Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

COVID-19: Италияда өлгөндөр көбөйдү


Италиянын баш калаасы Римдеги ооруканалардын бири, 16-март, 2020-жыл.
Италиянын баш калаасы Римдеги ооруканалардын бири, 16-март, 2020-жыл.

Дүйнө жүзүндө жекшемби күнү COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 312 миңге чукулдады. 13 миңден ашуун адам көз жумду. Италияда вирустан каза тапкандардын катары калыңдап баратат.

21-март Италия үчүн эң оор күндөрдүн бири болуп калды. Ал күнү өлкөдө 793 киши каза тапканын Италиянын Жарандык коргонуу агенттиги билдирди. Натыйжада Италияда коронавирустан өлкөндөрдүн саны 4800дөн ашты. Азырынча вирусту жугузуп алган 53,5 миң адамдын 6 миңдейи гана толук айыгып чыгышты.

Мындан улам Италиянын бийлиги карантиндин чараларын дагы күчөттү. Вирус эң көп жайылган Ломбардия аймагында көчөдөгү жайма базарлардын баары жабылды. Тургундарга сыртта дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого тыюу салынды. Ошондой эле өкмөт бир катар ишканалардын ишин токтотуу чечимин кабыл алды.

“Өкмөт өлкө аймагында бизди керектүү товарлар жана кызматтар менен камсыз кылууга катышпаган, өтө зарыл эмес өндүрүштөрдүн баарын жабууну чечти”, - деп билдирди ишемби күнү Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте.

Италия COVID-19 вирусу жуккан адамдардын саны боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки экинчи орунда, ал эми курмандыктардын саны боюнча биринчи сапта турат. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, дүйнө жүзүндө вакцинасы табыла элек бул илдетке чалдыккандардын саны 312 миң кишиге чукулдады. 13 миңден ашуун бейтап оору менен алпурушуп жатып көз жумду. 93 миңдей адам айыгып чыкты.

АКШда коомдук жайлар жабылууда

Нью-Йорк шаарында көчөгө чыккандар азайды, 17-март 2020-жыл.
Нью-Йорк шаарында көчөгө чыккандар азайды, 17-март 2020-жыл.

Соңку бир сутка ичинде коронавирусту жугузуп алгандардын саны боюнча АКШ Кытай менен Италиядан кийинки үчүнчү мамлекетке айланды. Бул өлкөдө илдет 27 миң адамга жукса, алардын 340тайы каза болду. 176 киши сакайып чыгышты.

Коронавирустан улам 21-мартта АКШнын калкы көп эки штатында - Калифорния менен Нью-Йоркто адамдардын ээн-эркин кыймылына чектөө киргизилди. Мектептер, университеттер жана көңүл ачуучу борборлор жабылып, жергиликтүү бийлик он миллиондогон адамды үйдөн чыкпоого чакырды.

АКШнын Конгресси коронавирустун кесепетин жоюуга 1,4 триллион доллар бөлүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Республикачылар менен демократтар мунаса табууга жакын калганын Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл билдирди.

“Эки тараптын чабармандары президенттик администрация менен бирге америкалык жумушчулар менен алардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн, чакан бизнести коргоо үчүн жана коронавируска каршы саламаттыкты сактоо тармагын күчтөндүрүү үчүн чоң мыйзамдын үстүндө иштеп жатышат”, - деди сенатор Макконнелл.

Ак үй Конгресстеги эки партиянын өкүлдөрүн чукулунан акча бөлүүгө үндөп жатат. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, жылына 99 миң доллардан азыраак акча тапкан америкалык салык төлөөчүгө бир жолу 1200 доллардан жардам берилиши мүмкүн. Ошондой эле коронавирустан улам кирешеси азайган авиакомпанияларга жана башка өндүрүштүк ишканаларга финансылык колдоо көрсөтүлөт.

Тегеран Вашингтондун жардамынан баш тартты

Санитардык кызматкерлер Тегерандын көчөлөрүн дезинфекциялап жатышат, 18-март 2020-жыл.
Санитардык кызматкерлер Тегерандын көчөлөрүн дезинфекциялап жатышат, 18-март 2020-жыл.

Коронавирус эң көп жайылган мамлекеттердин төртүнчү сабында Испания, андан соң Германия турат. Испанияда вирусту жугузуп алган 28 500 кишинин 1700дөйү каза тапты. Германияда 23 миң бейтаптын 93ү өмүр менен кош айтышты.

COVID-19 вирусунан эң көп жабыркаган мамлекеттердин алтынчы сабында турган Иранда соңку бир сутка ичинде 129 адам көз жумду. Натыйжада коронавирустан өлгөндөрдүн жалпы саны 1685 кишиге жетти. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги 22-мартта билдиргендей, өлкөдө баш-аягы 21600дөн ашуун адам илдетке чалдыкты.

Коронавирустан улам Иранда Нооруз жылдагыдай майрамдалбай калды. Бийлик жарандарды жыл ичиндеги эң негизги майрамдардын бирин үйдөн белгилөөгө чакырган.

Жекшемби күнү Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи Кошмо Штаттардын вируска каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү сунушун четке какты.

Айтор, учурда дүйнөнүн 167 өлкөсү коронавирустун жаңы түрүнө каршы түрдүү чараларды көрүп жаткан маал. Европанын борбордук жана түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү бир катар мамлекеттер, алардын ичинде Румыния, Сербия жана Түндүк Македонияда түнкүсүн коменданттык сааттар иштей баштады.

Борбор Азияда да жекшемби күнү дагы бир нече адам коронавирусту жугузуп алганы ырасталды. Алардын саны Казакстанда 57, Өзбекстанда 43 кишиге жетти. Өзбек бийлиги 23-марттан тарта коомдук жайларда беткап кийбей жүргөн кишилерге эскертүү берип, ал эми 25-марттан баштап айып сала турган болду.

14 адамдан коронавирус табылган Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал тартиби иштей баштады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG