Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Апрелчилерди ыза кылган мунапыс


Апрелчилер Жогорку Сотко нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Апрелчилер Жогорку Сотко нааразы

Апрель окуясынын жабырлануучулары 2010-жылкы кандуу окуя боюнча соттолгондорго мунапыс берилбесин деп талап кылышууда.

28-июнда алар Жогорку Соттун алдында митинг өткөрүшкөн. Апрель окуясы боюнча алты жылга созулган сотто негизги күнөөлүүлөр жазасын алышкан жок деген нааразылыктар да арбын.

"Мунапыс колдонулбасын!"

“Апрель байрагы” коомдук уюмунун өкүлү Сүйүнбек Жумалиевдин айтуусунда, буга Жогорку Сот айыпталуучуларды мунапыстын негизинде бошотуп жатат деген сөздүн тарашы себеп болгон:

- Биз бүгүн капыстан эле “Жогорку Сот апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандарга мунапыс берип бошотуп атат”, - деген сөздү угуп калдык. Анан баарыбыз бул жерге келдик. Жүздөн ашуун баланын канын төккөн кишилер бошотулбасын деп келдик.

Апрель окуясы боюнча ишти 2-инстанциядан караган Республикалык аскердик сот 3-июнда өкүм чыгарып, анда мурдагы президент Курманбек Бакиевди, мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, өкмөт башчысы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыгарды. Атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталинов 20, мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басарлары – Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунганов 25 жылга кесилди. Сот чечими менен үй камагында жүргөн Муратбек Суталинов жана Данияр Дунганов сот залынан камакка алынышкан.

Мурдагы аткаминерлер Нурлан Турсункулов, Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев он жылга эркинен ажыратылган. Ушул эле жаза мөөнөтү менен Оксана Малеванаяга сыртынан өкүм чыккан.

Ошондой эле сот мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиевге, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевге, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловго жана “Альфа” атайын тобунун мурунку командири Алмаз Жолдошалиевге тергөө абагында өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, мунапыс колдонгон болчу.

Апрель окуясында курман болгондор
Апрель окуясында курман болгондор

​Мунапыс демекчи, Кыргызстанда соттолгондорго карата 2011-жылы Кыргызстандын эгемендигине 20 жыл толгонуна байланыштуу жана 2014-жылы Эл аралык адам укугу декларациясынын 65 жылдыгына карата мунапыс жарыяланган. Апрель окуясынын жабырлануучуларынын өкүлү Осунбек Жамансариевдин айтуусунда, 2014-жылы жарыяланган мунапыска апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандар илине албайт:

- 2011-жылкы мунапыс колдонулса, айыпталуучуларга берилген мөөнөттүн үчтөн бири кыскарат. Ал эми ага 2014-жылкы мунапыс да кошо колдонулса, алар эмгиче абактан бошотулмак. 2014-жылкы жарыяланган мунапыс апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандарга колдонулбашы керек. Анткени, мыйзам боюнча, бул мунапыс кызмат абалынан пайдаланып, кылмыш кылгандарга карата колдонулбайт. Ошондуктан, бул мунапысты аларга колдонууга болбойт.

Республикалык аскер сотунун чечимине нааразы болгон жабырлануучулар жана мамлекеттик айыптоо Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот бул чечимди көзөмөл иретинде 27-июнга белгилеп, бирок соттолгондордун адвокаттары келбегенине байланыштуу 20-июлга жылдырган.

"Кыргыз бийлигинде күнөө жок"

Апрель окуясы боюнча сот Кыргызстандын тарыхындагы узакка созулган сот иштеринин бири катары саналууда. Жабырлануучулар алты жылдык убакытка созулган сот негизги күнөөлүүлөрдү алып келип, жазалай алган жок деп нааразы. Апрель окуясынан кийин баш прокурор болуп иштеген Байтемир Ибраев мында бийликтин күнөөсү жок деп белгилейт:

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

- Бийликти саясий эрки жок деп, бир жактуу күнөөлөй берүүгө болбойт. Анткени айрым чет мамлекеттердин башчылары мындай кезде эл аралык келишимдерге баш ийбей, саясий мамиле кылып коет турбайбы. Бул азыркы бийликтин тушунда эле эмес, мурдатан жүрүп келген процесс. Курманбек, Жаныш Бакиевдердин турган жери белгилүү, жашаган жери анык болгондуктан, аларды Кыргызстанга алып келип, жоопко тарталы деп беларус бийлигине кайрылганбыз. Алар ачык эле “булар биздин жарандарыбыз” деп бербей коюшпадыбы. Малеваная менен Үсөновдун жашаган жери мен иштеп турган чакта белгисиз болчу.

2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Андан 90го жакын киши өлүп, 300дөн ашууну ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Бул иш боюнча экс-президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге кылмыш иши козголгон. Ок атууга күнөөлүү деп табылган мурунку президент Курманбек Бакиев, иниси Жаныш жана улуу уулу Марат Бакиевдер учурда Беларуста. Кыргыз бийлигинин жана коомчулуктун аларды кайтарып берүү талабы беларустар тарабынан жокко чыгарылган. Ал эми мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов коңшу Казакстанда деген маалымат айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG