Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:48

Түркияда мигранттар билеттен күйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Анкара шаарында эмгектенген ондогон кыргызстандык мигранттар учакка билет сатып алмакчы болуп мекендешине алданып калганын айтып чыгышты. Мигранттардын акчасын алган жаран менен учурда эч кандай байланыш жок.

Айзада Үмөталиева Анкарада иштеп жатканына бир топ жыл болгон. Ал август айында Кыргызстанга учакка билет сатып алмакчы болуп, мигрант кыз-келиндердин «ишеничтүү адамы» болуп саналган Тамарага кайрылган. Айзада Тамаранын чакан кеңсесине барып, өзү менен кошо төрт кишиге Анкара-Стамбул-Бишкек каттамына 1-сентябрга билет сатып алган. Бирок ал колундагы кагаз эч кандай билет эмес экенин уча турган күнү гана билген.

Мен «Pegasus» компаниясына чалып сурасам чын эле биздин атыбызга такыр билет алынбаптыр.


«Мен деле элге окшоп Тамарага ишендим, - дейт ал. - Ишенип алып азыр өзүм төрт билеттин акчасына карыз болдум. Анткени уча турган күнү «WhatsApp» топко «Тамарадан алган билеттерибиз жараксыз экен, текшергиле!» деген кабар келди. Мен «Pegasus» компаниясына чалып сурасам чын эле биздин атыбызга такыр билет алынбаптыр. Ошону менен азыр Тамаранын айынан менин мойнумда 875 доллар карыз турат. Менин күйгөнүм - өзүмдүн акчам эмес, мага ишенип акчасын берген жакындарым. Аларды ойлоп канча стресс болуп жүрөм!»

«Жалган билет саткан» деп сөз болуп жаткан Тамара - Кыргызстандын жараны. Анкарага келип иштеп жатканына бир топ жыл болгон. Ал негизинен Кыргызстандан келген кыз-келиндерге жумуш таап берип, ортомчулук кылып жүргөн. Тамара менен байланышууга аракет кылдык, бирок андан эч кандай майнап чыккан жок. «Азаттык» анын пикирин угуш үчүн микрофон сунууга даяр.

Тамараны издеп жүргөндөрдүн арасында түрк ишкери Гүртекин Кайа да бар. Анткени анын айтымында Тамара ага келип, анын кеңсесинин бир бөлмөсүн ижарага алып, ишмердүүлүк кылган экен. Түрк ишкери алданып калган кыргыз кыз-келиндердин арызын топтоп, Башкы прокуратурага Тамаранын үстүнөн арыз менен кайрылганын айтып берди:

Тамарага алданган мигранттар менин кеңсеме келип, менден доолай башташты. Аларды да түшүнөм.

«Тамара былтыр Кыргызстандагы бир агенттик менен иштешип, ага чоң суммада акча карыз болуп калганын кийин алданып калган соң гана билдим. Мага келип «бир бөлмөңүздү ижарага алайын, кыргыздарга билет сатам, карголорун жөнөтөм» дегенинен айына 500 лирага ижарага бергем. Көрсө Бишкектеги агенттикке карызын жабыш үчүн Тамара Анкарадан билеттин акчасын ала бериптир. Кийин Бишкектеги агенттиктеги карызы бүткөндө алар аны менен иштешпей коюшкан. Бирок ал чөнтөгүндө канча сумма топтолсо ошону менен качып кетти. Тамарага алданган мигранттар менин кеңсеме келип, менден доолай башташты. Аларды да түшүнөм. Мен да жабырлануучу катары Башкы прокуратурага барып айтып, көрсөтмө бердим. Учурда Тамара Түркиянын кайсыл гана бурчунда болбосун күч органдары таап жазага тартат деген ойдомун».

Ал 37 кыргыз жаранынын арызын тергөөгө бергенин жана бирин Анкарадагы Кыргызстандын элчилигине жөнөтөрүн билдирди.

Анкарадагы адвокат Энис Зияли мигранттардын арызы кандай тартипте каралаарын түшүндүрдү:

Энис Зияли.
Энис Зияли.

«Алдамчылык фактысы Түркияда болсо, анда түрк мыйзамдарына ылайык жараян өтөт. Прокуратурага арыз жазылгандан кийин ал тергөө жүргүзөт. Шектүү жаранды издөө башталат. Тергөө башталгандан кийин чет өлкөлүк жаран Түркиядан чыгып кете албайт».

Түркиядагы кыргызстандыктардын арасында буга чейин учакка билет алгысы келип алдангандар буга чейин да болгон. Өзгөчө «арзан билет алсам» деген мигрант кыз-келиндер көп алданып калышат.

Түркияда 22 жылдан ашык туризм жана авиа каттамдар боюнча иш алып барган Махабат Жумабекова «Biletbank» фирмасында бөлүм башчы болуп иштейт. Ал мигранттар ишенчээктигинен жана мыйзамды билбегендиктен алдамчылардын торуна түшүп калышканын айтты:

Алар кардарлардын акчасын алып, жөн эле резервациянын кагазын карматып коюшат.


«Өзгөчө биздин кыз-келиндер үй жумуштарында иштегендиктен каалаган убактысында тышка чыга алышпайт. Анан «менин билет саткан таанышым бар» деп эле шылуундардын торуна түшүп калган учурларды көрүп калам. Алар кардарлардын акчасын алып, жөн эле резервациянын кагазын карматып коюшат. Негизи ар бирибиз чет өлкөгө учак билетин алып жатканда билетке телефон номурубуз жазылганын карашыбыз керек. Азыр эми технология өнүккөндүктөн авикампания дароо кардарды таап алганга телефон номурун сурайт. Анын бардык маалыматы телефонго келип, ыңгайлуу болот».

Анкарада алданган кыргызстандыктар калыстык издеп Анкарадагы элчиликке кат менен кайрылууну чечишкен.

Түркияда алдамчылыкка байланыштуу шек саналган киши 3 жылдан 6 жылга чейин жазага тартылат. Ал эми жалпы Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG