Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Москвада камалып калган мигранттар


Москва аэропорту. Март, 2020
Москва аэропорту. Март, 2020

Москвада обочолонуу режимин сактабай көчөдө жүргөндөргө 4-5 миң рубль айып салынат.

Орусияда түмөндөгөн кыргызстандыктар жумушсуз калып, күчөтүлгөн коопсуздук чаралары кабыл алынган чоң шаарларда балдары менен камалып калышты. Москванын чет жакасында үй-бүлөсү менен жашаган Мамбеттин иши бир жума мурда токтогон экен.

«Аэропортто жүк ташып, үйдө жалгыз мен иштечүмүн. Келинчегим эки бала менен үйдө отурат. Батир үчүн 25 миң рубль төлөйбүз. 5-апрелден кийин ишке чыгам деп отургам. Эми апрелдин аягына чейин узартып салышты. Кадимкидей тынчсыздана баштадым. Чогулткан акча деле жок болчу. Айлыктан айлыкка чейин жашап жатканбыз. Эмне кылаарымды билбей калдым».

Бул кезде москвалыктарга азык-түлүк, дары-дармек сатып алуу, итин сейилдетүү жана таштанды ыргытуу үчүн гана көчөгө чыгууга уруксат. Ал эми жумушу зарыл көчөдө жүргөн кишилерден ишинен расмий документ талап кылынат. Москванын мэри Сергей Собянин обочолонуу режимин бузгандарга 4-5 миң рубль айып киргизди. Ошондой эле шаар бийлиги «акылдуу көзөмөл» системасын колдонуп, москвалыктарды жашаган жери боюнча мэриянын сайтында каттоого алып, QR-код аркылуу онлайн көзөмөлгө алганы турат.


Буга чейин Орусияда толук мыйзамдашууда - расмий ишке орношуп, түзүлгөн эмгек келишимдин көчүрмөсүн ИИМдин миграция башкармалыгына жөнөтүп, анан жашаган жери боюнча миграциялык каттоого турууда бир кыйла кыйынчылыктарга туш болуп келген мигранттар эми күчөтүлгөн текшерүүлөрдөн улам батирден чыга алышпай калышканын айтышты. Атын жашырган келин буларды билдирди:

«Бизге өтө эле кыйын болуп жатат. Жумуш жок, Кыргызстанга да кете албайбыз. Батирде тамак-ашыбызга зорго жете турган акча менен отуруп калдык. Көчөгө чыгайын десең айып салат. Миграциялык каттообуз да жашаган жерибиз боюнча эмес. Азыр биз айып төлөмөк тургай, азык-түлүккө акча таба албай калдык».

Орусияда 750 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенсе, алардын жарымынан көбү Москва шаарында жашайт. Коомдук тейлөө, кафе-ресторан, мейманкана тармагында иштеген мекендештер иш сааттары кыскарганын марттын башында эле айта башташкан. Коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн Орусияда апрелдин аягына чейин эс алуу күндөрү жарыяланып, азыр бардык ишканалардын, мекемелердин иши токтоп турат. Москва менен Москва облусунда жумушсуз калган орусиялыктарга жергиликтүү бийлик 15 миң рублдан 20 миң рублга чейин жөлөкпул берүүнү убада кылган.

Басымдуулугу көмүскө иштеген миллиондогон мигранттар бул кезде эч кандай колдоосуз калган чагы. Мурзабек Мырза эмгек мигранттары эң аялуу топко айланганын белгиледи:

«Биздин мекендештер кызмат көрсөтүү, тейлөөдө иштешет. Коомдук тамактануучу жай, сулуулук салондору сыяктуу жайлардын иши азыр толук токтоду. Таксисттердин иши 70 пайызга кыскарып кетти. Чакан ишкердик кылгандар да киреше таппай калышты. Айла жок, сабыр кылып, чыдашыбыз керек. Оору жайылса, Орусиянын өкмөтү чараларды дагы күчөтүшү мүмкүн. Мекендештерден суранарым, башкысы бул илдетти жугузуп алуудан сак бололу. Тазалыкты, гигиенаны сактайлы. Бир мигрант жугузуп алса, бул иштеген жерде, батирлерде жайылып, чынжырчага айланып кетиши мүмкүн».

Токтокан Эсенова
Токтокан Эсенова

«Кам көрүү» аялдар уюмунун башчысы Токтокан Эсенова азыр мүмкүн болушунча жардам сурагандарды тизмеге алып, колунан келгендер көмөк көрсөтүп жатканын айтат.

«Кыздар, жалгыз бой энелер, улгайган апалар - баары жумушсуз калды. Кыргызстанда болсок, ал жерде жашаган жайыбыз, эл-жерибиз бар. Орусияда 1 рубль жок болуп калса, көчөдө калышың толук ыктымал. Азыр уюмга мүчө кыз-келиндер, аялдар онлайн байланышып, чатта ал-акыбал сурашып, «өтө муктаждарга кол сунуп, каралашалы» деп жардам кылып жатабыз. Бирок, азыр баары эле жумушсуз калды, бир тыйынын санап, өздөрүнөн үнөмдөп отурушат. Мындай абал канчага созулары белгисиз, баарыбызга сабырдуулук керек».

Райымкул Аттокуров
Райымкул Аттокуров

Москвадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Раимкул Аттокуров коомдук уюмдар элчиликтеги ыкчам штаб менен тыгыз байланышта болуп, кыргызстандык мигранттарга байланыштуу көйгөй-маселелерди бирге чечип жатышканын белгиледи:

«Элчиликтин көзөмөлү, демилгеси, коомчулуктун колдоосу менен башында эле миграция кызматы, ИИМдин өкүлчүлүктөрү менен биргеликте штаб түзүлгөн. Мигранттардын маселелерин мамлекеттик деңгээлде өзүнүн компетенциясына жараша элчилик чечип жатат, диаспорада Координациялык кеңештин мүчөлөрү, коом өкүлдөрү колунан келишинче жардам берип жатабыз. Аэропортто калган мекендештерге, турак жайсыз калган жарандарга кол сунуп жатабыз. Башкысы, ишсиз калгандарга жумуш таап берүүгө аракет кылып жатабыз».

Кыргыз элчилиги 17-24-мартта Орусиянын ар кайсы шаарларынан Кыргызстанга 5117 жаран жөнөтүлгөнүн кабарлаган.​ Новосибирсктеги «Толмачево» аэропортунда бир жумадан бери кармалып жаткан 130дан ашык жаран Миграция боюнча эл аралык уюмдун көмөгү менен жатаканаларга жайгаштырылганын Мамлекеттик миграция кызматы маалымдады. Ал эми Оренбург облусундагы «Сагарчин» пунктунан Казакстанга кире албай калып, азыр Соль-Илецк шаарында убактылуу баш калкалап жаткан 150дөй кыргызстандыктын маселеси чечиле элек.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда аба каттамдары токтотулгандыктан Москванын аэропортторунда калып кеткен 60ка жакын мигрантты «Эл аралык ишкерлер ассоциациясы» жатакана менен, ал эми диаспорадагы облустук коомдор тамак-аш менен камсыздап жатат. Буга кошумча орус кааласындагы мекендештердин ар кандай демилгелүү топтору түзүлүп жатат.

Орусияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны төрт миңден ашты. 4-апрелге карата илдет 4731 кишиде аныкталып, 43 адамдын өлүмү катталды. Өпкөнү сезгенткен вирус Москвада тездик менен жайылып, 3,5 миңдей адам жуктуруп алды.

2-апрелде өлкө президенти Владимир Путин чукул кырдаал абалын киргизбестен, аймактарда карантин чараларын кабыл алуу жоопкерчилигин аймак башчыларына жүктөп койду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG