Даниил Урицкийге айланган Данияр Үсөнов
Беларустар Даниил Урицкий, кыргыздар Данияр Үсөнов деп тааныган адам 2016-жылы беларус жарандыгын алганы белгилүү болду. Беларустун Башкы прокуратурасы 2010-жылы өлкөдөн качкан мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызстандын өтүнүчүн аткаруудан эки ирет баш тарткан. Беларус медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземи учурунда тартылган. Маалыматтарда Данияр Үсөнов - Даниил Урицкий ушул мекеменин башчысы.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 13, 2026Азербайжанда хижаб талашы кайра күчөдү
-
Октябрь 12, 2026"Яндекстеги" кризис, жергиликтүү таксиге талап
-
Октябрь 12, 2026АКШ - Орусия: Зеленский катышпаган "энергетикалык сүйлөшүү"
-
Октябрь 11, 2026Жаш-кары үйрөнгөн жасалма интеллект
-
Октябрь 11, 2026“Мугалим тартыш, класста 35 окуучу". Франциядагы кризис
-
Октябрь 09, 2026ЕККУ: Журналисттердин сот иши ачык-айкын каралышы керек