Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

«Анадолу»: Түрк кеңеши Анкаранын Сириядагы операциясын колдоду


Түрк кеңешине кирген мамлекеттердин лидерлери жана делегация башчылары. Баку, 15-октябрь, 2019-жыл.
Түрк кеңешине кирген мамлекеттердин лидерлери жана делегация башчылары. Баку, 15-октябрь, 2019-жыл.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түркиянын Сириядагы аскердик операциясына колдоо көрсөтүшкөнү тууралуу маалымат чыкты. Уюмдун курамындагы мамлекеттер Бакудагы саммитте бул тууралуу бирдиктүү декларация кабыл алышканын Түркиянын «Анадолу» мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

«Лидерлер Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясы террорчулукка каршы күрөшкө салым кошот жана Сириянын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга, жер которгон сириялыктардын өз эрки менен мекенине кайтып келишине шарт түзүүгө көмөктөшөт деген ишеничин билдиришти», деп айтылат декларацияда.

Ушундай эле жаңылыкты түрк президентинин маалымат бөлүмү да өз сайтына жайгаштырды. Бирок азырынча Түрк кеңешинин мүчөсү болгон башка мамлекеттердин маалымат каражаттары бул декларациянын мазмуну тууралуу маалымат бере элек.

Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарын бутага алган чабуулун 9-октябрда баштаган. АКШ баштаган Батыш мамлекеттери Анкаранын операциясын кескин сындап, Түркияга чара көрүүгө чакырышууда. Бир күн мурда Вашингтон Анкарага санкция салды. Түрк бийлиги Сирияда коопсуз тилке түзүүнү жана ал жакка сириялык качкындарды жайгаштырууну максат кылаарын билдирип жатат.

Түрк кеңешинин 15-октябрда Бакуда өткөн VII саммитине Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын туңгуч лидери Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиев жана өзбек лидери Шавкат Мирзиёев катышты. Ошондой эле Бакуга уюмга байкоочу мамлекет болгон Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын вице-премьер-министри Пурли Агамурадов да келди.

XS
SM
MD
LG