Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

АКШда каза болгон жигиттин сөөгү мекенине жөнөтүлөт


АКШда жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык Эржигит Жуматаевдин сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги маркумдун сөөгүн жөнөтүү боюнча керектүү иштерди аяктаган.

24-майда Нью-Йорк штатындагы Бруклин шаарында жол кырсыгына кабылган эки кыргызстандыктын бири, 25 жаштагы Эржигит Жуматаев 28-май күнү эсине келе албай, каза болгон.

Ал эми экинчисинин бутуна операция жасалып, жакынкы күндө ооруканадан чыгары кабарлаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG