Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Дамаск армияны күрддөргө жардамга жөнөттү


Тел Тамер шаарчасынын тургундары өкмөттүк армияны кубануу менен тосуп алышты. Сирия, 14-октябрь, 2019-жыл.
Тел Тамер шаарчасынын тургундары өкмөттүк армияны кубануу менен тосуп алышты. Сирия, 14-октябрь, 2019-жыл.

Сириядагы күрддөрдүн лидерлери Москва арачылык кылган сүйлөшүүлөрдө Башар Асад өкмөтү менен азырынча чек арага аскерлерди гана жайгаштыруу жөнүндө кеп болгонун билдиришти. Ал эми саясий маселелер кийинчирек талкууланмакчы.

14-октябрда Сириянын өкмөттүк аскерлери күрд кошуундары менен макулдашууга ылайык чек арадагы Тел Тамер шаарчасына жайгаштырылды. Жергиликтүү тургундар армияны кубануу менен тосуп алышты.

Күрддөр менен Сириянын жетекчилигинин сүйлөшүүлөрү Орусиянын аскерлери жайгашкан Хмеймим авиабазасында жекшембиде өттү.

Ошол эле күнү Кошмо Штаттар Түркия өз операциясын кеңейткени жатканын, Сириянын түндүгүндөгү бир миң жоокери башка аймактарга көчүрүлөрүн билдирген.

АКШнын коргоо министри Марк Эспер. Виржиния, 13-октябрь 2019-жыл
АКШнын коргоо министри Марк Эспер. Виржиния, 13-октябрь 2019-жыл

- Биздин каршылыгыбызга карабай Түркия Сириянын түндүгүндөгү жортуулун баштады. Акыркы 24 саатта алар чабуулун мурда пландалгандан кеңейтүүнү, батышка карай жылууну көздөп жатканы белгилүү болду, - деген Пентагондун башчысы Марк Эспер «CBS news» каналынын суроолоруна жооп берип жатып.

Анкара кошуна өлкөнүн түндүгүндөгү операцияны бир жума мурун баштаган. Анын алдында АКШ президенти Дональд Трамп америкалык контингенттин Сириянын түндүгүндө жылдардан бери жайгашып келген бөлүктөрүн алып чыгып кетүүнү чечкен.

Түркиянын чабуулунан качкан карапайым эл. Сирия менен Түркиянын чек арасы. 10-октябрь, 2019-жыл.
Түркиянын чабуулунан качкан карапайым эл. Сирия менен Түркиянын чек арасы. 10-октябрь, 2019-жыл.

Түркия операция күрддөр баштаган «Сириянын Демократиялык күчтөрүнө» каршы багытталганын билдирип келатат. Анкара аларды автономия үчүн көп жылдан бери күрөшүп келген, тыюу салынган «Күрддөрдүн жумушчу партиясынын» канаты деп эсептейт.

Күрд кошуундары «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна каршы күрөштө Вашингтондун өнөктөшү болчу.

- Америкалыктар аймактан чыгып кетип, түрктөрдүн жортуулуна жол ачкандан кийин биз башка варианттарды - түрктөрдүн чабуулунун мизин кайтарыш үчүн Дамаск жана Москва менен сүйлөшүүлөрдүн мүмкүнчүлүгүн караштыра баштадык, - деди күрддөрдүн расмий өкүлү Бадран Жиа Күрд.

13-октябрда президент Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы басма сөз жыйынында Түркия баштаган күчтөр сириянын Тел Абияд шаарын камоого алганын билдирди:

Президент Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 10-октябрь, 2019-жыл.
Президент Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 10-октябрь, 2019-жыл.

- Биз 480 чакырымдык террордук коридорду экиге бөлөбүз. Андан кийин Хасака жана Айн аль-Араб шаарчаларын алып, операцияны жыйынтыктайбыз. Мурда айтылган «коопсуз зонанын» картасына ылайык Сириянын аймагына 30-35 чакырым ичкери киребиз.

Анкара ал тилкеге сириялык 2 миллиондой качкынды жайгаштырууну көздөйт. Учурда Түркияда кошуна өлкөдөгү жарандык согуштан качкан 3 жарым миллион киши баш калкалайт.

Бириккен Улуттар Уюмунун санактарына ылайык, аскердик операция башталгандан бери 130 миңден көп карапайым киши там-ташын таштап качкынга айланды.

Сириянын түндүгүндө ошондой эле «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында согушкан туткундар кармалып келет. Салгылашуулар күч алганы күрддөр алардын карамагындагы лагерлерди кайтаруу кыйындаганын айтышууда.

Жекшембиде «Associated Press» агенттиги күрд жетекчилеринин сөзүнө таянуу менен Айн Исса шаарчасынын жанындагы кармоочу жайдан жихадчылардын 700дөй колдоочусу качып кеткенин маалымдады.

Түркиянын чабуулунан качкан карапайым кишилер. Сирия менен Түркиянын чек арасы. 10-октябрь, 2019-жыл.
Түркиянын чабуулунан качкан карапайым кишилер. Сирия менен Түркиянын чек арасы. 10-октябрь, 2019-жыл.

Сириядагы жарандык согушта 2011-жылдан бери 400 миңден ашуун киши кырылды, миллиондогон сириялык жер которууга аргасыз болду. Ал урушта Орусия жана Иран Асаддын таламын талашса, АКШ жана Түркия түрдүү козголоңчу топторду колдоп келишкен.

Еворпанын бир катар өлкөлөрүндө дем алыш күндөрү Түркиянын операциясына нааразылык билдирген акциялар жана жүрүштөр өттү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG