Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:22

Ыңкылап тарыхынын киришүү бөлүгү гана жазылууда


Бишкек элдик толкундоо маалында. 7-апрель, 2010-ж.

Кыргызстанда 2010-жылы 7-апрелде орун алган окуялар бакиевдик режимдин кулашы менен бүткөнү анык. Деги, бул ыңкылаптын калыс тарыхы жазылып бүттүбү?

Дароо айтуу керек. Кылым башындагы экинчи элдик ыңкылаптын калыс тарыхы жазылып бүткөрүлө элек.

Мурдагы бурулуш окуялардын тарыхынан айырмаланып, бул окуянын тарыхын жазууга бардык катышуучулар, анын ичинде бийликке келгендер да, бийликтен шыпырылгандар да, бул окуяны чагылдыргандар да, ыңкылап окуяларына карапайым катышуучу катары аралашкандар да, үйүндө диванда жатып алып баалап жаткандар да, бардыгы тең өз салымдарын кошо алат.

Бул окуянын тарыхы –– дал ушул жагынан азырынча көзгө басар тарых.

Мурда калайык тарыхчы, саясат таануучу, философ жана башкалардын ой-пикирин күтчү. Азыр болсо интернеттеги коомдук тармактар аркылуу ар ким өз оюн ачык айта алат. Ал эми ачык пикир айтууга көнө электер жасалма ысым (“фейк”) таап алып катталып, өзүнүн ич күптүсүн коркпостон билдире алат.

Азыр –– ушундай коом.

“Азаттык” үналгысы жана башка медиа түрлөрү 7-апрелдеги окуяларга жана жалпы эле 2005- жана 2010-жылдардагы элдик ыңкылаптарга карата пикирлердин мозаикасын тартуулап келишет.

Мисалы, “Азаттык” үналгысы бозгундагы мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин маектерин обого чыгарган.

Эми болсо 2010-жылдын 6-апрелинде президент К.Бакиевдин оң колу болгон күчтөрдүн бири катары Талас шаарына барып, көтөрүлүшкө чыккандардан таяк жеген мурдагы биринчи вице-премьер Акылбек Жапаровдун маеги да көңүл бурууга арзыйт.

2010-жылы 7-апрелде таңга маал Маскөөдөн “Манас” аба майданына коноор замат камакка алынып, бирок ошол күнү түштөн кийин ыңкылап лидерлеринин бири катары алдыга суурулуп чыккан Темир Сариевдин да маеги сунушталган.

Бул –– эки башка тараптын пикирлери камтылган маектер. Аларды уккан соң, угармандар жана интернет окурмандары өз алдынча тыянак чыгара алышат.

Роза Отунбаева: Кылымга тете бир жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:27 0:00
Түз линк

Бишкек шаарынын ошол кездеги коменданты, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков 6-7-апрелде өзү күбө болгон окуяларды, талап-тоноочулуктун, бийлик талаштын айрым өңүттөрүн “Азаттыкка” 2019-жылы айтып берген эле.

Айрым саясатчылар бул ыңкылапты мен гана уюштургам дегендей мактаныч сөзүн айтып келгени да белгилүү. Мындай бир беткей бааны сынга алып, “Фейсбук” сыяктуу коомдук тармактарда өз алдынча пост жазып, көптөгөн үзөңгүлөштөрүн атап, калыс эскерүүлөрүн сунуштагандардын бири –– саясатчы Эмилбек Каптагаев болду.

Албетте, калайыкта бул ар кыл пикирлерге ар башка мамиле жасалып жаткандыгы түшүнүктүү.

Эгерде бардыгыбыз тиешелүү тарыхый окуяга карата “бип-бирдей” ой жүгүртсөк, анда Ала-Тообузда Түндүк Корея менен Түркмөнстандын тоталитардык коомун куруп салган болбойт белек.

Ал эми болочокто ушул окуяларды калыс жалпылап чыгам деген тарыхчы жана башка илимпоз адистер текст, үн, сүрөт, видео түрүндөгү миллиондогон мааалыматтарды эсепкердин (компүтердин) көмөгү менен ырааттуу иргеши керек болот.

Ошондо да андай тарыхчынын же башка илимпоздун тыянагын колдоо, четке кагуу, күмөндөнүп кароо сыяктуу мамилелер күтүп тураары шексиз.

Учурда болсо илимпоздор замандаштарынан бир гана нерсени күтөт: алар 7-апрелдеги элдик ыңкылап жаатында канчалык кеңири маалымат (анын ичинде мултимедиалык маалымат) жана жеке баалары, эскерүүлөрү менен бөлүшүп койсо, болочокку изилдөөчүлөр үчүн ошончолук жеңил болот.

