Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Апрель соту: эки тарап тең нааразы


7-апрелде окко учкандардын кыркылыгы, 2010-жыл
7-апрелде окко учкандардын кыркылыгы, 2010-жыл

Тергөө абагында өтөгөн мөөнөтүн эске алуу менен мунапыс колдонулган апрель окуясы боюнча соттолуучулар ачкачылык жарыялашты.

Анткени сот чечимине ылайык, алардын өтөгөн жаза мөөнөтү эсептелип, колдонулган мунапыс боюнча эркиндикке чыгышы керек эле. Бирок 2010-жылы 7-апрелде окко учкан адамдардын жакындары айыпкерлерге карата соттун өкүмү жеңил чыкканына нааразы болуп, өкүм Жогорку Сотко даттаныларын билдиришти.

Сот чечими качан аткарылары белгисиз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып турган 7-апрель окуясы боюнча айыпталган соттолуучулар нааразылык иретинде 9-июндан тарта наар алуудан баш тартышты. Буга аларды эркиндикке чыгаруу боюнча сот өкүмүн аткаруу жагы кечеңдегени себеп болду.

Сот мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиевге, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевге, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловго жана “Альфа” атайын тобунун мурунку командири Алмаз Жолдошалиевге тергөө абагында өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, мунапыс колдонгон болчу.

Соттолуучу Турсункуловдун адвокаты Руслан Долаев бул буларды билдирди:

- Соттун экинчи инстанциясы 10 жыл жаза чарасын өзгөрүүсүз калтырды. Адам тергөө абагында отурганда анын ар бир күнү эки күнгө эсептелет. Анан үй камагына отурган учурлары дагы бар. Үй камагында отурган эки күн бир күндүк жаза мөөнөтү катары эсептелет. Ошентип берилген жаза мөөнөтүнүн жарымынан көбүн алар өтөп коюшту. Ошондуктан сот муну эске алуу менен мунапыс колдонуп, мөөнөтүнөн мурун шарттуу бошотуу боюнча өкүм чыгарды.

Апрель соту, 2010-жыл
Апрель соту, 2010-жыл

Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Рахат Сулайманов Жаза аткаруу кызматынан тиешелүү документтер келери менен соттолуучуларды бошотуу боюнча соттун чечими аткарыла турганын билдирген.

Анткен менен Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Эленора Сабатарова соттолуучулардын өтөгөн жаза мөөнөтү эсептелип берилгенин белгиледи:

- Бизге УКМКдан алардын өтөгөн жаза мөөнөтүнүн күндөрүн эсептеп бергиле деген өтүнүч кат келиптир. Бул боюнча бизде атайын бөлүм бар. Кат мына ошол жакка гана келген. Төрагалардын деңгээлинде деле кат алышуу болгон эмес. Суроо-талап боюнча эсептелген алардын жаза мөөнөттөрү качан бүткөнүн жана мунапысты колдонулган жагдайлары боюнча бизде азырынча такталган маалымат жок.

“Мекен шейиттери” сот өкүмүнө каршы

Бирок Жаза аткаруу кызматынан тиешелүү документтер толтурулганы менен, сот өкүмүн жана мыйзам талабы ушул күнгө чейин аткарыла элек. Бул жерде – тергөө абагында соттолуучуларды берилген мөөнөтүнөн ашыкча кармоого мыйзам жол бербейт. Бирок адистердин айтымында, экинчи инстанциядагы Республикалык аскер сотунун өкүмүнө карата Жогорку Сотко даттануу болсо, соттолуучулар эркиндикке чыкпай калышы мүмкүн.

“Мекен шейиттери” уюмунун өкүлү Арстан Сагындыков уюм соттун өкүмүнө нааразы деген билдирүү таратты:

- Биринчи соттук инстанциянын чечими кандай болсо, азыр деле ошондой эле, керек болсо андан дагы жеңил эле жаза чаралары колдонулуп калды. Биз буга абдан нааразыбыз. Адамдар окко учту. Ок атылды. Аскер кызматчылары ок чыгарган. Бирок сотто мына ошол ок аткандар аныкталбай калганы кандай? Анда ал адамдарды ким атты? Ушул суроого жооп ала алган жокпуз. Мына ошол штабда отуруп алып, ок атууга тымызын буйрук берүүнү колдоп отургандарга эмнеге мунапыс колдонулганын түшүнгөн жокпуз. Бакиевдерди кармап келүүгө аракет дагы болбогону бизди катуу капа кылды.

“Мекен шейиттери” коомдук уюмунун дагы бир өкүлү Нурия Айдабосунова жогорку кызмат орундарын ээлеген айрым аткаминерлерге он жыл жаза мөөнөтү чегерилип, калгандары болсо 20-25 жылга кесилгенин акыйкатсыздык катары баалады. Анын айтымында, жаза чарасы бардыгына бирдей болууга тийиш болчу:

- Жороев, Сатыбалдиев, Турсункулов он жылдан жаза мөөнөтүн алышты. Бирок биз ошол командалык курамда болуп, штабды ошол кезде жетектеп тургандарга карата Дунганов менен Суталиновго окшоп эмнеге 20-25 жыл жаза мөөнөтү чегерилген жок деген маселени көтөрүп, өкүмдүн кайра каралуусун талап кылабыз. Окко учкан балдардын арты менен азыркы бийлик кызматка келген. Бийлик ошол жоопкерчиликти сезиши керек эле.

Жакында Республикалык аскер соту 7-апрель окуясы боюнча айыпталгандарга карата өкүм чыгарган болчу. Анда мурдагы президент Курманбек Бакиевди, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиевди, өкмөт башчысы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.

Атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталинов 20, мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басарлары – Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунганов 25 жылга кесилди. Мурдагы аткаминерлер Нурлан Турсункулов, Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев он жылга эркинен ажыратылган. Ушул эле жаза мөөнөтү менен Оксана Малеванаяга сыртынан өкүм чыккан.

XS
SM
MD
LG