Апрелчилер Жогорку Сотко нааразы
Апрель окуясында жабыркагандар бүгүн Жогорку Соттун алдында чыгып, 2010-жылдагы кандуу окуялар боюнча соттолгон төрт адамдын мунапыс менен боштондукка чыгышына каршы акция өткөрүштү. Жалпысынан 50дөй адам чогулуп, айрымдары тосмого чыгып кеткени болбосо акция тынч аяктады. Чогулгандардын алдына Жогорку Сот өкүлдөрү чыгып, бардык маселе мыйзам чегинде чечилип жатканын, кийинки соттук отурум 20-июлда болорун айтышты. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында ошол кездеги бийликке каршы чыккан 90дой адам окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 15, 2026Суваналиев менен Жапыкеев тил сынактан кулады
-
Октябрь 15, 2026Киев Starlink системасы ишин чектегенин сындады
-
Октябрь 14, 2026Хусилер Сауд Арабияга соккусун улантты, аймакта кырдаал чыңалды
-
Октябрь 14, 2026Украинадагы согушка тартылган мигранттар кантип кайтарылат?
-
Октябрь 14, 2026Масалиев: Президенттик шайлоого катышууну четке какпайм