Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:18

Түрк кеңешинин табышмактуу декларациясы


Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жетинчи жыйыны.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түркиянын Сириядагы аскердик операциясына колдоо көрсөтүшкөнүн расмий Анкара билдирди.

Уюмдун курамындагы мамлекеттер Бакудагы саммитте бул тууралуу бирдиктүү декларация кабыл алышканын Түркиянын «Анадолу» мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

«Лидерлер Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясы террорчулукка каршы күрөшкө салым кошот жана Сириянын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга, жер которгон сириялыктардын өз эрки менен мекенине кайтып келишине шарт түзүүгө көмөктөшөт деген ишеничин билдиришти» деп айтылат декларацияда.

Ушундай эле жаңылыкты түрк президентинин маалымат бөлүмү да өз сайтына жайгаштырды.

Бирок азырынча Түрк кеңешинин мүчөсү болгон башка мамлекеттердин маалымат каражаттары бул декларациянын мазмуну тууралуу маалымат берүүгө шашылбай турушат.

Атап айтканда, бүгүн, 16-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү да азырынча декларациянын тексти келе элек экенин кабарлашты. Түркия жар салып, башкалары үндөбөгөн декларация тууралуу кабар эл аралык турмушка көз салган байкоочулар арасында бир катар суроолорду жаратты.

КМШга кылчактаган, кыз-келиндерин кыйбаган өлкөлөр

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Кыргызстандын бул декларация тууралуу маалымат берүүдөн карманып турганын мындайча чечмеледи:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

- Түрк кеңеши азыр толук жарамдуу экономикалык уюмга айланганга кадам таштады. Түркия эми буга мотор болуп бере алабы же жокпу, көрө жатарбыз. Эми Сирияга Түркиянын аскер киргизгени боюнча түрк тилдүү өлкөлөр да оюн айтышы керек. Бирок унчукпай турушат. Анткени эки ача жол болуп калды. Азыр баары «кесепети кандай болот, ири өлкөлөргө жаман көрүнүп калабызбы» деп ойлонуп жатышат. Кыргызстан болсо тышкы мамилелерге келгенде көп учурда унчукпай эле коет. Мисалы, БУУда буга чейин «Орусияны баскынчы катары көрөбүз» деген декларацияга келгенде каршы чыккан. Крымды «аннексияланган аймак» дегенде добуш берүүдөн баш тартты. Ошонун эле уландысы болуп жатат.

Эске сала кете турган жагдай - Түрк кеңешинин бул жыйынына катышкан тараптардын басымдуу бөлүгү (Казакстан, Азербайжан, жаңыдан уюмга кошулган Өзбекстан да), тагыраак айтканда сөз болуп жаткан декларация тууралуу маалымат берүүдөн карманып турган өлкөлөр - КМШнын мүчөлөрү.

КМШда Орусиянын орду салмактуу экенин эске салганда, Москванын Сириядагы Түркиянын операциялары тууралуу көз карашы чоң роль ойной турганы жашыруун эмес.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 10-октябрда Ашхабад шаарында жүргөндө Түркиянын күрд кошуундарына каршы чабуулу тууралуу мындайча комментарий берген:

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

- Биз Түркиянын өз чек арасындагы коопсуздук чараларын көргөн мыйзамдуу кооптонуусун түшүнүп турабыз. Ошол эле учурда операция Анкара менен Дамасктын ортосундагы 1998-жылдагы «Адан макулдашуусу» деп аталган келишимдин алкагында гана жүрүшү керек экенин белгилейбиз.

Бирок Түркиянын Сириядагы операцияларына Борбор Азиядагы түрк тилдүү калкы бар мамлекеттердин тиешесин көрсөткөн жок эле дегенде бир жагдай бар. Ал - «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында согушкан борбор азиялык туткундар жана жихадчылардын үй-бүлөлөрү. Чек арада башталган уруш алардын абалын да, кайтаруу иштерин да кыйынчылыкка учуратты. Түрк аскерлери Сириянын ичкери аймагына жылган сайын салгылашуулар күч алып, «Ислам мамлекети» террордук уюму талкалангандан кийин кармалган туткундар жайгаштырылган лагерлерге жетиш кыйын болуп калды.

Түркия жана Түрк кеңеши

Эмнеси болсо да Түркия бул жыйынды Сирия боюнча өз позициясын күчөтүп, аймактагы өз ордун бекемдеш үчүн пайдаланганын айткандар бар. Анткени​ Режеп Тайып Эрдогандын «доллардын биздин жалпы экономикага таасирин азайтуу аракетин көрүшүбүз керек» деп ушул жыйында айткан сунушу да Түркиянын Сириядагы операциясына карата АКШнын каршы аракеттери күч алып турган учурга туш келип отурат.

Азербайжандык саясат таануучу Зардушт Ализаде «Азаттык» менен болгон маегинде Түркия үчуң бул саммитте Сириядагы аракеттерине колдоо табышы маанилүү:

Зардушт Ализаде.
Зардушт Ализаде.

- Биринчиден, бардык саясатчылар өз саясатын алдына сүрөш үчүн бардык платформаны колдонууга аракет кылат. Бул маселеде Эрдоган деле четте турбайт. Балким Түрк кеңешинин колдоосуна Түркия анча деле муктаж эмес чыгар. Ошентсе да Батыштын Анкаранын чөлкөмдөгү таасирин азайтуу аракетине каршы Түркия өз кызыкчылыгын коргоо маселесинде жалгыз эмес экенин көрсөткүсү келбей койбойт.​

Саясат таануучу «Орусия ачык айтпаса да, Түркиянын Сириядагы операциясын колдой» турганын кошумчалады.

АКШнын аракети, ИМдин сөлөкөтү

Бир күн мурда Вашингтон Анкарага санкция салып, Түркиянын бир катар министрлерин «​кара тизмеге» киргизген. Санкция салынган аткаминерлердин сап башында Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар турат. Андан тышкары ички иштер министри Сулейман Сойлу жана энергетика министри Фатих Дөнмездин АКШдагы акчалай операциялары токтотулат.

- АКШ аймакта туруксуздук орноп, түрк күчтөрү тарабынан зомбулуктун күч алышына Түркиянын өкмөтү жооптуу деп эсептейт, - деди Кошмо Штаттардын финансы министри Стивен Мнучин.

Президент Дональд Трамп АКШ чабуулду токтотууну катуу талап кыларын жана Түркияга эң катаал санкциялар колдонуларын эскертип жатканын белгиледи.

Ал эми Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чаввушоглу 11-октябрда «New York Times» гезитинде макаласын жарыялаган. Анда ал расмий Анкаранын позициясын мындай түшүндүргөн эле:

Мевлүт Чавушоглу.
Мевлүт Чавушоглу.

«Биз бир нече жолу, анын ичинде БУУнун Башкы Ассамблеясында да коопсуз тилке түзүүнү сунуш кылганбыз. Биз АКШны террорчуларга колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырган элек. Бирок коопсуздук тармагындагы америкалык бюрократия Демократиялык кошуун/Улуттук өзүн өзү коргоо отряддары (PYD/YPG) деген ат менен белгилүү болгон топ менен өз байланышын үзө албай койду. Ал тургай америкалык расмий адамдар, анын ичинде коргоо министри «Сирия демократиялык күчтөрүнүн» өзөгүн түзгөн PYD/YPG АКШда, Евробиримдикте жана НАТОдо террордук уюм катары таанылган Күрдстан жумушчу партиясынын ажырагыс бөлүгү экенин моюнга алышкан».

Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарын бутага алган чабуулун 9-октябрда баштаган. Түрк бийлиги Сирияда коопсуз тилке түзүүнү жана ал жакка сириялык качкындарды жайгаштырууну максат кыларын билдирип жатат.

Түрк кеңешинин 15-октябрда Бакуда өткөн VII саммитине Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын туңгуч лидери Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев жана өзбек лидери Шавкат Мирзиёев катышты. Ошондой эле Бакуга уюмга байкоочу мамлекет болгон Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын вице-премьер-министри Пурли Агамурадов да келди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG