Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Стамбул: теннисти сүйгөн кыргыз балдар


Эмир жана Илим Казис уулу апасы Айнура менен
Эмир жана Илим Казис уулу апасы Айнура менен

Стамбул шаарында туулуп-өскөн 13 жаштагы Эмир жана анын иниси Илим алты жылдан бери теннис менен машыгат.

Акыркы эки жылдан бери өзү барган теннис клубунун чемпиондук курама командасында ойноп жүрөт. Кичинесинен бери бул спорт түрүнө кызыккан ага-ини жумасына беш күн клубга келип, эки сааттан машыгуусу зарыл.

- Алты жылдан бери ушул клубга келем. Алгач иним Илим жазылган, аны көрүп мен келип калдым. Башында анча оор эмес эле, чемпиондук командага алынгандан бери машыгуулар оор боло баштады. Бирок мага теннис жагат, - дейт Эмир.

Уулдарынын спортко болгон кызыгуусуна кайдыгер карабаган Казис менен Айнура балдарын жумасына беш күн машыгууга алып келет. Негизги жүк апасынын моюнунда. Үч жаштагы уулун жетелеп алып, эки баласын эки сааттык машыгуу бүткөнчө күтөт. "Балдарын спортко берген ар бир ата-эне чыдамкай болушу шарт" деп белгилейт Айнура Сыдыкова.

- Бул жерде эң маанилүү ролду албетте ата-эненин чыдамы ойнойт. Балдарынын жеңишине да, жеңилүүсүнө бирдей карап колдоп турса, жылыш болот. Анткени спорт жашоодо бир сыноо. Бул сыноонун жеңиши да, жоготуусу да бар. Утулган сайын кийинки мелдеште утасың деп кемчиликтерин айтып, колдосо, албетте аракет үзүрүн берет.

Спорт негизинен балдардын билим алуусунда да эң маанилүү ролду ойнойт. Өзгөчө Стамбул сыяктуу чоң шаарларда мектеп менен спортту айкалыштырып алып кетүү өтө оор. Билим берүү системасы балдарды китептен башын көтөртпөгөндүктөн көбүнесе спорт арткы планда калып кетет. Эмир менен Илимдин машыктыруучусу Шенол Сүннетчи бул тууралуу өз оюн төмөндөгүчө билдирди:

- Албетте мен ата-энелерге баланы спортко бергиле деп таңуулай албайм. Бирок көп жылдык тажрыйбама таянсам, спорт балдарды өз алдынча ой жүгүртүүгө, дисциплинага жана тартипке үйрөтөт. Спорт жашоодо жөн гана дененин кыймыл-аракети эмес, ал адамдын өнүгүүсүнө кошкон чоң салым.

Машыгуу учурунда
Машыгуу учурунда

Теннис кымбат спорттун түрүнө кирет. Колдонгон ракеткаларынан тарта кийген кийими, машыктыруучунун айлык акысына чейин биртоп акча талап кылат.

Эмир менен Илимдин ата-энеси болсо алардын тенниске кызыгуусун ар тараптан колдоп, мелдештерге Кыргызстандын атынан катышуусун каалашат.

- Азырынча Стамбулда жашагандыктан бул жактан топтогон тажрыйба менен Кыргызстанга барганда чоң мелдештерге катышса деп тилек кылам. Ал жакта да теннисти улантып кетүүлөрүнө колдоо көрсөтөбүз, - дейт балдардын энеси Айнура.

Кыргызстанда учурда спорттун теннис түрүнө үйрөтүүчү менчик академия ачылып, иштеп жатат. Ал эми өлкөнүн атынан эл аралык мелдештерге катышып жүргөндөрдүн катарында Ксения Палкинанын аты аталып жүрөт. Негизинен теннисти дүйнөдө эң кымбат спорт деп билишет. Мунун далили катары Роджер Федерердин жылына тапканы 71 миллион долларды түзөрүн айтсак болот.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG