Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Эрдогандын өктөм эскертүүсү


Түркия күчтөрүнүнүн аскердик операциясы учурунан бир көрүнүш.
Түркия күчтөрүнүнүн аскердик операциясы учурунан бир көрүнүш.

Түркиянын Вашингтондун ортомчулугу менен жетишилген Сириянын түндүгүндөгү беш күндүк ок атышпоо келишими бүгүн, 22-октябрда аяктаганы турат. Эгерде күрд куралдуу топтору анын чек арасына жакын аймактардан алыс кетпесе, аскердик операциясын кайра жаңыртып баштай турганын Анкара катуу эскертти. 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эгер күрд жоочулары АКШны ортого салып жетишилген ок атышуу тууралуу макулдашууну аткарбаса, Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик операция кайра баштала турганын алдын ала бекем эскертти.

Бул тууралуу ал 22-октябрда Анкарадан Орусиянын Сочи шаарына кесиптеши Владимир Путин менен жолугууга кетип жаткан кезде айтты.

Эрдогандын сөзүнө караганда, Анкара террордук уюм деп санаган Сириядагы күрддөрдүн элдик коргонуу кошуундары чек ара аймагынан, Түркия коопсуз аймак түзө турган жерлерден чыгып кетиши керек.

- Биздин мекемелер кырдаалды жеринде көзөмөлдөп жатат. Эгер бизге Америка берген убада аткарылбаса, биз операцияны токтогон жерибизден мурдагыдан да күчтүү дем менен баштайбыз, - деди Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик операциясын токтото туруу боюнча Вашингтондун ортомчулугу менен жетишилген беш күндүк ок атышпоо келишими 22-октябрда аяктаганы турат.

- Чыгып кетүү процесси уланып жатат. Менин коргоо министринен алган маалыматыма караганда, элдик коргонуу кошуунунун 700-800 согушкери чыгарылды. Калган 1200-1300дөйү да чыгарылып жатканын айтышты. Биз буга көз салып турабыз, - деп бекемдейт түрк президенти.

Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган.
Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган.

Эрдогандын орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолугушкан учурдагы негизги темалардын бири дал ушул Сирия кризиси болору күтүлүүдө.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик жортуулун 9-октябрда баштаган. Расмий Анкара чек арасынан ары карай 120 чакырым аралыкта коопсуздук тилкесин түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөгөнүн бир нече убакыттан бери айтып жатат.

Түркиянын аскердик жортуулу Сириядагы жаңы гуманитардык кризиске алып келди. 200 миңдей киши салгылашуулардан качып, жер которууга аргасыз болду. Ошондой эле жүздөгөн адам көз жумганы да айтылууда. Уруштарда жер которууга аргасыз болгон сириялык күрд Сулайман Мухаммад:

- Үйдүн баары талкаланды. Мен бул жерге үй-бүлөм менен келдим. Менин беш балам бар, баарыбыз беш кишибиз. Менин иним менен карындашым жана жакын тууганым да мени менен. Эми биз кайда барабыз?

Октябрдын башында АКШ президенти Дональд Трамп Сириянын түндүк-чыгышындагы миңдей жоокерин чыгарып кетүүгө буйрук берген. Ошондон кийин Түркия кошуна өлкөгө кирип барып, чек ара аймагындагы күрд кошуундарына каршы аскердик операциясын баштаган. Ал кошуундар буга чейин “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы уруштарда Вашингтонго арка-жөлөк болуп, ар тараптан колдоп келген. Бирок Трамптын аскерлерди чыгаруу боюнча кабыл алган чечимин АКШнын өзүндө да көптөгөн саясатчылар ачык сындап чыккан.

Сириянын түндүгүнөн кетип жаткан АКШ аскерлери. 21-октябрь, 2019-жыл.
Сириянын түндүгүнөн кетип жаткан АКШ аскерлери. 21-октябрь, 2019-жыл.

Ошол эле маалда АКШнын коргоо министри Марк Эспер Сириядагы америкалык айрым аскер күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү мунай кендерине жакын жерлерде кала бере турганын 21-октябрда Кабулда өткөргөн пресс-конференциясы учурунда айтты:

- Аскерлерди чыгаруу процесси бир нече күнгө эмес, апталарга созулат. Бул аралыкта мунай кендерине жакын жердеги бөлүктөрүбүз кала берет. “Сирия демократиялык күчтөрү” менен иштешкен ал аскерлер “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму же башка террорчулар ошол мунайдан киреше табышына жол бербей, алдын алууну көздөшөт.

Ал эми 21-октябрда Сирияда тартылган видеодон күрддөр АКШнын аймактан тышка кетип жаткан аскердик унааларын картошка менен уруп, "Америка жалганчы" деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG