Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 10-апрель, 2020 Бишкек убактысы 04:50

Апрель окуялары киного айлангыча көп бар


Апрель окуяларына арналган иш-чарада тартылган сүрөт. 2017-жыл.

Апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата маданий сынактар биринин артынан бири жарыяланууда.

Апрель окуяларын адабиятта, искусстводо чагылдыруу жаатында бир кылка пикир жок. Сынакка келип түшкөн чыгармалардын көбү окуянын тарыхый маанисин ачып бере албайт. Адистер саясий окуялар мезгил сыноосунан өтмөйүнчө, адабият менен искусстводо татыктуу чагылдырылбай калышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтышат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 2020-жылдын башынан тартып апрель окуяларынын он жылдыгына арналган бир нече сынак жарыяланды.​

«Бул жаштар арасындагы поэзия сынагы. Драматургдар жана композиторлор арасында сынак. Тактап айтканда, композиторлор арасында мыкты реквием жазгандарга, видеоролик тарткандарга сынак жарыяланды. Бүгүнкү күндө эмгектер министрликке караштуу Улуттук маданиятты жайылтуу борборуна кабыл алынып жатат», - деди аталган мекеменин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева.

Апрель ыңкылабына арналган иш-чарада тартылган сүрөт. 2017-жыл.
Апрель ыңкылабына арналган иш-чарада тартылган сүрөт. 2017-жыл.

Мындан сырткары Маданият министрлиги кино ишмерлери үчүн Баткен окуясы боюнча кыска метраждуу тасма жана телесериал өндүрүү, ошондой эле жаштарды мекенди сүйүүгө, ата-энени урматтоого, айлана-чөйрөнү коргоого чакырган толук метраждуу тасма тартуу сынагын жарыялады.

Бүгүнкү күндө эгемен Кыргызстандагы бийлик алмашкан окуялар тууралуу жазылган чыгармалар, тартылган тасмалар, коюлган спектаклдер жокко эсе. Андыктан аттуу-баштуу саясатчылар өлкөнүн саясатын жана тарыхын өзгөрткөн учурлар тууралуу белгилүү чыгармалар жаралбай жатканы сындап келатышат.

Режиссер Таалай Кулмендеев сынак жарыялоо менен маселе чечилбей турганын айтты:

«Жасалма түрдө чыгарма жаратуу туура эмес. Бизде тематикалык пландарды багыттоодо кандайдыр бир отурумдар, кеңешмелер болушу керек эле. Туруп эле чочугандай «тиги темага арнап чыгарма жараталы, бул тема ачылбай жатат» деп, ошого жараша сынактарды жарыялап койгон туура болбой калат го».

Кулмендеевдин оюн кесиптеши Темир Бирназаров да колдойт. Бирок ал тарыхый окуялар көркөм искусстводо өз ордун табышы зарыл деп эсептейт.

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

«Бул тема боюнча сынак жарыяланганы кызыктай угулуп жатат, - деди ал. - Туура, «ушул тууралуу жаз, акча төлөп беребиз» дешкени кандайдыр бир деңгээлде стимул болот дешкен чыгар. Бирок ал авторго ошол тема жакпаса, ал тема үчүн чын дилинен күйбөсө, анда ал чыгарма кайдан чыгат? Ошентсе да мындай ыкма менимче керек. Себеби тарыхый окуялар сөзсүз түрдө чыгармаларда калышы абзел. Элибизге сабак болушу керек».

Театр ишмери Жаныш Кулмамбетов апрель окуялары тууралуу эмне үчүн жарытылуу чыгармалар жазылбай жүргөнүн мындайча мүнөздөдү:

«Апрель окуясы коомчулукта бирдей кабыл алынбайт. Саясатчылар менен элдин позициясы дайыма эле дал келбейт. Мен бул окуяга карата жазылган бир нече балдардын чыгармаларын окуп көрдүм. Баары негизинен окуя трагедиялуу болгонун белгилешет да, коомду канчалык деңгээлде өзгөрткөнү тууралуу оң пикир жок. Айрымдары чыгармаларында "Апрель окуясы бизге эмне, эмне өзгөрдү?" деген суроо коюп атышат».

Адабиятчы Гүлзада Станалиева кайсы бир саясий маселеге байланыштуу чыгарма жаратуу ар бир эле автордун колунан келбесин айтып, аны ар тараптуу изилдеп чыгуу, сюжеттеги окуяларды кайсы бир идеяга байлап берүү жазуучулар үчүн көп түйшүктү жана жоопкерчиликти талап кыларын ортого салды:

Гүлзада Станалиева.
Гүлзада Станалиева.

«Бул окуяга убакыт керек. Мындан сырткары өткөрүлүп жаткан кароо-сынактарга кимдер катышып жатканын да иликтөө зарыл. Эгер жаштар катышса, алар бул теманы иликтөөгө канчалык деңгээлде даяр деген суроо келип чыгат. Сынакка катышып жаткандардын арасында теманы терең изилдеген, ага башын сайган дасыккан калемгерлер барбы? Маселе ушунда».

Станалиева адабиятта апрель окуясына байланыштуу коомчулукта талкуу жараткан чыгарма жарала электигин белгиледи. Саясий окуялар мезгил сыноосунан өтмөйүнчө адабият менен искусстводо татыктуу чагылдырылбай турганын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалады.

«Тунгуч» жаштар театры 2014-жылы апрель окуясынын баатырларына арнап «Биригели» деп аталган спектаклди сахналаштырган.

Өлкөдө эки ирет болуп өткөн бийлик алмашуу - көркөм-сүрөт өнөрүндө да сейрек чагылдырылган тема. Буга чейин сүрөтчү Асан Турсункулов Аксы жана апрель окуяларына арналган 97 эмгектен турган «Өлбөс баатырлар» көргөзмөсүн өткөргөн.

Он жыл мурда 7-апрелде эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан. Куралсыз элге ок атылып, 80ден ашык киши окко учкан. Жүздөн ашуун адам жарадар болгон. Президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. Кыргызстанда 7-апрель «мамлекеттик майрам жана дем алыш» деп жарыяланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG