Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатканын билдирген.

Сириядан кайтарылган аялдар реабилитациялык борбордо. Казакстан. Июль, 2019-жыл.
Сириядан кайтарылган аялдар реабилитациялык борбордо. Казакстан. Июль, 2019-жыл.

УКМК болсо өткөн айда Сирия менен Ирактын согуштук аймактарындагы качкындар лагеринде жүргөн кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабы уланып жатканын билдирген. Маалыматка караганда, террордук иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгы аныкталып жатат.

Оштогу «Араван прогресс» уюму жакындары Сирияга азгырылып кеткендердин үй-бүлөлөрү менен иш алып барат. Уюмдун жетекчиси Икбол Исаков Сирияга азгырылып кеткендердин ичинен аялдар менен балдарды алып келүүгө мамлекет милдеттүү деп эсептейт. Бирок ошол эле учурда аларды кайтарып келгенден кийин коомчулук кабыл алууга даярбы деген маселени да тактоо керек деген пикирин билдирди:

Алар Сирияга кетип жатканда да ата-энелерин укпай кетишкен, келген күндө да азыр «кайтарып апкелип бергиле» деп ыйлап жаткан ата-энелерин угабы?


«Биз кайтарып келүү керек деген ою бар адамдарга суроону тикелей берип: «Сиздин балдарыңыз ошол балдар менен чогуу бир мектепте окушун каалайсызбы?» деген суроону бергенде «жок» дебесе да, ойлонуп жооп бере албай калышат. Ошондуктан аларды кайтарууга аракет кылардан мурун аларды канчалык деңгээлде коомчулук кабыл алат, аларды реинтеграция кылууга даярбызбы деген суроолорго жооп табыш керек. Алар Сирияга кетип жатканда да ата-энелерин укпай кетишкен, келген күндө да азыр «кайтарып апкелип бергиле» деп ыйлап жаткан ата-энелерин угабы? Бул маселени түбүнөн иликтеп, иштеп чыгыш керек».

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

Айрым маалыматтарга караганда, Сириядагы «Аль-Хол» лагеринде эле 70 миңдей киши бар. Алардын 10 миңден ашууну чет өлкөлүктөр болсо, 7 миңдейи балдар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG