Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

АКШдагы жашоо, мекенге кусалык


Нью-Йорк
Нью-Йорк

Океандын ары жагындагы жашоону жомок катары элестеткен кыргыз жаштары ал жакка кантип көнөт?

20 жаштагы кыргызстандык Азиз Чиркеевдин Нью-Йорктогу өлүмүнүн себеби дале табышмак бойдон калууда. Азиздин аянычтуу тагдыры башкалар үчүн сабакпы?

Азиз Чиркеев 3-апрелде дайынсыз жоголуп, 27 күндөн кийин сөөгү суудан табылган. Нью-Йорк полициясынын алдын ала маалыматы боюнча Азиз Бруклин көпүрөсүнөн боюн таштап, өз жанын кыйган.

Маркумдун сөөгү туулган жери Таласта жерге берилди. Кайгыга батып турган Нуркан Чиркеева уулу тууралуу сүйлөшүүнү каалаган жок.

Ошентсе да Азиздин тагдыры, анын өлүмүнүн себеби көпчүлүктү кызыктырып келет. Ошол себептүү чогуу окуган достору аркылуу анын таржымалын чечмелөөгө аракет кылдык.

Азиз Чиркеев 1997-жылы туулган. Борбордогу №3 мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын стоматология факультетине тапшырган.

Жалпы коомчулук катышкан миграция саясаты болушу керек. Болбосо кырчындай жаштарыбыздан бөөдө айрылып жатабыз.
Топчугүл Шайдуллаева

2-курсту аяктаган соң, окуудан академиялык тыныгуу алып, Нью-Йорктогу апасынын жанына барган. Апасы мурдатан ал жактагы карыларды багып иштечү.

Азиз тууралуу кененирээк маалымат топтоо үчүн ал окуган стоматология факультетине бардык. Группалаштары ал жөнүндө бир ооздон жылуу сөздөрдү айтып, жоош, түз жүргөн студент катары сыпатташты.

Азиз көп деле дос күтпөптүр. Эң жакын группалашы Акмат Утанов аны менен акыркы жолу дайынсыз жоголгонуна чейин бир жума мурда интернет аркылуу сүйлөшкөн.

- Мага окууңду бүтүрүп ал, мен деле бүтүп, анан келсем болмок экен деп көп айтчу. Акыркы жолу 24-мартта сүйлөшкөнбүз. Иштер жакшы, англис тилин жакшылап үйрөнүп жатам деген. Баары эле жакшы деп айткан. Үч-төрт күндөн кийин да вотсап аркылуу кабарлашканбыз. Көбүнчө жалгыз жүрчү. Алдына койгон чоң максаттары бар болчу. Апамды багам, балдарга жардам берем деп айтып калчу.

Көкүрөктө катылган сыр...

Мугалимдеринин айтымында, Азиз жакшы окуган, тартиптүү студент болчу. Маркумдун группалаштарынын дагы бири Айзирек Осмонова Азиз ага эч ким билбеген аярлуу сырын айтканын эстеди.

Азиз Чиркеев
Азиз Чиркеев

- Азиздин апасы Америкадан таттууларды салып жибергенде бизге алып келип берчү. Туугандарыңа бербейсиңби десек, "силерден башка жакын эч кимим жок" деп айтчу. Анын өз жанын кыйды дегенге ишенбейм. Азиз жашоону сүйчү.

Нью-Йорктук маалымат каражаттары Азиздин өлүмүнөн кийин аны мекенин сагынып, жалгызсырап, депрессиядан улам жанын кыйган болушу ыктымал деп жазып чыгышкан. Аны жакындан билгендер балким жигиттин көкүрөгүндөгү аялуу сырын угуп, аны түшүнгөн бирөө табылган эместир дешет.

Нью-Йорктогу кыргызстандык активист Бакыт Татибеков Азиз Америкада тогуз ай жашаса да ал жактагы мекендештери менен катташпай, жалгыз жүргөнүн айтты.

Азиз Нью-Йорктогу стоматологиялык лабораторияда жардамчы болуп иштеп жүргөн. Дайынсыз кеткен 3-апрелдин түнүндө вотсабына “бул адам өлгөн” деген жазуу пайда болгон. Бул жагдайлар боюнча Нью-Йорк полициясы иликтөөлөрдү улантып келет.

Америкага азгырган эмне?

Океандын ары жагындагы жашоону жомок катары элестеткен кыргыз жаштары ал жакка кантип көнөт? Америкага адаптация болуу жаштарды депрессияга батырабы?

Огайо штатындагы активист Кубат Кубаналиев 20 жаштын тегерегиндеги улан-кыздар Америкага көнө албай азап тартарын айтууда.

- Кыргызстандагы жаштар Американы Голливуд тасмаларындагыдай элестетет. Ошол кыялдарга жетеленип келип алып абдан кыйналат. Үй-бүлөсүн, досторун сагынат. Апасы жапкан нанды сагынат. Бул жакта баары башкача. Менталитет, адамдардын жүрүм-туруму, кыскасы баары бөлөкчө. Анан башка жашоого дароо көнө албай депрессия болушат.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Кубаналиевдин Америкага барганына алты жылдын жүзү болгон. Алгач ал деле көпчүлүк сыяктуу тил билбей, штаттардын шартына көнө албай азап тарткан. Ата-энесин сагынгандан улам аларды да жанына көчүрүп келген. Америкадагы кыргыз жаштарын депрессияга батырган дагы бир фактор катары буларды белгиледи.

- Кыргызстандыктар тапкан акчасынын баарын үйүнө салат. Бул, албетте, жакшы көрүнүш. Бирок өздөрүнө акча деле калбайт. Башкалар сыяктуу кенен жүргүлөрү келишет. Бирок үй-бүлөсүн багып, кредитти төгүшү керек. Ошентип кысылып жатып депрессия болушат. Окугандар контрагын да өздөрү төлөйт.

Адистердин пикиринде, кыргыз жаштарын Америкага биринчи кезекте жогорку маяна азгырат. Ушул себептүү виза алмакка элчиликтин эшигин каккылагандар миңдеп саналат. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Турат Макенбаевдин айтымында, виза алууну каалагандар жыл сайын арбып, алгандары ар кандай жол менен Кошмо Штаттардан келбей койгондуктан виза берүүнүн жол-жоболору катаалдашкан.

Материалдык кызыкчылыкты көздөп океандын ары жагына ашыккандар тууралуу публицист Топчугүл Шайдуллаева повесть жазган. Ал көпчүлүк жаштар четке чыгууга даяр болбогондуктан ар кандай көйгөйгө кептелет деп ойлойт.

- Чет жакка чыгам дегендердин баарында эле даярдык жок. Моралдык жактан да даяр эмес. Ал жерге барып алып ата-энесин сагынат. Шартка көнө албай стресс болот. Кыялданып барган жеринен маселе жаралса көңүлү калат. Ошондуктан жалпы коомчулук катышкан саясат болушу керек. Болбосо кырчындай жаштарыбыздан бөөдө айрылып жатабыз. Биз жаштарыбыздын өз мекенинде бактылуу болушуна шарт түзүшүбүз керек. Жаштар ата-эне, үй-бүлөсү менен мекенинде бактылуу жашашы керек.

Ооба, Америка же Европага кеткен жаштарды бир гана акча кызыктырбайт. Алардын көбү чет өлкөдөгү сапаттуу билим, иш тажрыйбасын тандап алары да белгилүү.

Бирок Азизге окшоп кырчын курагында чет жерде каза тапкандар миграциянын катаал, айтылбаган "мыйзамдарын" четке кагууга болбосун эске салгандай.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG