Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 02:42

Аксы окуясы: акталбай калган үмүт


Аксы окуясында курман болгондорго арналып тургузулган эстелик. Боспиек айылы.

Мындан 18 жыл мурда болгон Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы Боспиек айылында өтүп жатат.

Эскерүү иш-чарасына президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Аксы окуясынын жабырлануучулары жана жергиликтүү тургундар катышууда. Бул тууралуу Аксы райондук акимчилигинен "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Аксы окуясын эскерүү Бишкекте уюштурулбайт.

Иш-чарага байланыштуу Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анда президент Аксы окуясын “өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш” деп атады.

“17-марттагы Аксы окуялары - өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды. Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, март жана апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя болуп бааланат”, – деди мамлекет башчы.

Ала-Тоо аянтындагы Аксы, апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койгон Жээнбеков азыркы бийлик өлкөнүн келечеги үчүн өз өмүрүн тобокелдикке байлап чыккан элдин ишенимин актоого аракет кылып жатканын айтты.

Дагы бир кайрылууну Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси ​Азимбек Бекназаров жолдоду. Ал 17-март эгемен Кыргызстандын тарыхында кара тамга менен жазылган күн болуп каларын, мындай окуя кайталанбашы керектигин белгиледи.

“Аксылыктар кыйналды ооруду, азап тартты, далай жолу ийилди, бирок, сынбады, чөгөлөбөдү, соодалашкан жок. Аксы жергесинен башталган саясий күрөштү президенттик үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланта алды. Үй-бүлөлүк башкаруунун автору, ээси Акаев 2005-жылдын 24-мартында өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болду”, - деп жазылган Бекназаровдун кайрылуусунда.

"Биздин үмүт акталбады"

Аксы окуясында каза тапкан Эркиналы Четимбаев көзү тирүү болсо, балким быйыл 49 жашка чыкмак. Ал кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн жөө жүрүшкө чыккан аксылыктардын катарында болуп, 31 жашында курман болгон.

Четимбаевдин жубайы Гүлбү күйөөсү өлгөндө 28 жашта болчу. Ал мамлекет маркумдардын үй-бүлөсүнө көңүл бурган жок деп кейиди.

“Жесир калган үч эле аялбыз. Бизге эч кандай жөлөк пул же кенемте берилбейт. Биз сыяктуу балдары менен калган жесирлерге мамлекет өмүр бою каражат бериш керек экенин жакында гана угуп калдык. Жогорку Кеңештин депутатына кайрылсак, "ошол учурда чыккан өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизүү керек" деп коюшту. Азыр окуяда жарадар болгондор ай сайын 3700 сомдон жөлөкпул алат, бирок алардын катарына жесир аялдар кирген эмес. Электр энергиясына жеңилдик болот деген, аны да көргөнүбүз жок. Жылына айыл өкмөт тарабынан беш каптан көмүр берип турат. Токой чарбалар бир автоунаа отун берип турчу. Быйыл ошону сураганы айыл өкмөткө барсам, “балдарыңыз чоңоюп калды го, дагы деле сурай бересизби?!” деп коюшту".

Аксы окуясы: ала жазда кыйылган кырчын өмүр
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:27 0:00

Эркиналы Четимбаевдин ысымы 2003-жылы Кара-Суу айылындагы 200 бала окуган мектепке ыйгарылган. Артында калган үч баласы азыр чоңойду. Кызы турмушка узап, баласы үйлөнүп апасы менен бирге жашайт. Ортончу уулу студент.

Маркумдун жубайы Гүлбүнүн айтымында, 2006-жылы мамлекет берген “Эрдик” медалы жасалма болуп чыккан.

Аксы окуясында бир тууганы Сатимбайды жоготкон Нурбүбү Үркүмбаева ошол учурда жөө жүрүшкө чыгып, ок жаңылган аксылыктар менен бирге болгон.

"Азыркыга чейин окуяга юридикалык баа берилген жок. Ошондогу күнөөкөрлөр азыр ээн-эркин жүрөт. Кыргызстанда мыйзам болгону менен ал иштебейт. Азыркыга чейин биздин күйүтүбүз күч, көксөөбүз сууган жок. Бийлик буларды мээлеп туруп аткан. Өлгөндөрдү машинеге жүктөп, изин билгизбей жашыралы деген аракеттер болгон. Райондук оорукананын өлүкканасына эл чогулуп барып, ошол жерден камерага тартып чыккан орган кызматкеринин видео аппаратын тартып алышкан. Ошондо окуянын тартылган видеолору ачыкка чыгып кеткен. Болбосо бул иш жабылуу боюнча калып кетмек", - деди Нурбүбү Үркүмбаева.

2012-жылы Кара-Суу айылында Азимбек Бекназаровдун демилгеси менен 24-март музейи курулган. Анда Аксы окуясында курман болгондордун жана жабыркагандардын маалыматтары чогултулган.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган.

Бул окуянын чоо-жайын учурунда өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтыктарын чыгарышкан. Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленип, алардын айрымдары сот жообуна тартылышып, кийинчерээк мунапыс берилген.

Аксы окуясына укуктук баа берүү маселеси Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда да көтөрүлүп, бирок Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кылмыш ишти кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган.

Апрель окуясынан кийин Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып эстелик тургузулган.

Укук коргоочу, экономист Шералы Назаркулов Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы саясий ачкачылык жарыялап, 2002-жылы 7-февралда акциянын 22-күнү каза болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG