Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Азиздин сөөгү Нью-Йорктогу суудан табылды


Азиз Нью-Йоркко 9 ай мурда барган.
Азиз Нью-Йоркко 9 ай мурда барган.

Нью-Йоркто 3-апрелде дайынсыз жоголгон 20 жаштагы Азиз Чиркеев АКШга тогуз ай мурда барган.

Азиз Чиркеевдин сөөгү Нью-Йорктогу Бруклин көпүрөсүнүн алдынан, суудан табылган. Бул тууралуу Нью-Йорктогу кыргызстандык активист Бакыт Татибеков полицияга шилтеме жасап, “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Азиз Чиркеевге окшош делген сөөк 30-апрелде эле табылган, бирок соттук-медициналык эксперт аны бүгүн, 4-майда ырастады.

"Бул адам өлгөн"

1997-жылы туулган Азиз 3-апрелде Нью-Йорктогу ишинен чыккан боюнча үйүнө кайтып келген эмес. Ал стоматологиялык лабораторияда иштечү. Активист Бакыт Татибеков маркумдун апасы Нуркан Чиркеева журналисттерге маалымат бере албасын айтып, окуя боюнча билгендерин мындайча баяндады.

- Өзү көп сүйлөбөгөн, тынч жүргөн бала болчу. Кыргызстандыктарга деле кошулчу эмес. Бруклинде стоматологиялык лабораторияда иштечү. 3-апрелде 20:30дарда ишинен чыгып, апасына эки жолу чалыптыр. Алгач чалганда үйгө чейин жөө чуркап, эксперимент жасарын айтыптыр. Ага чейин метро менен эле жүрчү экен.

Ошентип Азиз апасына кайра чалып, Нью-Йорктун борбордук паркына барып сейилдерин, үйгө кеч кайтарын кабарлайт. Түн жарымда телефону өчүп, ошол бойдон кабарсыз кетет. Эң кызыгы саат түнкү ондор чамасында вотсабына “бул адам өлгөн” (англисче - this person dead) деген билдирүү калтырылган. Аны ким жазганы азырынча белгисиз. Учурда Нью-Йорктун полициясы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бакыт Татибеков сөзүн мындайча улады.

- Түнкү 12ден өткөндө Азиздин телефону өчүп калган. Ошол боюнча такыр күйгөн эмес. Бруклин көпүрөсүнөн өзү боюн таштадыбы же бирөө түрттүбү азырынча айтуу кыйын. Анткени Бруклиндеги видеокөзөмөл камерасы анын Бруклин көпүрөсүнө киргенин гана тартып калган, чыкканы видеого түшкөн эмес. Жаан жаап, анын үстүнө караңгы болгондуктан андан аркы видео жакшы көрүнбөй калган.

Бруклин көпүрөсүнүн бийиктиги 40 метрге жакын. Ал Бруклин менен Манхэттенди бириктирген автоунаа жана жөө жүргүнчүлөр өткөн көпүрөлөрдүн бири.

Бир жылда төрт өлүм...

Азиз Чиркеевди 3-апрелден бери Нью-Йорк полициясы менен ал жактагы кыргызстандыктар да издешти. Окуяны жергиликтүү телеканалдар маал-маалы менен чагылдырып жатышты. Ошондой баяндардын биринде Азиздин апасы Нуркан Чиркеева уулунда эч кандай маселе болбогонун, анын жоголушу табышмак болуп жатканын айтат.

Нью-Йорктогу диаспора өкүлдөрүнүн ырасташынча Азиздин апасы Нью-Йоркто мурдатан жалгыз бой жашап, карыларды карап иштечү. Азиздин ал жакка барганына тогуз ай болгон. Ал стоматологиялык лабораторияда иштеп, келечекте программист болууну максат кылчу. Ал жакка барганга чейин медициналык билим алып жаткан.

Бейрасмий маалыматтар боюнча Нью-Йоркто 2 миңден ашуун кыргызстандык бар. 2016-жылдын апрелинен бери ар кандай себептерден улам Азизди кошкондо төрт мекендеш ажал тапкан. Нью-Йорктогу журтташтар учурда маркумдун сөөгүн туулган жери Таласка жөнөтүү үчүн GoFundMe системасы аркылуу акча топтоп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG