Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Камчыбеков: Адегенде дарыгерлерди сакташ керек


Уран Камчыбеков, Германияда хирург болуп иштеген журтташ.
Уран Камчыбеков, Германияда хирург болуп иштеген журтташ.

Германияда коронавирус жуккандардын саны 26 миңден ашты. 118 адам көз жумду. Ал жактагы ооруканалардын абалы тууралуу Бад Херсфильд шаардык клиникасында жети жылдан бери хирург болуп иштеген журтташыбыз Уран Камчыбеков «Азаттыкка» айтып берди.

- Уран мырза, ушул күндөрү Германияда абал кандай? Ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу клиникаңардагы кырдаалды сүрөттөп бере аласызбы?

- Бир-эки жума мурдагыга салыштырмалуу азыр абал турукташып калды. Коронавирусту бир күндө жугузгандар азайганы кабарланууда. Буга чейин күндөн-күнгө көбөйүп жаткан. Ооруканада абал тынч. Бизде абдан чоң даярдык көрүлдү. Абалы катуу бейтаптардан башкаларынын баары үйүнө чыгарылган. Анткени көп орундарды бошотуш керек болду. Биздин эле ооруканада эки бөлүмдү жана бир интенсив бөлүмдү толугу менен даярдашты. Чукул операциядан башкалары кийинкиге жылдырылган. Ооруканага жакындарын көрүп келүүгө тыюу салынган.

Сырттан эч кандай адамдар киргизилбейт. Азыр баары тынч. Ошентсе да коңшу Италиядай болуп кетсе, кандай болот деген кооптонуу бар. Азыркы учурда COVID-19 вирусун жугузуп алгандар ооруканабызда жок. Бул илдетке кабылган шаардагы жыйырмадай адамдын баары үйдөн дарыланып жатат. Эгер жуккандар көбөйсө, кандай шартта иштей турганыбыз так бөлүштүрүлдү. Кокус дарыгерлер жетишпей баратса, медициналык окуу жайлардын жогорку курстарында окуган студенттер жана ардактуу эс алуудагы дарыгерлер ишке тартылары кабарланды.

- Дарыгерлер коронавирустан сактаган атайын формалар менен камсыздалганбы? Беткап, антисептиктер жетиштүүбү? Анткени өнүккөн мамлекеттерде деле жетишсиз болуп жатканы тууралуу маалыматтар чыгып атат?

- Негизи Германияда деле беткап, атайын формалар жетишпей калышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Ал жагынан кам көрүп жатышат. Германияда көчөдө баары беткап тагынып жүрүшөт деп айта албайм.

- Ал эми германиялыктар эрежелерди так сактап жатабы? Дүрбөлөңгө түшүү байкалдыбы?

- Немистер сабырдуу эле. Бийликтин эрежелерин так аткарып жатышат. Үйлөрүнөн чыккан жок. Көчөлөрдө полиция жүрөт. Баарын текшерип жатышат. Германия башка коңшу мамлекеттерден сабак алды окшойт. Коронавирусту ооздукташ үчүн колдон келишинче чара көрүп жатат. Бул илдетке чалдыккандардын санына карап адамдын өлүмүн эсептейт эмеспи, мисалы Италияда сегиз пайыз болсо, Германияда 0,8% түзүп жатат. Ошентсе да Германияда деле Испания менен Италиядагыдай кырдаал курчуп кетиши ыктымал деген кооптонуу бар.

- Илдеттен күчөп аткан Италияда дарыгерлер көп каза болгону айтылды. Бул тийиштүү коронавирустан сактай турган формалардын жетишпестигинен эле болуп жатабы? Сиздин оюңуз кандай?

- Ал негизи көп нерсеге байланыштуу. Биринчиден, «супер инфекция» деген түшүнүк бар. Эгер коронавируска кабылган адамдар менен улам тыгыз байланышта боло берсе, вирус улам жугуп атып күчтөнөт. Ал күчөп кетсе, дарылоо кыйын болуп калат. Экинчиден, медицина кызматкерлери күнү-түнү эс албай иштеп жаткандыктан, организм начарлап, иммунитет ооруга туруштук бере албай калууда. Ошол себептен дагы көп каза болуп жатышат.

- Анын алдын алыш үчүн эмне кылыш керек? Өзүңүз корккон жоксузбу?

- Эң биринчи кезекте дарыгерлерди ойлош керек. Андай нерсе болбош үчүн медицина кызматкерлерин күчтөп нормадан сырткары иштетпөө зарыл. Алардын да эс алууга убактысы болушу зарыл. Экинчиден, коронавирустан сактай турган кийимдери жакшы болушу керек. Гигиеналык каражаттар менен камсыздалышы зарыл. Медициналык кызматкерлер жетиштүү болууга тийиш. Жалпысынан алып караганда корккон жокпуз. Бирок албетте, кооптонуу бар. Мындан ары кандай болот деп ойлоп атабыз. Өлүмдүн статистикасын байкап турабыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG