Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Путин менен Эрдогандын келишими


Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус президенти Владимир Путин. Сочи, 22-октябрь, 2019-жыл.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус президенти Владимир Путин. Сочи, 22-октябрь, 2019-жыл.

Түрк-орус президенттери Анкаранын Сириядагы күрд кошуундарын бутага алган операциясына байланыштуу макулдашууга жетишкенин жарыялашты.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин 22-октябрда Сочи шаарындагы кездешүүсүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу 10 пункттан турган мемарандумга кол коюшту.

Документке ылайык, сириялык күрд кошуундары 150 сааттын ичинде Сириянын Түркия менен чектешкен, туурасы 32 чакырымды түзгөн тилкесинен же буфердик аймактан толугу менен чыгып кетиши керек.

Бул мөөнөт 23-октябрда түшкү саат 12де башталат. Ошол эле сааттан тартып Анкаранын «Тынчтык булагы» аскердик операциясы камтыбаган аймактарга Орусиянын аскердик полициясы жана Сириянын чек арачылары киргизилет. Меморандумда алар күрд кошуундарынын буфердик аймактан чыгып кетишине көмөктөшөрү айтылган.

Дээрлик алты күн, алты саатка созула турган бул мөөнөт ичинде ок атылбашы керек. Андан соң Түркия жана Орусия аймактагы коопсуз тилкени чогуу күзөтүшөт.

- 150 сааттык мөөнөт аяктагандан кийин «Тынчтык булагы» операциясы жүрүп жаткан аймактын чыгышы менен батышында Сириянын ички бөлүгүн көздөй 10 чакырымдык кенендиктеги тилкеде түрк-орус кайгуул кызматы өз ишин баштайт, - деди Эрдоган.

Түрк күчтөрү менен күрд кошуундары кагылышкан учур, Рас-аль-Айн шаарынын чети. 17-октябрь, 2019-жыл.
Түрк күчтөрү менен күрд кошуундары кагылышкан учур, Рас-аль-Айн шаарынын чети. 17-октябрь, 2019-жыл.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд кошуундарын бутага алган «Тынчтык булагы» операциясын 9-октябрда баштаган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөй турганын билдирген. Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын аракетин кескин айыптап чыгышкан.

17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын токтото турууга макул болгон. Беш күндүк ок атышпоо тууралуу макулдашуунун алкагында күрд кошуундары Түркиянын чек арасына жакын аймактан чыгып кетиши керек эле.

22-октябрда бул мөөнөт бүтөөр алдында жана түрк-орус президенттеринин билдирүүсүнөн бир аз мурда сириялык күрд кошуундары макулдашуунун талабын аткарып, аймактан чыгып кетишкенин билдиришти.

Расмий Анкара сириялык күрддөрдүн күчтөрүн Түркияда тыюу салынган «Күрд жумушчулар партиясы» менен байланыштырып, аларды «террорчулар» деп атап келет. Орус президенти Владимир Путин Сочидеги басма сөз жыйынында Түркиянын тынчсыздануусун түшүнөрүн, ошол эле учурда Сириянын аймактык бүтүндүгү да сакталышы керек экенин айтты:

- Биз Түркиянын өз улуттук коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы кадамдарына түшүнүү менен мамиле кыларыбызды бир нече жолу айтканбыз. Бул аймакта терроризм коркунучунун күчөгөнү, улуттар жана конфессиялар арасындагы карама-каршылыктын көбөйгөнү тууралуу Түркиянын тынчсыздануусун да тең бөлүшөбүз. Биздин оюбузча, кийинки убакта мындай карама-каршылыктар сырттан атайылап күчөтүлүп жатты.

Сириянын түндүгүнөн чыгып жаткан америкалык күчтөр. 20-октябрь, 2019-жыл.
Сириянын түндүгүнөн чыгып жаткан америкалык күчтөр. 20-октябрь, 2019-жыл.

Орусия Сирияда сегиз жылдан ашкан жарандык согушта президент Башар Асадды жактап келет. Түркия менен АКШ көтөрүлүшчүлөрдүн эки башка тобуна колдоо көрсөткөн.

Түркиянын операциясы башталарда Кошмо Штаттар Сириянын бул аймагындагы миңдей жоокерин коопсуз жакка чыгарып кетүүгө буйрук берген эле. «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы уруштарда Вашингтонго арка-жөлөк болуп, Сириянын бир катар аймактарын экстремисттик топтон бошотууга көмөктөшкөн күрд күчтөрү бул чечимди катуу сындашкан. Бирок Ак үй «Сириядагы күрддөрдү ара жолдо таштап кетти» деп өзүнө коюлган дооматтарды четке каккан.

Маселен, 21-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркиянын чабуулу тууралуу суроого жооп берип жатып, президент Дональд Трамп «керек болсо» аскердик күчтөрдү колдонууга даярдыгын кыйыткан болчу.

Ал арада эл аралык коомчулуктун сынына кабылган Сириянын президенти Башар Ассад 22-октябрда Идлиб шаарына барып, ал жакта түрк президенти Эрдоганды «ууру» деп атаганын Сириянын мамлекеттик «SANA» жаңылыктар агенттиги кабарлады.

- Ал [Эрдоган] заводдорду, буудай менен мунайды карактады. Бүгүн ал жерди карактап жатат, - деп билдирген Ассад.

Буга чейин Ассаддын өкмөтү Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясын айыптап, күрд кошуундарына колдоо көрсөтөөрүн ишарат кылган эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG