Аскарбековдун иши, Талиеванын мандаты
Атайын кызматтын тергөө абагында жаткан саясатчы Мавлян Аскарбековдун соту болбой калды. Анын жубайы жолдошу менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтты. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мандатын тапшырганы тууралуу маалыматты четке какты. Бул окуя боюнча парламент аппаратынын бир кызматкери жумуштан алынганы белгилүү болду. Эстония 1-декабрдан тарта Орусия менен чек ара пункттарын кеминде алты айга жапканы жатат. Коопсуздук чарасы деп түшүндүрүлгөн чечим жарыяланары менен Москва менен Таллиндин ортосундагы кайым айтыш күчөдү.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 24, 2026Коррупцияга каршы күрөштө кандай ката кетти?
-
Ноябрь 23, 2026Сот башталды: “Эдунун” иши эмне менен бүтөт?
-
Ноябрь 20, 2026Акыйкатчы “Сахарового” барды
-
Ноябрь 19, 2026Дүйнөнүн тагдыры үч лидердин колундабы?
-
Ноябрь 18, 2026Талиеванын Ош мэрине таарынычы барбы?
Шерине