Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Түркияда ишсиз калган мигранттар көбөйдү


Түркиядагы кыргыз мигранттары. Архивдик сүрөт.
Түркиядагы кыргыз мигранттары. Архивдик сүрөт.

Дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинин айынан Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын айрымдары жумушсуз калышты. Аба каттамдарынын жабылышы менен Кыргызстанга да кете албай, ара жолдо калган мигранттар өз жанын бакканга каражаттары тартыш экенин айтышууда.

31-мартта «Анталия жардам платформасынын» жетекчиси Халит Мерт өзүнүн «Фейсбук» баракчасына кыргызстандык мигрант келиндин абалын жазып чыккан. Халит Мерт менен байланышканымда, Анталия шаарына мейманканалардын бирине иштегени келип, бирок жумушсуз калган келинди оор психологиялык абалда деңиздин жээгинде ыйлап отурган жеринен көрүп калганын айтты:

Халит Мерт.
Халит Мерт.

«Бул келин 10-мартта Түркияга келип, жумуш издеп жүрүптүр. Анын айтымында, Кыргызстанда жүргөндө эле психологиялык жактан ооручу экен. Бул оорусу Анталияга келип жумуш таба албай калганда күчөптүр. Бул келин кээде өз жанын өзү кыйганга чейин барганын айтты. Мен аны ооруканага алып барып дарыгерге көрсөттүм. Психолог ага бир канча дары жазды. Колунда акчасы да болбогондуктан өз чөнтөгүмдөн төлөп алып бердим. Учак каттамдары ачылганга чейин аны Анталиядагы бир үй-бүлөнүн жанына жайгаштырдым».

Халит Мерт ошондой эле оор абалда жолуккан кыргыз келинге акчалай жардам көрсөтүп, бош убактысында аны психологго да алып барууга сөз берип кеткен.

Түркиянын Анталия аймагында 900гө жакын мейманкана иштейт. Өзгөчө жай айларында бул мейманканаларда иштеген чет өлкөлүк мигранттар көбөйөт. Бирок дүйнөнү каптаган коронавирустан улам жергиликтүү бийлик быйыл Түркиядагы туристтик сезон апрелдин аягында гана ачыларын маалымдады. Ал эми серепчилер бул жылы жайында Анталиядагы мейманканалардын эшиги такыр эле ачылбай калышы да мүмкүн экенин белгилешүүдө. Ушундан улам бул мейманканалардын чет өлкөлүк мигранттарга талабы азаят.

Стамбул.
Стамбул.

Гүлмайрам 24-мартта Анталиядан Бишкекке кетмекчи болуп уча албай калган. Иштеген мейманканасынан чыгып калган Гүлмайрам учурда кыргызстандыктар менен убактылуу батирде баш калкалап келет.

«Биз «Кыргызстанга кайтабыз» деп жумуштарыбызды өткөзүп бергенбиз, - деди маектешибиз. - 16-марттан бери ар жерде жүрөбүз. Учурда колубуздагы акчабыз да түгөндү. Түркияда мындай кырдаал дагы канча ай болорун да билбейбиз. Мага окшоп жумушунан чыгып калган толтура кыргыздар бар. Алар ар түрдүү шарттарда жашап келатышат».

Түркиянын эң ири шаарларынын бири Стамбулда көп жылдардан бери эмгектенип келген Кундуз Мамбетова коронавируска байланыштуу убактылуу үйдө отуруп калды. Анын айтымында, коронавирус чуусу Түркияда үй кызматтарында иштеген же бала баккан мигранттарга эмес, көбүнчө тейлөө кызматтарында иштеген кыргызстандыктарга залакасын тийгизди.

«Стамбулда үй кызматында иштеген кыз-келиндер жумуштан чыгып калганын уга элекмин, - дейт ал. - Ал эми дүкөндө сатуучу болуп же тигүүчү болуп иштеген кыздар 2 жумага карантинге тараган. Жаман жери - ошол карантин убагындагы айлыгын бербейт экен. Алар да бош отурбай башка жумуштарды издештирип жатышат».

Анталиядагы «Айымдар коомунун» жетекчиси Периза Асанаaлиева коронавирус пандемиясы чет өлкөдөгү мигранттарга кандай таасир тийгизип жатканын айтып берди:

Периза Асанаалиева.
Периза Асанаалиева.

«Жайкы сезонго карата «Анталияга иштейбиз» деп келген мекендештер азыр жумушсуз калышты. Жатаканасын, жумушун тапшырып берүүгө мажбур болгондор азыр ара жолдо кармалып турушат. Акыркы күндөрү Анталияда жумуш табуу да кыйын болуп калды. Бардык жерлер жабык. Биздин коом колдон келишинче моралдык жактан мигранттарга колдоо көрсөткөнгө аракет кылып жатат. Бирок чынында жумушсуз ара жолдо калган кыргызстандыктардын абалы өтө оор».

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, өлкөдө 31-мартта COVID-19 вирусунан өлгөндөр 214 кишиге жетти. Ал эми вирусту жугузуп алгандар 13 миң адамдан ашты. Ошол эле учурда 243 бейтап айыккан.

Түркияда коронавируска карата өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок жашы 65 жаштан өткөн адамдарга көчөгө чыгууга тыюу салынган. Өлкөдө мектептер, жогорку окуу жайлары, соода борборлору жана коомдук жайлар убактылуу жабылды. Бийлик жергиликтүү калкты үйдө отуруп, эл көп жерлерге барбоого үндөп жатат.

Түркияда расмий эсеп боюнча 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG