Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөсү болду


Уюмга кирген мамлекеттердин жетекчилери.
Уюмга кирген мамлекеттердин жетекчилери.

Өзбекстан расмий түрдө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөсү болду. Мындай чечим бүгүн, 15-октябрда Баку шаарында (Азербайжан) өтүп жаткан Түрк кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Жыйында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «доллардын биздин жалпы экономикага таасирин азайтуу аркетин көрүшүбүз керек» деди.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, уюмдун алкагында инвестициялык фонд ачууну сунуш кылды.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жетинчи жыйынында Кыргызстан уюмдагы төрагалыгынын негизги жыйынтыктарын чыгарды. Уюмдун буга чейинки жыйыны 2018-жылы Кыргызстанда өткөн. Ушул тапта ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мүчө. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG