"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитти өтөт. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Орусиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан баштаган лидерлердин Кыргызстанда чогулушу эл аралык медианын көңүл борборуна чыкты.
Непалдын Тибет менен чектеш аймагындагы суу ташкындан каза тапкандар улам көбөйүп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча 270 адамдын сөөгү табылды, 900дөн ашуун кишинин дареги билинбей жатат.
АКШда башпаанек сураган 200 миңдей чет өлкөлүктүн туристтик жана бизнес визасы жокко чыгарылышы мүмкүн. Муну менен катар Ак үй чет өлкөлүк адистерге багытталган H-1B программасынын талаптарын катаалдатууда. Трамп муну америкалыктар үчүн жумуш орундарын коргоо деп түшүндүрөт.
Орусияда украин армиясынын чабуулдарынан талаптагыдай корголбогон стратегиялык ишканалар мамлекеттин убактылуу башкаруусуна өтүшү мүмкүн. Президент Владимир Путиндин жаңы жарлыгы энергетикадан тартып логистикага чейинки тармактарды камтыйт.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияны эпке келтирүү үчүн эл аралык басымды күчөтүүгө чакырды. Өлкөсүнүн Эгемендик күнүнө карата кайрылуусунда Зеленский АКШ, Европа жана Кытай бул багытта өз ролун аткарышы керектигин айтты.
Орусияда ушул күздө мобилизациянын жаңы толкуну жарыяланышы мүмкүн деген маалыматтар көбөйдү. Москва мындай маалыматтарды четке кагып, азырынча мажбурлап мобилизация жүргүзүүнүн ордуна келишимдик негизде аскер топтоону улантууну көздөп жатканын билдирүүдө.
Москва баштаган Орусиянын бир катар аймактарында бензин тартыштыгы кайра күчөп, май куюучу жайларда узун кезектер пайда болду. Бийлик абалды жөнгө салууга аракет кылып жатканын билдиргени менен сырттан импорттолгон күйүүчү май да ички базарга жете элек.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 14-августта Президенттик администрациянын макамын, милдеттерин жана иштөө тартибин аныктаган мыйзамга кол койду. Ага ылайык, администрацияны жетектеген президенттин кызы Саида Мирзиеева эми Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары да болот.
"Талибан" кыймылы Кабулдагы бийликти басып алганына 5 жыл болду. Бул аралыкта талибдердин өкмөтүн Орусиядан башка бир да өлкө расмий тааный элек. Ошол эле маалда Борбор Азиядагы коңшулары "Талибан" менен экономикалык, соода алака-катыштарын өрчүтүп жатат.
Сириянын соту өлкөнүн мурдагы президенти Башар Асадды "адамзатка каршы жана согуш кылмыштарына күнөөлүү" деп таап, сыртынан өлүм жазасына кести. Ушул эле иш боюнча Асаддын тууганы, мурдагы жогорку даражалуу коопсуздук кызматкери Атеф Нажиб да өлүм жазасына өкүм кылынды.
Орусиянын Татарстан республикасынын Нижнекамск шаарына дрон чабуулунда Өзбекстандын сегиз жана Тажикстандын бир жараны каза болгону расмий ырасталды. Алардын көбү Орусияга иш издеп барган мигранттар болгон. Тажикстандын дагы эки жараны жараат алып, ооруканада жатат.
Иран менен АКШнын ортосунда жаңжал уланып, аймактагы коопсуздук боюнча чыңалуу күчөп жаткан чакта Сауд Арабиясынын, Пакистандын жана Түркиянын лидерлери 7-августта биргелешип коргонуу тууралуу келишимге кол коюшту.
10-августта Татарстан төрт жарым жыл мурун Украинада согуш башталгандан берки эң көп адам өмүрүн алган чабуулга кабылды. Акыркы расмий маалымат боюнча Нижнекамскиге дрондордун чабуулунан 13 киши каза болду. Алардын жетөө Өзбекстандын жараны. Каза болгондордун арасында тажик жарандары да бар.
Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Орусияда террордук ишмердүүлүккө көмөктөштү деген айыпка кабылды. Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) ага каршы кылмыш иши козголгонун жарыялап, эл аралык издөөгө бергенин билдирди.
Чехия жана Германияда өзбекстандык жарандар аралашкан кылмыштуу схемалардын бети ачылды. Мындай окуялар борбор азиялык эмгек мигранттарына кандай таасир этиши мүмкүн? Еврошаркет миграциялык саясатын күчөтүп жаткан маалда биримдикке иш издеп барган аймактын жарандары эмнеге көңүл бурууга тийиш?
Түркияда туура он жыл мурдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин 100 миңден ашуун киши соттолуп, миллиондой киши суракка тартылган. Президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги кыйла бекемделди.
Түркияда ишке ашпай калган бийликти төңкөрүш аракетине туура он жыл болду. Ал окуядан кийин жүз миңдеген адам иштен алынып, миңдеген киши камалды. Ошондон бери Түркияда коопсуздук чаралары күчөп, демократиянын абалы боюнча талаштар токтой элек.
АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык аскерлер Ирандын абадан коргонуу системасына, радиолокациялык постторго, ракета жана дрон комплекстерине, Ормуз кысыгындагы чакан кемелеине сокку урулганын жарыялады.
Орусияда бензин тартыштыгы күчөдү. Украин дрондору Омскиге чейин жетти. Мунай заводдору токтоп, Путин күйүүчү майды импорттоого уруксат берди. Бул кризистин Борбор Азияга таасири кандай болот?
Быйыл Борбор Азияда жаан-чачын мурдагыдан көп болушу ыктымал. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун адистери муну Тынч океанда кайрадан күчөп аткан Эль-Ниньо кубулушу менен түшүндүрөт. Акыркы апталарда дүйнөнүн бир катар аймактарында аба ырайы кескин өзгөрдү.
Дагы жүктөңүз