Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

COVID-19: Дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы кырдаал


Кытай лабораториясында тартылган сүрөт. 19-февраль, 2020-жыл. Хенань провинциясы.
Кытай лабораториясында тартылган сүрөт. 19-февраль, 2020-жыл. Хенань провинциясы.

23-мартта коронавирустан көз жумгандардын саны 16 миңден ашты. 367 миңдей киши бул илдетке чалдыкты. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус тездик менен жайылып баратканын эскертти.

Тажикстанда коронавирус каттала элек

Кыргызстанда коронавирус дагы эки кишиден аныкталды. Алар Сауд Арабиясына умрага барып келген, Ноокат районунун 60 жаштагы тургундары. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 16 кишиге жетти. 71 жаштагы аксакалдын абалы оор.

Өзбекстан 23-мартта бардык чек араларын жапты. Ал эми шейшембиден тарта баш калаа Ташкентке карантин киргизилди. Өзбекстанда 46 адам вирус жугузуп алганы аныкталган.

Коронавируска 62 жараны чалдыккан Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев ооруну жугузуп алгандардын саны бир айдын ичинде дагы көбөйүшү күтүлүп жатканын билдирди.

Тажикстан азыр Евразия чөлкөмүндө коронавирус каттала элек жалгыз мамлекет.


Меркелдин анализдери таза чыкты

Европа эпидемиянын борбору бойдон кала берүүдө. Италия, Испания, Франция жана Германияда өпкөнү сезгенткен ооруга кабылгандардын саны дагы эле өсүп жатат. Италияда соңку 48 саат ичинде 1400 адам ажал тапты.

Британияда бул ооруга каршы туруу үчүн дүйшөмбү кечинде олуттуу чектөөлөр киргизилди. Премьер-министр Борис Жонсон жарыялаган эрежелерге ылайык, британиялыктарга ашыкча көчөгө чыкканга болбойт. Эки адамдан көп жолукпаш керек. Бул чектөөлөргө баш ийбегендерге полиция айып пул салат.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин биринчи анализдери таза чыкты. Анын дарыгеринен коронавирус аныкталгандан кийин Меркель карантинге алынган.

Коронавирустун жайылышы боюнча экинчи орунда Кытай турат. Бирок ал жакта айыгып чыккандардын саны көбөйүп жатат. Дүйшөмбүдө бул сан 73 миңге чамалады.

Ооруну жуктургандар Түштүк Кореяда да азайып жатат. Бул өлкөдө аталган илдеттен жалпысынан 111 киши көз жумду. Түштүк Кореяда күнүнө жыйырма миңдей киши тесттен өткөрүлүүдө.


АКШда бир күндө 100 киши көз жумду

Үчүнчү орунда АКШ турат. 23-мартта өлкөнүн башкы хирургу Жером Адамс NBC каналына берген маегинде «Бардыгы мындан да жаман болорун америкалыктар бул жумада түшүнүшүн каалайм»-деп айтты. Ал жарандар, өзгөчө жаштар ооруну олуттуу кабыл албай жатышканына кейиди.

Америкада коронавирусту жугузуп алган адамдардын саны 42 миңге чамалады. Соңку бир күндө эле өлгөндөрдүн саны 100гө жетти.

23-мартта Сирия менен Газа тилкесинде COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгачкы ирет катталды. Ансыз да жарандык согуштан жабыркап турган Сирияда бул оору тез жайылып кетет деп адистер кооптонушууда.

Жакынкы Чыгышта коронавирусту жугузуп алгандардын саны боюнча Иран алдыда. Ал жакта бул оору 23 миңдей кишиде аныкталган. Бирок байкоочулар бул сан режим тарабынан азайтылып жатканын, коронавируска кабылгандардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экенин белгилеп келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG