Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:42

АКШнын чабармандары Түркияга келди


Жайкын тургундар Кобани шаарынан алысыраак качып кетишүүдө. Сирия, 16-октябрь, 2019-жыл.
Жайкын тургундар Кобани шаарынан алысыраак качып кетишүүдө. Сирия, 16-октябрь, 2019-жыл.

Трамп администрациясынын чабармандары согуштук аракеттерди токтоттуруу вазийпасы менен Анкарага барышты. Түркиянын президенти болсо Сириянын түндүгүндөгү операцияны аягына чыгарып, аймактагы коопсуздукту камсыз кыларын айтып жатат.

АКШ вице-президенти Майк Пенс баштаган топ 17-октябрда президент Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушканы турат.

Президент Дональд Трамп Сириянын аймагына кирип барып, күрддөргө каршы операция баштаган Анкарадан ок атышууну дароо токтотууну талап кылып келатат. Пенс менен кошо регионго мамлекеттик катчы Майк Помпео жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Роберт О`Брайн жөнөштү.

Шаршембиде Эрдоган бир катар өлкөлөрдүн ок атышууну токтотуу тууралуу талаптарын четке кагып, Түркия «эч качан террордук уюм менен сүйлөшүүлөрдүн үстөлүнө отурган эмес» деп билдирди. Түрк мамлекет башчысы «террорчулар куралдарын ташташсын», «коопсуз зона деп белгиленген тилкеден чыгып кетишсин» деген талап койду.

Мурунку күнү Эрдоган түрк армиясы операциянын өтөсүнө чыгарын айткан:

Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 16-октябрь, 2019-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 16-октябрь, 2019-жыл.

- «Тынчтык булагы» операциясынын эки максаты бар. Биринчиден, Сириянын түндүгүндө жайгашкан террористтик топтордун, «Күрддөрдүн жумушчу партиясынын» базаларын толугу менен жок кылууну көздөйбүз. Экинчиден, 8 жылдан бери биз өлкөбүзгө батырып келаткан 3 миллион 650 миң сириялык арабдар аман-эсен мекенине кайтсын дейбиз.

9-октябрда кошуна өлкөнүн түндүгүнө басып кирген Түркия Сириянын аймагында, чек арадан 30 чакырым алыс жерде «коопсуз тилке» түзүүнү, ал жерди күрд террорчуларынан тазалоону көздөгөнүн айткан. Анкара күрд кошуундарын террорчу деп эсептейт. Ал эми ошол куралдуу бөлүктөр баштаган «Сириянын демократиялык күчтөрү» «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна каршы урушта АКШнын аймактагы негизги өнөктөшү болуп келген.

Өткөн жумада президент Трамп түрк чек арасына жакын чөлкөмдө жайгашкан Сириядагы америкалык аскерлерди чыгарууга буйрук берип, Вашингтон Анкаранын мурунтан пландалган бул жортуулуна кийлигишпей турганын айткан.

Операция башталгандан кийин ушул аптанын башында күрддөр Орусияны ортого арачы кылып салып, Сириянын президенти Башар Асаддын өкүлдөрү менен сүйлөшкөн. Жыйынтыгында өкмөттүк күчтөр түрк аскерлерине туруштук берүүгө колдоо көрсөтүш үчүн жардамга жөнөтүлгөн.

Сириянын Манбиж шаары. 15-октябрь, 2019-жыл.
Сириянын Манбиж шаары. 15-октябрь, 2019-жыл.

Шейшемби күнү Сирия армиясы мурда АКШнын 2 базасы жайгашкан жана өнөктөштөрүнүн колунда болуп келген Манбиж шаарын ээлеп алды. Маалыматтарга караганда түрк жана сирия аскерлеринин кагылышууларынын алдын алыш үчүн тилкени орусиялык аскердик полиция күзөтүп жатат.

16-октябрда Кремль түрк армиясынын Сириядагы аскердик аракеттери мурда белгиленген максаттардын чегинен ашпайт деп үмүттөнөрүн билдирген.

- Биз Түркиянын коопсуздугун коргоо багытындагы кадамдарын урматтайбыз. Бирок аскердик операция өзүн-өзү коргоо чараларынын, коопсуздук максатынын чегинен чыкпайт деп ишенебиз. Президент Владимир Путин 15-октябрда телефон сүйлөшүүсүндө баса белгилегендей, операция Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча саясий процесске тоскоол болбойт же терс таасир тийгизбейт деп үмүттөнөбүз, - деди орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Мурунку күнү түрк тараптын демилгесине ылайык Эрдоган менен Путин телефондон сүйлөшкөнү кабарланган. Анын жыйынтыгында Путин түрк мамлекет башчысын Москвага чакырганы белгилүү болду.

Салгылашуулар күч алганы күрддөр «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында согушкан жихадчылар жана алардын үй-бүлөлөрү кармалган лагерлерди кайтаруу кыйындаганын айтышууда. Ал лагерлерде бир топ борбор азиялыктар да бар.

Шаршембиде Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турганын, учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын маалымдады.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганы, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин ичинен 150гө жакыны аялдар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG