Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Мигрант кыз-келиндерди тилдебейли


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эркек катары миграция азабын тарткан бардык аялзатынан, 2017-жылы 27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 14 кыргыз кызынын арбагынан кечирим сурайм.

Социалдык тармакта миграцияда жүргөн кыз-келиндердин дарегине жазылган ар кандай сөздөрдү көп окуйм.

Айрыкча эркектер «Москвадагы кыздарыбыз бузулуп кетти, башка улуттарга шерменде болдук!», - дешет жер сабап.

Мурдагы жылдары айрым бейбаштар Москвада жүргөн кыздарга кол салып, жылаңачтап видеого тартып жүрүштү. Бул кадамы менен алар бүтүндөй кыргыз элин дүйнөгө жапайы көрсөтүп, уят кылганын капарына алышкан жок. Менин байкашымча, кыргыз коомунда ал жигиттердин кылганын кубаттагандар азыр да бар.

Билген киши катары айтсам, миграциянын жүгү жеңил эмес. Кээде албан-субандай жигиттерди да сындырып койчу күчкө ээ. Бирок биздин эл аны аңдай элек. Кай бир ата-энелер кечээ эле мектепти бүткөн кыздарды «акча таап кел» деп чоочун жерге жөнөтүшөт.

Мигранттар көп жыйналган өлкөлөрдө адаттар келгиндерге жергиликтүү эл жасабай турган иштерди сунушташат. Бул бүткүл дүйнөгө жайылган көрүнүш.

Кучагына миллиондогон элди батырган шаарда бир батирге 15-20 адамдын батып жашаганы өзүнчө эрдик. Муну көзү менен көрүп, жон териси менен сезбеген киши билбейт.

Чоң шаарларда чайпалып баскан адам жок. Чуркабасаң да арышты кенен таштаганга туура келет.

Айрыкча, Москвадагы кыз-келиндер алма быш, оозума түш дегенден алыс. Алар өз киндиктерин өзү кескен, чыйрак, табышкер жана жароокер келишет.

Көпчүлүгү дем алышсыз, үч-төрт жерде иштейт. Алардын шайы ооп, уйкуга тойбогон көздөрүн көргөндө, сай-сөөгүң сыздап кетет. Көпчүлүгү турмуштан жолу болбой калган жалгыз бой энелер.

Албетте, кой аксагы менен миң дегендей, айрым тартипсиз кыз-келиндер да бар. Бирок бир-эки адам үчүн миграцияда жүргөндөрдүн баарына көө жабуу кечиримсиз деп ойлойм. Ошол "сынчылар" күйүмдүү болсо, миграцияда жүргөн кыз-келиндер үчүн кризистик борборлорду ачып коюшса болбойт беле?!

Пайгамбарыбыздын хадистеринин биринде бир аял тозокко түшө турган болсо, артынан атасын, күйөөсүн, агасын кошо алып кетери айтылган. Анткени Кудай аялзатын эркектерге аманат катары жараткан. Аманатка кыянат кылуу чоң күнөө.

Айылда там салып аткан агасына акча жөнөткөн канча деген кыздарды көрдүм. Кош бойлуу экенине карабай пол жууп келиндер жүрөт. Алган насыясын жабыш үчүн же уулун окутуп, үйлөнтүү үчүн көчө шыпырган эжелер канча дейсиз...

Алар тарткан азапты Кыргызстанда калган агалары, аталары, күйөөлөрү, уулдары билбейт. "Акчаны убагында салган жоксуң" деп таарынгандары да жок эмес.

Жанагы "патриот" сөрөйлөр эстүү болгондо ушундай эркектерди тартипке чакырат эле го. Кыз-келиндердин эсебинен күн көрүп, кош бойлуу болгондо качып кеткен жигиттерибизди тыйса гана.

Азыр заман башка. Камчы катуу болсо, аял уяттуу деген көз караш эскирди. Биз терс сапаттарыбыз менен кыз-келиндердин көңүлүн калтырып жатабыз.

Табияттын мыйзамы ушундай, аялзаты өзүн кастарлаган эркектин жанында жүргүсү келет. Андыктан чет элдиктерге турмушка чыгып кеткен кыздарыбызды күнөөлөгөнгө акыбыз жок. Кайра аларга бакыт каалайлы.

Андай кыйын экен жигиттерибиз Семетейдей баатыр, Бакайдай акылман болсун. Башка улуттун кыздарына үйлөнүп, кан жаңыртсын.

Мен эркек катары журтташтарыма сыртта жалгыз жүргөн апаңды, эжеңди, карындашыңды кайтаргын деп айткым келет. Алар жылуу жерде керилип отуруп акча тапкан жок. Оор жумуштарды аткарып, уйкудан калып, ден соолугун жоготуп жатат.

Эгер өзүңдү Манастын урпагымын деп эсептесең, белиңди бекем бууп, алардын ордуна өзүң бар. Үй-бүлө багыш эркектин милдети эмеспи.

Сөз акырында миграцияда жүргөн кыз-келиндерди 8-март эл аралык майрамы менен куттуктап кетким келет. Урматтуу апалар, эжелер, карындаштар! Айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык экен. Ишенгиле силер үчүн Кудайдын ар бир күнү майрам боло турган мезгил да келет.

Максат Халилов, Москва шаары

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG