Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

АКШда каза болгон Нуржигиттин сөөгү мекенине жеткирилди


Нуржигит Капарбеков (аманат сүрөт)
Нуржигит Капарбеков (аманат сүрөт)

Чикагодо жашаган 24 жаштагы Нуржигит Капарбеков 29-январда күтүүсүз кырсыктын айынан каза тапты. Оор жүк ташыган машине айдаган Нуржигиттин өмүрүн алган кырсык Мичиган штатынын Детройт шаарында болгон. Күлгүн курагында жарык менен кош айтышкан жигиттин Америкага барганына эки жылга чукулдап калган.

24 жаштагы кырчындай жигит кырсыктан каза тапты деген кабар интернетте тарагандан кийин телефон аркылуу Чикагодо жашаган мекендештерибиз, Нуржигит Капарбековду жакындан тааныгандар менен байланыштык. Алардын бири - Нургазы Эралиев. Соңку кезде Нуржигит менен бирге иштеп жүргөн, каргашалуу кырсык болгон күнү эртең менен аны ишке узаткан. Нургазы “Азаттыкка” бул кырсыкты иликтөөгө түрткү берген жагдайлар бардыгын айтып берди.

"Бул негизинен автокырсык эмес. Конкреттүү эмне болгонун эч ким билбейт. Аны иликтөө үчүн адвокат жалдаганы жатабыз. Эки адвокат бар, азырынча кимисине кайрылууну билбей турабыз. Адвокат тиешелүү материалдардын бардыгын алганга укуктуу. Полициянын алгачкы протоколунда "эки чоң жүк ташыган машиненин ортосуна кыпчылып, механикалык асфиксия (аба жетпей тумчугуу) болгон, көкүрөк клеткалары кысылып калган" деп жазылганын өзүм окудум деген Нургазы бул атайын жасалган иш болушу ыктымал деп шектенип жатканын айтып берди:

Нуржигит айдаган оор жүк ташыган машине
Нуржигит айдаган оор жүк ташыган машине
- Бул биз үчүн аябай таңкалычтуу болуп турат. Менин жеке оюмда бул ишке тиешеси бар үчүнчү тарап бар. Ошол үчүнчү тараптан кандайдыр бир кыймыл болгон, анткени өзүнөн өзү чоң машине жылып кетпейт. Эки машиненин ортосуна сыртта турган киши кантип эле кыпчылып калат - бул да суроо туудурат. Же болбосо бул ошол жердеги иштегендердин күнөөсү, алар бир нерсени туура эмес коюп коюшкан. Бул жерде Нуржигиттин күнөөсү жок, трактор менен машинени кошконду Нуржигит жакшы билчү. Негизи эле ал өз ишин мыкты аткарчу. Эки техника бири-бирине чиркелип жатканда, алардын дөңгөлөктөрүнө атайын тыгындар коюлуп, жылбай турат. Оор машине эч качан андай учурда ордунан жылбайт.

Нуржигит менен Кыргызстандан чогуу Кошмо Штаттарга барган, учурда Чикаго шаарында жашаган Жолдошбек Бейшенбек уулу "Бул жерде дагы бирөөнүн тиешеси бар деген так маалымат чыга элек. Азырынча бул табышмак, эч ким билбейт. Иликтөөнүн жыйынтыгын эле күтөбүз. Азырынча бизде полициянын протоколу эле бар, так маалыматты иликтөө көргөзөт", - деди "Азаттыкка".

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Детройт шаарынын полициясына кайрылып, Нуржигит Капарбековдун кандай жагдайда каза болгону тууралуу толук маалыматты сураганын элчиликтин 1-катчысы Рахман Аданов “Азаттыкка” билдирди.


Урматтуу мекендештер! 29-январь, 2014-жылы Чикагодо жашаган кыргызстандык тууганыбыз Нуржигит Капарбеков (1990-жылкы) автокырсыкка учурап каза тапты. Кайрымдуулук көрсөтүп, каражат чогултууга сиздердин жардамыңыздарга кайрылабыз! - деген жарыя жүзүнөн нур тамган, көздөрү балбылдаган, каратору жигиттин сүрөтү менен интернетте пайда болгондон кийин, атайын ачылган эсепке дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунда жашаган кыргызстандыктар акча которуп, көңүл айтуулар чыга баштады.

"Дүйнөдөгү бардык кыргызстандыктар: Америкадагы, башка мамлекеттердеги, Кыргызстандагы элибиз, бул жердеги элчилик жардам берди. Сөөктү жеткире турган компанияны издеп тапканга дагы адамдар, элчилик көмөктөштү. Интернетте болсо http://www.gofundme.com/6kfid0 деген сайтка жарыя койгонбуз, ошол жерде акча чогулду. Башында 20 миң доллар деп койсок, эки күндөн кийин чогулган каражат 20 миңден ашып кетти. Интернетте акча топтоону токтоттук. Нуржигиттин сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү 10 миң доллар турду, калган акчаны ата-энесине салып жиберебиз " - деген Жолдошбек Бейшенбек кайдыгер калбаган мекендештерге ыраазычылык билдирет.

Маркум жигиттин досторунун айтуусунда, 24 жаштагы Нуржигит бир үй-бүлөнүн тун уулу, ата-энеси Нарындын Кочкор районунан Чүй жергесине көчүп барган. Бишкекте жогорку окуу жайлардын биринде окуп жүрүп, 2012-жылы май айында алыскы Америкага кеткен.

Чикагодогу мечиттеги жаназадан кийин, 02.02.2014
Чикагодогу мечиттеги жаназадан кийин, 02.02.2014
"Нуржигит абдан токтоо, эч нерсеге кебелбеген жигит болчу. Маңдайы жарык, ушунчалык жакшы бала эле. Эстеген сайын ичим ачышат. Акыркы күнү мен жанында отурганда энеси менен сүйлөшүп жаткан. “Иштебей эле коюңуз, болду, үйдө эс алыңыз. Эми биз чоңойдук, биз иштейбиз” – деп айтып жатканын уккам. Ошол сөздөрүн эстеп алып эле жаман болом" - деп эскерет Нуржигит менен акыркы күндөрү чогуу жүргөн Нургазы.

Учурда дүйнөнүн ар кыл тарабында иштеп жүргөн миңдеген кыргызстандык эмгек мигранттары сыяктуу эле маркум Нуржигит дагы Америка жергесинде билим алып, бутуна туруп, өз мекенине кайтып барып, бизнес ачууну кыялданчу.

29-январда Мичиган штатынын Детройт шаарында автокырсыкта каза тапкан 24 жаштагы Нуржигит Капарбековдун сөөгү Бишкекке 4-февралда жеткирилди. Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар, бейтааныш кайрымдуу адамдар, мекендештердин уюмдары маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жиберүүгө кеткен чыгымдарды толук көтөрүп, уулунан эрте ажыраган үй-бүлөгө акчалай жардам беришти.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG