Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-май, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Апрель окуясына он жыл


7-апрель, 2010-жыл.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда бийлик алмашып, президент Курманбек Бакиев элдин толкундоонун арты менен кызматтан кеткен. Ал күнү 90дой адамдын өмүрү кыйылган.

Апрель ыңкылабынын 10 жылдыгы Кыргызстанда COVID-19 илдетинин тараганынан улам өзгөчө абал режими иштеп жаткан күндөргө туш келгендиктен, атайын белгиленген жалпы элдик иш-чаралар өтпөй калды.

7-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги Апрель баатырларына тургузулган эстеликке гүлчамбар койду. Маркумдардын арбагына багышталып куран окулду.

Ошондой эле президент Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуу таратты. Анда 2010-жылдагы 7-апрель Кыргызстандын тарыхындагы бурулуш мезгилдин башаты болгонун, окуянын саясий жана тарыхый мааниси чоң экени айтылды. Бирок президент революциянын максаттары толук ишке ашпай калганын белгиледи:

«Парламенттик демократияны орнотуш үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды. Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз. Сөз эркиндигинин мааниси артты. Жарандык коомдун мамлекеттик турмуштагы ролу жогорулады. Бирок, тилекке каршы, революциянын максаттары, талаптары ишке толук ашпай калган. Аларды азыр жүрүп жаткан реформалардын артыкчылыктуу багыттары катары аныктап, турмушка ашырууну көздөп жатабыз».

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-апрелде Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бирок Кыргызстанда COVID-19 илдетинин тарап, өзгөчө абал режими иштеп жаткандыктан атайын пландалган жалпы элдик иш-чаралар өтпөй калды.

2010-жылы Бакиевдердин бийлигине каршы оппозициянын сап башында жүргөн саясатчы Темир Сариев андан бери болгон окуяларга мындайча баа берди:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Албетте, кемчилик болбой койгон жок. Кемчиликтер көп. Бардык үмүттөр эле актала бербейт экен. Өткөн 10 жыл ичинде ишке ашышы керек болгон бир топ ири долбоорлор айрым адамдардын тар кызыкчылыгынан, саясий оюндардан улам аткарылбай калды. Биз бул үчүн ыңкылапты бирге ишке ашырган мекендеш, пикирлеш, замандаштардын алдындагы жоопкерчиликти азыр да сезип турабыз».

Апрель окуяларынан бери Кыргызстанда экинчи парламент жана үчүнчү президент иштеп жатат.

2010-жылдын 7-апрелинде Убактылуу Өкмөт түзүлүп, анын жетекчилигине келген Роза Отунбаева мамлекетти бир жарым жыл башкарды. Андан кийин алты жыл президент болгон, ыңкылапчы саясатчылардын бири Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына жана бир нече кылмыш иштерине байланыштуу шек саналып, 2019-жылдын август айынан бери УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Ал абактан апрель окуяларынын он жылдыгына карата кайрылуу таратты. Кайрылууда «мындан он жыл мурда 7-апрель күнү кыргызстандыктар кандуу режимди кулатканы» жазылат.

Алмазбек Атамбаев. Апрель, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев. Апрель, 2019-жыл.

«86 жаран ошол күнү набыт болуп, 1,5 миңден ашуун адам жаракат алган. Өз өмүрүн келечек үчүн тартуу кылган кыргызстандыктардын эрдиги өз элиңе, мамлекетиңе кызмат кылууга үлгү болуп, жаңы муунду шыктандырып турат. Адам өмүрүнүн баасы менен Кыргызстан бийлик диктатурасынан эркин, демократиялык коомчулукка карай жол кура баштаган. Ал күнү эл эркиндик жана адилеттик үчүн чыккан. Кыргызстандыктар тизелеп жашаганча, өлүмгө тике кароо артык экенин көрсөтүшкөн».

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев кыргыз эли үй-бүлөлүк кландык режимдин оор кесепеттерин эч качан унутпай турганын белгилеп, мамлекеттик бийлик «туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» деген акылман сөздө айтылгандай иштөөгө тийиш экенин айтып кеткен.

Революциядан кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, кийин коррупцияга байланыштуу айыпталып, абакта отуруп чыккан саясатчы, «Ата Мекен» партиясынын төрөгасы Өмүрбек Текебаев апрель окуяларындагы үмүт-тилектерди эстеди:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Элдин көпчүлүгү Апрель революциясынан кийин «материалдык абалыбыз жакшырат, турмуш деңгээлибиз өзгөрөт, жумушчу орундар түзүлөт» деген ой-максаттары бар болчу. Тилекке каршы, бул максаттын баары аткарылган жок. Бирок 2010-жылдагы революцияда 2005-жылда болгон революциядан кийинки аткарылбай калган саясий транформациялоо аягына чыкты».

Революциянын жигердүү катышуучулары, кийинчерээк «апрелчилер» деген ат менен белгилүү болгон айрым жарандар Убактылуу Өкмөт, андан кийинки келген бийлик 2010-жылы апрелде Бакиев режимине каршы чыккан элдин үмүтүн актаган жок деп айтып эле келатышат.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев ыңкылапчы лидерлердин жүргүзгөн саясаты туура эмес болгон деп эсептейт.

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Акыркы он жыл ичинде ар кандай окуялар болуп жатып, анын аркасы менен биз 2010-жылга чейинки саясий нукка түшкөн кырдаалга кептелдик. Бул революция деп аныктама берген саясий топтун чечкиндүүлүгү жана өлкөнү кандай нук менен өнүктүрөбүз деген ойлорунун жоктугунан кабар берет», - деди ал.

90 жакын адамдын өмүрүн алган апрель окуялары боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.

Жапаров: Таласка президент Бакиев өзү жиберген
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:14 0:00

Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылы элдик толкундоодон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт. Соттун чечими менен анын экс-президент макамы да алынган. Аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракетинен ушул кезге чейин майнап чыкпай келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (14)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG