Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Аляскада шырдак саткан Индира


Индира Мукамбетова
Индира Мукамбетова

Кыргызстанда Аляска дегенде ак кар, көк муздуу алтын чыккан аймак эске түшөт. АКШнын бул штатында кыргыздар, кыргыз кол өнөрчүлөрү жана алардын колунан чыккан кийиз буюмдарды тааныткан мекендештер бар.

Журтташыбыз Индира Мукамбетова алыскы Аляскада дүкөн ачып, кыргыздын улуттук буюм-тайымдарын сатып келет. Индира “Азаттыкка” берген маегинде Аляскадагы жашоосу жана чакан бизнеси тууралуу айтып берди.

"Азаттык": Индира, алыскы Аляскага сизди кандай тагдыр айдап барды? АКШнын эң суук штаты сизди эмнеси менен арбап алганын ойлонуп отурам...

Жолдошум дүкөнүмдүн сыртына Kyrgyz nomad handicrafts же "Көчмөн кыргыздардын кол эмгектери" деген көрнөк даярдап берген. Бул да мекендештерибиз менен табышууга абдан жардам берет экен.

Индира Мукамбетова: Мен АКШ жаранына турмушка чыккам. Бул жакта сегиз жылдан бери жашайбыз. Эки балабыз бар. Аляскага жаңы келгенде бир топко чейин көнө албай кыйналгам. Анткени, бул жакта аба ырайы катаал, суук, күн кыска. Көз ачып-жумганча күүгүм кирет. Ошентип жүрүп, чакан иш менен алектене баштадым, ал сегиз жыл дегенде туруктуу бизнеске айланды.

Ишти илгерилетүү үчүн ар дайым изденип, ар кыл өлкөлөргө барып, жергиликтүүлөрдү кызыктырган жаңы буюм-тайымдарды издөө менен алекмин. Кыргызстандагы Кочкор районундагы кыз-келиндер мага аябай жардам беришти. Алардын көпчүлүгү мугалимдер. Негизинен шырдак жана баш кийим даярдап жөнөтүшөт. Мен аларды бул жактагы дүкөнүмдө сатам.

"Азаттык": Аляскада кызыктуу иш баштаган турбайсызбы. АКШнын эң суук аймагында ишкердикти кантип колго алдыңыз?

Индира Мукамбетова: Алгач Кочкор айылындагы “Алтын кол” аялдардын бейөкмөт уюму менен иштешип, майда-чүйдө буюмдарды сата баштадым. Андан соң жылуу жемпирлерди сатуу менен алектендим. Бул жак суук, ошондуктан көпчүлүгү жылуу кийим алышат. Мен дүйнөнүн тогуз өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстандан ар кандай товарларды алып келем. Биздин буюм-тайымдарга суроо-талап бар. Өзгөчө шырдактарыбызды баалашат.

Индиранын Аляскадагы дүкөнүнүн кире беришиндеги жазуу.
Индиранын Аляскадагы дүкөнүнүн кире беришиндеги жазуу.

"Азаттык": Америкалыктар Кыргызстанда жасалган кандай буюм-тайымдарга кызыгат? Кардарлар көппү?

Индира Мукамбетова: Сатып алуучуларга биздин өлкөдө даярдалган буюмдар абдан жагат. Өзгөчө кийиз буюмдарга кызыгуу күч. Мен жогоруда айткандай эле, Кыргызстандан башка да өлкөлөргө барып, чакан ишканаларда жасалган буюмдарды алып келем. Маселен, Непал, Индия, Индонезия, Таиланд жана Түштүк Америка өлкөлөрүнө көп барам. Бул жылы Монголияга барууну көздөп жатам.

Жакында эле дүкөнүмө АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюм кирип келди. Ал Бишкекте болгонун айтып, АКШда да ушундай дүкөн бар экенине сүйүндү.

"Азаттык": Сиз учурда Хомер деген шаарда жашайт экенсиз. Ал тууралуу да айтып берсеңиз?

Индира Мукамбетова: Бул шаарды эмнегедир биздин Чолпон-Атага окшоштура берем. Жайында шаар тургундары иш менен алек, туристтерди тосушат, балык улашат. Ал эми кышында жайда тапканы менен жан багышат. Жайда эмне эксе, кышта ошонун үзүрүн көрөт дегендей. Калкы болгону 3 миң адам. Жайкысын туристтер батпай калат. Анткени абдан кооз. Эли кичипейил. Шаардын бир эле кемчилиги - өтө суук.

"Азаттык": АКШнын башка штаттарында жашаган кыргызстандыктар көбөйбөдүбү. Ал эми Аляскада биздин журтташтар барбы?

Индира Мукамбетова: Кыргызстандыктар бар, бирок саналуу эле. Алясканын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Фэрбанкс шаарында кытайлык кыргыз жашайт, анын келинчеги биздин Ысык-Көлдүн кызы. Алар бул жакка отуз жыл мурда келиптир. Анкориж деген шаарда да бир үй-бүлө бар. Бул жакта жергиликтүү орустар абдан көп. Көбү биздин кытайдагы кыргыздардай орус тилинде таза сүйлөшөт. Алар менен баарлашуу абдан кызык. Жолдошум дүкөнүмдүн сыртына Kyrgyz nomad handicrafts же "Көчмөн кыргыздардын кол эмгектери" деген көрнөк даярдап берген. Бул да мекендештерибиз менен табышууга абдан жардам берет экен. Борбор Азиядан келген туристтер дароо баш багат. Жакында эле дүкөнүмө АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюм кирип келди. Ал Бишкекте болгонун айтып, АКШда да ушундай дүкөн бар экенине сүйүндү.

Индиранын Аляскада боз үй да тигип алган.
Индиранын Аляскада боз үй да тигип алган.

"Азаттык": Аляскага келгенге чейин Кыргызстанда эмне менен алектенчү элеңиз?

Индира Мукамбетова: Бул жакка келгенче Кыргызстанда немис тилинен котормочу болуп иштечүмүн. 2005-жылы чакан ишкерлик менен алектене баштагам. Өзүм Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулуп-өскөм. Балким ошол себептен Хомер шаарын Чолпон-Атага салыштыра берсем керек.

"Азаттык": Аляскадагы ишкердигиңизди кеңейтип, башка штаттарда иш ачуу оюңузда болсо керек?

Индира үй-бүлөсү менен
Индира үй-бүлөсү менен

Индира Мукамбетова: Жок, мен башка штаттарга барып-келип турам Бирок ал жакта адамдар көп, машине толтура, айтор ызы-чуу. Анча жакпайт. Аляскада тынч, жакшы. Бул жакта сезон маалында эле тынбай иштейсиң, башка убактыңды үй-бүлөгө, саякаттоого арнасаң болот. Мен айылдыктардай болуп жашайм. Көңүлүмө ушундай жашоо жакын. Маселен, быйыл бул жакта сезон жакшы болду. Биз аны 7-сентябрда жыйынтыктадык. Дүкөнүмдү эми май айында ачам. Мына ошол себептүү жазга чейин бардык иштеримди бүткөрүп, Аляскага барып калышым керек.

Маекти кыргызчалаган Элиза Кененбаева

Маекти орус тилинде бул жерден окуй аласыз

XS
SM
MD
LG