Албетте, бул окуяларга байланыштуу коопсуздук кызматтарындагы жана башка мекемелердеги жашыруун архивдик корлордун материалдары да өзгөчө баалуу. Бул архивдик корлор изилдөөчүлөргө ээн-эркин ачылабы же жокпу –– бул маселе изилдөө учурундагы өкмөттүк бийликтин чыныгы элдик экендигине же элден маалымат жашырууга тырышкан режим болуп кала бергендигине байланыштуу. Эгерде бул расмий архив маалыматтары жашыруун бойдон кала берсе, анда чыныгы тарыхты жазуу болочокку муундардын шыбагасына калгандай кечеңдей бериши ажеп эмес.

Демек, калыс тарыхты жазуу үчүн кыймылга өкмөт менен атуулдук коомдун да колдоосу аба менен суудай керек.

Албетте, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өзү жана жөкөрлөрү (анын ичинде Даниил Урицкий ысымына көчкөн Данияр Үсөнов, ж.б.) айтчу сөздөр да алардын актанышы жана алардын турумдарын тактоо үчүн маанилүү.

Алардын 2010-жылдагы оппозициясы болсо ар кошкон саясий күчтөрдөн тургандыгы белгилүү.

Саясатчылар Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Эмилбек Каптагаев, Алиясбек Алымкулов, Токтайым Үмөталиева, ж.б. да өз маалыматтары менен бөлүшө башташты. Бирок бул маалыматтар да жетишсиз. Айрымдар үн ката элек.

Ыңкылаптын каармандарынын бири Алиясбек Алымкулов "Азаттыкта" маек маалында. 21.5.2010.
Ыңкылаптын каармандарынын бири Алиясбек Алымкулов "Азаттыкта" маек маалында. 21.5.2010.

Маселен, Темир Сариев Маскөөдө 7-апрелдин ирегесинде кимдер менен жолукканын алигиче жашыруун сыр деп санайт. Орусиянын ФСБсыбы? Навальный сыяктуу оппозициясыбы? Жириновскийби? Канчалык бул маалымат элден катылса, демократ көз караштагы бул саясатчыга карата ошончолук шектенүү жарала берээри шексиз.

Ыңкылаптан кийинки окуялар чынжыры да терең иликтениши керек.

Мисалы, анын ичинде талап-тоноочулукка айрым саясатчылардын аралашуусу, Убактылуу өкмөттүн оппозициясынын ыңкылапка каршы Түштүк Кыргызстандагы калайыкты көтөрүү боюнча майнапсыз аракеттери, ошол кездеги Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин “Кыргызстандын түндүк-түштүк болуп экиге жиктелип кетүү коркунучу чынында да бар” деген сырдуу тынчсыздануусу ("...риск распада страны на две части: на север и юг – реально существует..."), ЖККУнун бир таасирдүү өкүлүнүн кыргыз саясатчыларын жиктөөгө далаалат жасашы (азыр бозгунда жүргөн Мелис Мырзакматовдун бул жааттагы маалыматы кызыктуу), түштүктөгү козголоң идеясы ишке ашпай калган соң, этностор аралык кагылышууну уюштуруу, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун Кыргызстандагы Убактылуу өкмөттү колдоосу, өлкөдөгү чукул конституциялык референдум, ж.у.с.

Ушул окуяларды чогуусу менен иликтөө аркылуу гана 2010-жылы 7-апрелде болуп өткөн окуянын элдик ыңкылап болгонун же бийлик тизгинин тартып алуу үчүн гана төңкөрүш болгонун аныктоого болот.

Менин жеке баамымда, бул окуялар –– чыныгы элдик ыңкылап болгон.

Парламенттик демократияны орнотуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды. Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз

Арийне, ыңкылаптын мөмөсүнүн бир кыйла бөлүгүн бара-бара авторитардык бийликти самагандар жана алардын жөкөрлөрү кемирип-кертип уурдап алышты.

Эгерде алдыдагы конституциялык референдум аркылуу Башмыйзамга авторитардык президенттик башкарууну кайрадан киргизүү далаалаты ишке ашчу болсо, ошондо гана бул мөмө биротоло уурдалды деп тыянак кыла алышыбыз ыктымал.

Бирок дагы эле үмүт бар...

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы элдик ыңкылаптын 10 жылдыгына арналган өзүнүн 2020-жылдын 6-апрелиндеги кайрылуусунда:

Биз бул окуялардан терең сабак алып, элдин эркине каршы келген чечимдерге эч качан жол бербейбиз...

Апрель революциясы мамлекетибиздин башкаруу системасын өзгөртүүгө түрткү болду.

Парламенттик демократияны орнотуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды.

Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз”, –– деп таасын билдирди.

Бул билдирүүнү канааттануу менен кабыл алганымды жашырбайм.

Эми Жогорку Кеңештин болочоктогу курамын жана болочокку президентти да ушул парламенттик демократия багытын андан ары уланта турган ниети бар саясатчылардын ичинен шайлап алуубуз зарыл.

Демек, азыркы атуулдук коомдун бардык мүчөлөрүнө тарыхты жазуу жана тарых жаратуу жаатында жигердүү салым кошууну улантуу милдеттери таандык.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG