Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Эрдоган Асадга сөөмөй кезеди


Түрк президенти Эрдогандын "АК" партиянын мүчөлөрүнө кайрылуусу, Анкара, 19-февраль 2020-жыл.
Түрк президенти Эрдогандын "АК" партиянын мүчөлөрүнө кайрылуусу, Анкара, 19-февраль 2020-жыл.

Түркия Сириянын күчтөрү Идлибден чегинбесе, аймакта аскердик операциясын баштай турганын эскертти. Президент Эрдогандын мындай билдирүүсүн Москва сынга алды.

Сирия режиминин Алеппо жана Идлиб аймактарында декабрь айынан бери уланып жаткан чабуулдары 900 миңдей адамды качкынга айлантты. 400дөй жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Жер которгондордун айрымдары Сириянын Түркия менен чек арасына тушташ Азаз шаарчасындагы лагерлерде баш калкалап жатат.

"Жылыткычтар жок, шарт начар, аба ырайы катаал. Өзгөчө түнкүсүн кыйын. Айрыкча балдарга оор болду. Суук тийип ооруп калышты", - деди Азаз шаарынын жанындагы лагерде үй-бүлөсү менен күн кечирип жаткан качкындардын бири Хуссейн Хадажа.

Президент Башар Асаддын күчтөрү Сириядагы көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы таянычы саналган Идлиб провинциясына көзөмөл орнотууну көздөп турат. Алардын жердеги чабуулдарына Орусиянын авиациясы колдоо көрсөтүүдө.

Көтөрүлүшчүлөрдүн таламын талашкан жана Асаддын кетишин каалаган Түркия Москва менен Дамасктан бул чабуулдарды токтотууну талап кылып, Идлибдеги түрк күчтөрү ээлеп турган бекеттерге кошумча күчтөрдү жөнөтүп келди.

Алеппо жана Идлибдеги жер которууга аргасыз болгон тургундар, 13-февраль 2020-жыл.
Алеппо жана Идлибдеги жер которууга аргасыз болгон тургундар, 13-февраль 2020-жыл.

19-февралда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Асаддын күчтөрү артка чегинбесе, Идлибдеги алардын мизин кайтарууну көздөгөн аскердик операция "бир түндө" башталышы мүмкүн экенин эскертти.

"Идлиб операциясы - бул убакыттын гана иши. Биздин мүдөө-максатыбызды түшүнбөгөн Сириянын режимине жана аны шыктандыргандарга Идлибди калтырып кетпейбиз", - деди Эрдоган.

Түрк лидери Сирия күчтөрүнө "Идлибдеги зомбулукту" токтотуу үчүн берилген убакыт бүтүп баратканын, Орусия менен бул маселеде мунаса табылбаганын кошумчалады.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва андай операцияга каршы экенин, бирок Орусия менен Түркия Идлибдеги кырдаалдын курчушун алдын алуу үчүн байланышып турушканын айтты.

Аны улай Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да үн катып, эки тараптын 17-18-февралда Москвада өткөн сүйлөшүүлөрү макулдашуусуз аяктаганын ырастады. Ошондой эле орус тараптын "Идлибде оппозиция менен террорчул күчтөр коюн-колтук алышып кетти" деген позициясын кайталады.

"Сириянын Түркия менен кызматташкан куралдуу оппозициясын террорчулардан ажырата билүү - Идлиб боюнча башкы макулдашуу болчу. Идлиб келишимине ылайык, террорчулар ок атышпоо макулдашуусунун бир бөлүгү боло алышпайт", - деп билдирди шаршемби күнү министр Лавров.

Идлиб провинциясындагы Ариха шаарчасы, 5-февраль 2020-жыл.
Идлиб провинциясындагы Ариха шаарчасы, 5-февраль 2020-жыл.

2018-жылдын сентябрь айында Түркия менен Орусиянын лидерлери Идлибди деэскалация аймагына айландырууну, бул провинцияда ок атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок андан бери аймакта кармаш толук токтой элек.

Асаддын соңку чабуулдарынан жаралган кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн түрк-орус дипломаттарынын сүйлөшүүлөрү буга чейин Анкара шаарында да өткөн. Бирок анда да эки тарап кепке келе алган эмес.

Эл аралык уюмдар жана жардам агенттиктери Идлибдеги чабуулдар токтобосо, Сирияда жаңы гуманитардык кризис жаралышы мүмкүн экенин эскертип жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG