Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Түркия Сирия менен чек арасын бекемдеп жатат


Сириянын Идлиб провинциясындагы үй-жайсыз калгандар. 5-февраль, 2020-жыл.
Сириянын Идлиб провинциясындагы үй-жайсыз калгандар. 5-февраль, 2020-жыл.

Түркия Сирия менен чек арасына оор аскердик техника жайгаштырууну улантууда. Расмий Анкара билдиргендей, бул даярдык Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн Идлиб шаарындагы соккуларын ооздуктоо максатында көрүлүп жатат.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар "Hürriyet" басылмасындагы маегинде эгер Сириядагы чатакты токтотуу боюнча Орусия менен жетишилген макулдашуу сакталбаса, Анкара өз планын ишке ашырарын билдирди.

Өткөн аптада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын өкмөттүк күчтөрү ушул айдын аягына чейин Идлибден чыгып кетпесе, түрк армиясы аларды аймактан күч менен сүрүп чыгарарын эскерткен.

Идлиб тогуз жылдан бери Сириянын президенти Башар Асаддын режимине каршылык көрсөтүп келген көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы чордону болуп саналат. Асаддын күчтөрү бул аймакты каратып алыш үчүн жаңы чабуулун 19-декабрда баштаган.

Түркия Сириянын оппозициясын, Орусия Башардын өкмөтүн колдойт. Москва менен Анкара Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, демилитаризацияланган аймак түзүүнү макулдашкан. Бирок бул макулдашуунун шарттары бир нече жолу бузулган.

XS
SM
MD
LG