Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Сирия: Түркиянын операциясы элди дүрбөттү


Сириянын түндүгүндөгү Рас-эл-Айн шаарына урулган соккудан кийин каптаган кара түтүн.
Сириянын түндүгүндөгү Рас-эл-Айн шаарына урулган соккудан кийин каптаган кара түтүн.

Дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы чабуулуна тынчсызданууда. Бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында талкуулоо боюнча да сунуштар түштү. Анкара Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын кечээ, 9-октябрда баштаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Европа Биримдигинин жана араб өлкөлөрүнүн түрк аскерлеринин Сириянын түндүгүндөгү жортуулу тууралуу дооматына жооп кайтарды.

Ал 10-октябрдагы телекайрылуусунда эгер алар Анкаранын күрддөргө каршы чабуулун "мыйзамсыз бастырып кирүү" деп расмий тааный турган болсо, Европа Биримдигиндеги өлкөлөр менен чек арасын ачып саларын, 3 миллиондон ашык сириялык качкындын агымын токтотпой коерун эскертти:

Түркиянын президенти.
Түркиянын президенти.

- Эй, Европа Биримдиги, эсиңерге келгиле. Мен муну кайрадан айтып жатам. Эгер силер, бул операцияны басып кирүү катары белгилесеңер, анда биз жөн гана чек араны ачып койобуз да, 3,6 миллион качкынды силердин көздөй жолго салабыз... Сауд Арабия өзүн күзгүдөн карасын. Аны Йеменге кайсы мамлекет алып келди? Анын (Йемендин) бүгүнкү абалын карагыла. Эмне, Йеменде миңдеген адамдар көз жумган жокпу? Эй, Сауд Арабия, биринчи ушуга жооп бер. Силер биздин Сириядагы биримдик жана тилектештик кадамыбыз тууралуу пикир айта албайсыңар. Египет, силер такыр эле эч нерсе сүйлөй албайсыңар. Силер демократияны өлтүргөн мамлекетсиңер.

Анкара чек арага жакын жердеги сириялык күрддөрдү бутага алган «Тынчтыктын булагы» аттуу аскердик операциясын 9-октябрда кечкурун баштаган. Түркиянын Коргоо министрлиги жортуул башталгандан бери абадан жана жерден 181 сокку урулганын маалымдады.

Сириянын түндүк-чыгышын көзөмөлдөгөн күрттөрдүн «Сирия демократиялык күчтөрү» Түркиянын соккуларынан кеминде 9 карапайым тургун өлгөнүн билдирүүдө. Алардын айтымында, мисалы, бир үй-бүлө 11 жаштагы уулунан ажыраса, жети жаштагы кыздын буту жулунуп кеткен.

Эрдоган Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы чабуулду "террорчулукка каршы күрөш" деп атап жатат. Анын сөзүнө караганда, жортуул башталгандан тарта күрд куралдуу күчтөрүнүн 100дөн ашык жоочусу өлтүрүлдү. Анкара аларды террордук топко теңейт. Ага чейин, кечээ аскердик операция башталгандан бери 15 киши өлгөнү кабарланып жаткан. Анын жарымы карапайым адамдар экени айтылды.

Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уюмунун маалыматына караганда, Анкаранын абадан жана жерден баштаган чабуулунан улам Сириянын түндүгүнөн 60 миңдей эл качты.​

- Мага айтышканына караганда, бул кишинин үйүнө же ал жашаган аймакка сокку болгон, - деди Сириянын түндүгүндөгү оорукананын дарыгери жарадарлардын бирин карап жатып. - Андан чачыраган сыныктар тийип, башынан, моюнунан, курсагынан жаракат алган. Биз азыр рентген жасадык. Сыягы бул кишиге чоң операция талап кылынат. Биздин биринчи ишибиз - азыр канын токтотушубуз керек.

Сириянын түндүк-чыгышын көзөмөлдөгөн «Сириянын демократиялык күчтөрү» чек ара аймагында оор кагылышуулар болуп жатканын кабарлады. Кыймылдын айтымында, алар түркиялык күчтөрдүн Рас-эл-Айн жана Тал-Абьяд шаарларына багытталган чабуулунун мизин кайтарууга жетишкен.

Күрддөр азыр Сириянын түндүк-чыгышы менен түндүгүн же Евфрат дарыясынын чыгышын көзөмөлдөп турушат. Алар аймагын АКШнын колдоосу менен «Ислам мамлекети» террордук тобун сүрүп чыкканда кеңейтүүгө жетишкен.

«Сириянын демократиялык кеңеши» деп аталган күрттөрдүн дагы бир уюму Түркиянын чабуулунан кийин «Ислам мамлекети» террордук тобунун камактагы согушкерлеринин качып кетүү ыктымалдыгы бар экенин эскертти:

- «Ислам мамлекетинин» мүчөлөрү камалган бир түрмө «Сириянын демократиялык күчтөрүнүн» көзөмөлүндө болчу. Кечээ түрктөрдүн аскердик учактары бомбалады. «Ислам мамлекетинин» согушкерлеринин айрымдары касып кеткен болушу да мүмкүн, - «Сирия демократиялык кеңешинин» өкүлү Илхам Ахмед.

Анкаранын дарегине айтылган чакырыктар

Түштүк Африканын БУУдагы элчиси, Коопсуздук кеңешинин азыркы төрагасы Жерри Мэтьюс Матжила Түркияны карапайым адамдарды коргоого жана болушунча сабырдуу болууга үндөдү.

Ал эми Франция, Германия, Улуу Британия, Белгия жана Польша 10-октябрда Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынында Сириянын түндүгүндөгү кырдаалда талкуулоону сунуш кылышкан.

Еврокомиссиянын кызматынан кетип жаткан башчысы Жан-Клод Юнкер Анкараны сабырдуулукка чакырды. Европа Биримдигинин Тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини болсо, Түркиядан бир тараптуу аскердик операциясын токтотууну талап кылды:

Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

- Түркиянын Сириянын түндүк-чыгышындагы операциясы капсалаңдуу Сирия согушунун тарыхындагы жаңы кайгылуу абалды жаратышы мүмкүн. Мындай аскердик операциянын кесепети баарыбызга белгилүү. Гуманитардык, саясий, аскердик жана стратегиялык жактан кесепеттер оор болушу мүмкүн. Ушул себептерди эске алып, биз Түркияны бир тараптуу баштаган аскердик аракеттерин тезинен токтотууга чакырабыз.

Египет, Ирак, Сауд Арабиясы сыяктуу 22 өлкөдөн турган Араб мамлекеттер лигасы да Түркиянын чабуулун министрлердин деңгээлинде 12-октябрда талкуулаганы жатат.​

Эрдогандын Европа Биримдигинин жана араб өлкөлөрүнүн дарегине ызырынып айткан сөзү ушул сындарга жана чакырыктарга жообу болду.

Түркиянын көздөгөнү эмнеде?

Анкара Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарын, анын ичинде АКШга ыктаган «Сириянын демократиялык күчтөрүн» «террорчулар» деп мүнөздөп келет. «Сириянын демократиялык күчтөрү» - президент Башар Асадга каршы оппозициядан куралган. Алар «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштө америкалык аскерлердин негизги өнөктөшү болгон.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы жортуулу менен эки максатты көздөйт: биринчиси – өзүнүн коопсуздугуна коркунуч деп санаган күрттөрдүн «Сириянын демократиялык күчтөрүн» жана анын Элдик коргонуу кошуунун (YPG) чек арасынан алыс сүрүп салуу болсо, экинчи максаты – Сириянын ички аймагына азыркы учурда Түркияда жүргөн 3,5 миллиондон ашуун сириялык качкындын 2 миллионун жайгаштыруу. Ошондой эле Анкара чек ара аймактарын «Ислам мамлекети» тобунун жоочуларынан тазалоону максат кыла турганын айтууда.

Анкара буга чейин чейин Сириянын 32 чакырым ичкери аймагына коопсуздук тилкесин түзүүнү АКШга сунуштап, бирок Вашинтон бул демилгени созо бере турган болсо, өз алдынча аракет көрө турганын эскертип келген.

Ал эми жакында президент Режеп Тайып Эрдоган коопсуздук тилкесинен да ичкери, Ракка жана Дейр-эз-Зор шаарларына чейин баруу тууралуу ниетин айтып, бул көптөгөн сириялыктардын өз мекенине кайтып баруусуна шарт түзө турганы менен негиздеген.

АКШдагы Түркияга санкция киргизүү сунуштары

АКШнын президенти Дональд Трамп Анкаранын аскердик операциясын «жаман идея» деп мүнөздөп, Анкара аша чапкан аракеттерге барса, экономикалык кесепети оор болорун айтты. Ошол эле кезде Трамп Түркия миллиондогон качкынды өз мекенинде кармап келе жатканын белгиледи:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Аларды кайтарууну каалайт. Бирок ал муну кандай жасай турганын көрөбүз. Ал муну акырын да, катуу да жасай алышы мүмкүн. Эгер ал муну адилетсиз түрдө жасаса, анда анын баасы экономикалык жактан кымбатка түшөт.

Мындан төрт күн мурун президент Трамп түрк лидери Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Түркиянын операциясына аралашпай турганын айткан. Бул чечим АКШнын өзүндө да, сыртында да сынга кабылган. Ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпео 9-октябрда Вашингтон Түркиянын аскердик операциясын эч убакта колдобогонун билдирди.

Ал арада Сенаттагы эки партия тең Түркиянын саясий жана аскердик жетекчилигине, анын ичинде президент Режеп Тайып Эрдоганга каршы санкциялык мыйзам долбоорун иштеп жатышканы маалым болду.

«Reuters» агенттиги мыйзам долбоорунда Вашингтонго НАТОдогу өнөктөшү - Анкарага америкалык курал-жаракты сатууга да тыюу салынышы мүмкүн экенин жазды. Мыйзамдын бир бөлүгү Түркияга Орусиядан С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык системаны сатып алганы үчүн киргизилмекчи.

Орусиядан курал-жарак сатып алганы үчүн Анкараны НАТОдогу эң ири өнөктөшү болгон АКШ сынга алып, санцияларды киргизерин буга чейин эле эскерткен.

Орусия жана НАТОнун пикири

НАТОнун жетекчилиги Түркияны Сирияда баштаган аскердик операциясын жүзөгө ашырууда аша чаап кетпөөгө чакырды. Римде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркиянын коопсуздукка байланыштуу негиздүү жүйөсү бар экенин айтып, ошол эле кезде астейдил болууга үндөдү:

Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

- Түркия Сириянын түндүгүндө көрүп жаткан аракеттеринде аша чаппастан, кылдат болот деп ишенгим келет. Биз өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган жалпы душманыбызга каршы бирге жетишкен ийгиликтерибизди коркунуч алдында калтырбашыбыз керек. Себеби бул террордук топ дагы эле Жакынкы Чыгышта, Түндүк Африкада жана биздин өлкөлөрүбүзгө кооптуу болууда.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Туркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшкөн сөзүндө кызматташын чабуул коюудан мурда кылдат ойлонууга чакырган.

Кремль.
Кремль.

«Путин түрк өнөктөштөрүн жалпылап жасап жаткан Сирия кризисине жөнгө салуу ишине кедерги тийгизип албаш үчүн кырдаалды кылдат ойлонууга чакырды», деп айтылат Кремлдин тараткан билдирүүсүндө.

Анкара аскердик операциясы Сириянын аймагында 30 чакырымдык коопсуздук зонасын түзүүнү гана көздөйт деп ишендирүүгө аракет кылууда. Анкара бул коопсуз тилкеге Түркияда баш калкалап жаткан 3,5 миллиондон ашык качкындын эки миллионго жакынын жайгаштыргысы келет. Анкаранын аскердик операциясына Сириянын президенти Башар Асадга каршы күрөшүп келген, Түркияны колдогон «Сириянын эркин армиясы» тобу да кошулду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG