Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 15:12

Кыргызстандыктар үчүн 24-март, 7-апрель кандай майрамдар? Алардын коомдук-саясий баа-баркында айырма барбы же бийлик башындагылардын каалоосу менен эле белгилеп жатабызбы?

Дегеле бул майрамдар улутту бириктирүүчү, мамлекетти чыңдоочу күчкө ээ боло алдыбы? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде бүгүнкү «Арай көз, чарай” берүүбүздө кеп кылабыз. Талкууга “Мурас” коомдук фондунун жетекчиси, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбеков жана “Бириккен элдик кошуун” уюмунун жетекчиси Алга Кылычов катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, сиздердин оюңуздарда Кыргызстандын соңку тарыхында 2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде эмне окуялар болгон? Төңкөрүшпү же революциябы?

Жусупжан Жээнбеков.
Жусупжан Жээнбеков.

Жусупжан Жээнбеков: Менин көз карашымда 2005-жылдын 24-мартында анык революция болгон. Себеби, ага эл жапа тырмак көтөрүлүп, жалпы катышты. Жака-белден, сырттан акча чогултпай, бардык чыгымды эл өзү көтөрүп, ошол учурдагы бийликке каршы чыккан. 24-марттын башка окуялардан айырмасы - тынч өткөндүгүндө, талап-тоноо, рейдерлик, улут аралык жанжал, башка башаламандык болбогонунда. Мен ошол окуяга катышкан адам катары элимдин ошол учурдагы акылдуулугуна, токтоолугуна ыраазымын.

Алга Кылычов: Эми ар ким өз оюн, көз карашын билдирүүгө укуктуу. Менин жеке пикиримде 7-апрелдеги окуя - 24-марттагы окуянын уландысы. 2002-жылы Аксы окуясынан уланган күрөштөрдүн бир жыйынтыгы – биз Акаев деген атты Бакиевге алмаштырганыбыз менен элдин үмүтү акталбай, уурдалган. Ошол элдин кайнап жаткан көйгөйү, келечек максаты 7-апрелде ишке ашты. Тилекке каршы, ал көп адамдын өмүрүн алды, дагы канчалаганы жарадар болду. Качкын президент Бакиев бир кезде “мен бийлигимди автомат менен коргойм” дегенин 7-апрелде аткарган. Ошондой канкор бийликке эл каршы турду, мен 24-мартты, 7-апрелди - экөөнү тең революция болду деп эсептейм.

“Азаттык”: Кыяс мырза, эки датанын эмне окшоштугу же айырмачылыгы бар? Кыргызстандын коомдук турмушунда аталган эки датанын орду кандай?

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

Кыяс Молдокасымов: 24-март, 7-апрель да кыргыз элинин эзелтеден эркиндикти сүйгөн эл экенин көргөзгөн күндөр. Алар эл эч качан бийликтин алдында чөгөлөбөй, адилетсиздик болсо түп көтөрүлө тургандыгын далилдеди. Аксы окуясын, 24-мартты, 7-апрелдеги окуяларды жалпы бүтүндүктө карашыбыз керек, бири-бирине карама-каршы коюштун эч кажети жок. Себеби, бардык окуяларга тең жалпы эл катышканы менен маанилүү. 24-мартты, 7-апрелди биз, тарыхчылар, элдик революция деп эсептейбиз. Эки окуяны тең кыргыз элинин зор жеңиши катары карашыбыз керек. Жети баштуу ажыдаарга айланган бийликти эл бат эле өз ордуна коюп коерун ушул эки окуя көргөздү.

“Азаттык”: 2006-жылдан 2011-жылга чейин 24-март Кыргызстандын аймагында майрам күн катары эсептелээри мыйзам түрүндө чечилди эле. Эмне үчүн кийин ал жоюлуп кетти деп ойлойсуз?

Жусупжан Жээнбеков: Айтылып жаткан мыйзамдын автору мен элем, "24-март - майрам күн" деп төртүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңештен мыйзам катары өткөргөнбүз. Кийин "7-апрелди майрам күн кылабыз" дегенде мен айткам, "анда көп адамдын өмүрү кыйылды, ошондуктан аны эскерүү күнү кылалы" деп чыктым. Ал күнү өтүп кеткендерди эскерип, куран окутуп турушубуз керек эле. Биз ал күнү майрамдап, сайрандап жатпайбызбы. Орус тарыхында 1905-жылы кыргын болгон, аны алар эскерүү күнү деп эсептешет. 7-апрелден 24-марттын айырмасы - акаевдин режимине бийликтегилер да каршы чыгышкан. "Акаев бийликке бала-чакасы менен кийлигишип кетти" деп катуу кине коюлду, кийин Бакиев келгенде сабак болбоду да. Ал өзүнөн көрсүн, ага да кудай көргөзүп жатат.

“Азаттык”: Тарыхты урматтоо, сыйлоо максатында улуу адамдарды, окуяларды түбөлүк калтыруу жакшы деңизчи. Бирок кечээ Бишкек шаардык кеңеши Шабдан баатыр көчөсүнүн жарымын 7-апрель көчөсү деп атоо жөнүндө чечим чыгарды. Бул Шабдан баатырдын тарыхый ордун кичирейтип жаткан жокбу деген ойлор да бар...

Алга Кылычов.
Алга Кылычов.

Алга Кылычов: Ар ким өзүнүн деңгээлине, билимине жараша талкуу кыла берет, “эл оозунда элек жок” дейт. Азыр ошол көчөнүн жарымынан көбү Шабдан атабыздын атында эле турат. 7-апрелдеги элдин толкундоосу ошол көчөдөн, “Форум” ишканасынан башталып, канчалаган эр-азаматтарыбыздын каны төгүлдү. Эми мындан ары ошол көчөдө кан төгүлбөй тынчтык болсо, бийлик адилеттүү болсо деген ниет болду. 7-апрелдеги биздин жигиттердин эрдигин тарыхтан чийип салгысы келген күчтөр болуп жатат. Алардын көбү Акаев, Бакиевдин акырынан жем жегендер. Бирок кыргыз эли 7-апрелди эч качан унутпайт. Биздин тилегенибиз - 7-апрелдеги кандуу окуя тарыхта калсын деп жатабыз. 7-апрель көчөсүндө өтүп бараткан чиновниктер эсине келсе деп жатабыз.

“Азаттык”: Кыяс мырза, 7-апрель көчөсүн Шабдан баатырдан талашпай, Бишкек шаарындагы Горький, Гоголь, Тольстой, Лермонтов көчөлөрү менен алмаштырса болбойт беле?

Кыяс Молдокасымов: Кыргыз тарыхында Шабдан баатырдын, 7-апрелдин да өз орду бар. Кыргыз тарыхчылары Бишкектин көчөлөрүн бөлүп-бөлүп, майдалап ат коюууга каршы болуп келатат. Татыктуу көчө беребиз десе Московская, Киевская деген башка көчөлөр турат. 7-апрелди барктайлы десек толук эле көчөнү койсо болмок. 7-апрелди көчө эле эмес, парк, аллея жасап атасак болот. Коомчулукта Шабдан баатыр менен 7-апрелди карама-каршы койгон жагдайлар жаралууда...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерде угуңуз)

Ыңкылаптар: мааниси жана шааниси
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:55 0:00
Түз линк

24-март: өлкөнү өзгөрткөн түн
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:10 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG